Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:56

Masdar Кыргызстанда кайра калыбына келчү энергия долбоорлорун колдойт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) Masdar компаниясы Кыргызстанда кайра калыбына келчү энергия булактарын өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду колдойт.

Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

2022-жылы декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бириккен Араб Эмирликтерине барып, бир катар сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн.

Энергетика министрлиги менен Masdar компаниясы кайра калыбына келчү булактардан бир гигаватт (гВт)энергия өндүрүп чыгуу боюнча келишимге кол койгон.

Абу-Дабидеги кайра калыбына келчү энергия булактарын өндүргөн бул компаниянын Кыргызстандагы биринчи долбоору кубаттуулугу 200 мегаваттык (МВт) күн электр станциясын куруу болууда. Ал 2026-жылы колдонууга берилери пландалганын компаниянын басма сөз кызматы маалымдаган.

Президент Садыр Жапаров 2021-жылы Глазгодо өткөн БУУнун климаттык саммитинде Кыргызстандын 2030-жылга чейин абага чыккан зыяндуу газдардын көлөмүн азайтуу максаты барын билдирген.

Быйыл, 7-январда президент Садыр Жапаров Кыргызстанга карыз берген эл аралык каржы институттарына кайрылып, тышкы карызды төлөө ордуна "жашыл" долбоорлорду ишке ашыруу сунуштаган. Мамлекет башчы 4,2 млрд. долларга жеткен карыздын бир бөлүгүн Кыргызстан ГЭС курууга жумшаса болорун белгилеген. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG