Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:21

ТИМ Ооганстандагы кыргыздар тууралуу маалыматты тактап жатат


Ооганстандагы кыргыздар.
Ооганстандагы кыргыздар.

Кыргызстандын Ооганстандагы элчилиги Памир аймагындагы кыргыздар арасында тумоо күчөп, өлүм катталган учурлар тууралуу маалыматты тактап жатат.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүү таратты.

"Чоң Памирде телефон байланышы жок болгондуктан этникалык кыргыздардын абалын тактоо үчүн элчиликтин ишенимдүү өкүлү аймакка жиберилди. Ал эми Кичи Памирде эпидемиологиялык абал туруктуу, жугуштуу вирустук оорулар аныкталган эмес", - деп жазылган маалыматта.

Тышкы иштер министрлиги менен Кабулдагы Кыргызстандын элчилиги абалды көзөмөлгө алып, этникалык кыргыздардын өкүлү менен байланышып жатканы кабарланган.

Буга чейин Ооганстандагы эки миңге чукул кыргыз байырлаган Памир өрөөнүндө сасык тумоонун оор түрү күч алып, жарым айда 20дан ашуун киши каза болгонун "Азаттыкка" бул аймактан Кыргызстанга келип отурукташып калган Абдулвакил Турдакун уулу айтып берген.

Памирде тумоодон көз жумгандар тууралуу маалыматты башка көз карандысыз булактар аркылуу ырастоо мүмкүн боло элек.

Чоң жана Кичи Памирдеги ооган кыргыздарынын жалпы саны 2 миңге чамалуу экени маалымдалып келет.

Былтыр июль айында кыргыз өкмөтү 2022-24-жылдар аралыгында бюджеттен каралган 244,5 млн. сомго Ооганстандын Кичи жана Чоң Памиринде жашаган 1,5 миңдей этникалык кыргыз (400 үй-бүлө) көчүрүлүп келери маалым болгон.

Ага чейин 2019-жылы 50 кишиден турган 11 памирлик үй-бүлө көчүрүлүп келип, Алай районунун Сары-Могол айылына алар үчүн турак жай курулган.

2017-жылы Нарынга алып келинген элүүдөй кыргыздын айрымдары Ооганстанга кайра кайткан. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG