Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:22

"Балдарымды таштаганга аргасызмын". Өксүгөн балалык


Баткен, Кыргызстан. Лейлек районунда жашаган бул кичине кыздын ата-энеси миграцияда иштөөгө аргасыз. Сүрөт 2019-жылы тартылган жана макалага тиешеси жок.

Кара-Балтадагы жети жашар кыздын өлүмү мигранттардын балдарынын көйгөйүн кайрадан күн тартибине чыгарды. Расмий маалыматка ылайык Кыргызстанда 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөө чет жакта эмгек миграциясында.

Алардын ичинен 5,5 миңдей бала эч кандай туугандык байланышы жок адамдардын колунда жашайт. Өкмөт мигранттардын балдары менен иштөө жолго коюлганын айтканы менен, зомбулукка кабылган, суицидге барган же оорудан каза болгон балдардын басымдуу бөлүгү мигранттардын балдары бойдон калууда.

"Балдарымды эжеме таштайм"

Араван районунун тургуну Элиза Британияга жумушка баруу үчүн Ош шаарында таң азандан кезекке туруп, анкета толтурду. Жумушчуларды тандоо, алар менен офлайн аңгемелешүүнү Британиянын Pro-Force компаниясы 20-январда Ош шаарында уюштурду.

Элизанын үч баласы бар. Буга чейин улуу баласын 1,5 жашка толо элек кезде кайын энесине калтырып, күйөөсү менен чогуу Москвада алты жыл иштеп келишкен.

"Баламды калтырып кеткен биринчи жылдары аябай сагынып, ыйлап жүрдүм. Күлкүсү, ыйлаганы кулагыма угулуп, там-туң басканы көз алдыма элестегенде бир ордумда тура албай кыйналып кетчү элем. Эки жылдай - келбей иштедик. Анан келгенимде уулум менден окчундап, кадимкидей чочуркап өзүнө жолотпой, бизге жолобой койгондо жүрөгүм бир тилинген. Бирок кийинки жылдары акча деп жүрүп, баламдан алыстап баратканымды байкап, бул жакта өткөн тирилик айылда да өтөт деп миграцияны жыйыштырып келе бергем. Көп өтпөй күйөөм да келди, 1-класска барып калган уулум бизден кыйла алыстап калыптыр, чоң энеси менен болуп, биз менен чогуу жашагысы келбеди. Андан кийин дагы эки балалуу болдук. Учурда үч балам бар".

Иллюстрация
Иллюстрация

Элиза Англияга жумушка өтүп калса кичинекей эки баласын бир тууган эжесине калтырууну көздөп жатат.

"3-класста окуган уулум чоң энесине көнүп калган, кала берет. Анын үстүнө кайын энем мурда алдуу-күчтүү эле, азыр кыйла күчтөн тайыды. Мурунку убакта кайним да үйлөнө элек, биз менен чогуу Москвада миграцияда эле. Азыр кайын энем анын балдарын да каралашат. Ошондуктан, Англияга ишке өтүп калсам, кичинелеримди - үч жаштагы кызым менен бир жаштагы уулумду Бишкектеги эжеме калтырып кетем го. Башка аргабыз жок, балдар чоңоюп келатышат. Үй-жайды кеңейтип, оңдошубуз керек. Айылда тапкан акчаң күнүмдүк тамак-аштан ашпайт".

Өткөн кылымдын 90-жылдарынан тартып, жашоосун жакшыртуу максатында сыртка агылган мигранттардын аягы азыркы күнү да тыйыла элек. Кыргызстандык жарандар мурда негизинен Орусияда, Казакстанда, Түркияда же Түштүк Кореяда миграцияда жүрүшкөн болсо, акыркы жылдары Европа өлкөлөрүнө, Британияга, Жапонияга жана айрым араб өлкөлөрүнө да иштегени кеткендердин саны өсүүдө.

Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги былтыр Кувейтке тейлөө тармагында жана Венгрия менен завод-фабрикаларда иштөөгө кыргыз жарандарын жиберүү үчүн келишимдерди түзүү пландалып жатканын кабарлаган.

Британия өткөн жылы Кыргызстанга миң жумуш ордуна квота бөлгөн. Түзүлгөн келишимдин негизинде май айында кыргызстандыктардын алгачкы тобу сезондук айыл чарба жумуштарына жөнөтүлгөн.

Былтыр Жапониянын KOBE International Trade Promotion Association ишканасы менен да келишимге кол койгон. Ага ылайык Жапонияга 300 кыргыз жараны жумушка жөнөтүлөрү кабарланган. Андан тышкары Түштүк Корея кыргызстандык жумушчулар үчүн 1 миң 800 квота бөлгөнү маалым болгон.

Расмий эмес маалыматтар боюнча ушул тапта АКШда, Европа өлкөлөрүндө, Түркияда, Түштүк Кореяда эмгек миграциясында жүргөн кыргызстандыктардын саны 50-60 миңге чукулдайт.

"Ата-энесин сагынган балдар ыйлашат"

Кадамжай районундагы мектептердин биринде соцпедагог болуп иштеген Гүлбара Гулматова Орусияда Украинадагы согушка мобилизация башталгандан кийин мекенине кайтып келген айрым эркектердин ордуна аялдары кетип жатышканын айтат :

Гүлбара Гулматова, соц педагог.
Гүлбара Гулматова, соц педагог.

"Мектептеги мигранттардын балдары ата-энесин аябай сагынышат. Ыйлашат. Чоң класста окуган балдар-кыздар деле ыйлап, сагынганын айтышат. Өзгөчө ата-энеси экөө тең же апасы миграцияда жүргөн балдарга кыйын. Аталары апасындай мээрим бере албайт экен да, кадимкидей жүдөп, түнт тартып, чүнчүп кетишет. Биздин мектепте 9-класста окуган бир бала апасын эки жылдай көрбөй аябай кыйналды. Апасы шарты болгон эмеспи, эки жылдай келбептир. Былтыр майда окуу бүтөрү менен жайкы каникулда апасынын жанында жүрүп келиптир. Күздө мектепке көздөрү жайнаган, топуктуу бала болуп келди да. Жайы менен апасынын жанында болуп, мээримине тоюп, телефон алып берген экен, бир чети ошого да аябай сүйүнүп, көңүлү ачылып калыптыр. "Эжеке, мен дагы сабакты жакшы окусам, апамдын жанына барып иштейм. Орусча жакшы билсең, айлыгы көп ишке оңой алат деди" деп, кубанычы менен бөлүшүп калат. Эми айла жок, балдарды багыш үчүн миграцияга кетип иштөөгө туура келет. Бирок ата-энесинин бирөө кетсе же балдарын өздөрү менен ала кетишсе дейм. Акыркы убактарда балдарын алып кетип, ошол жакта караган ата-энелер да көбөйүп жатат. Анткени алар деле бул жакта балдарынын кыйынчылыкта чоңоюп жатканын угуп атышат да".

Кейиштүү тагдырлар

Быйыл жыл жаңырбай жатып, ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөн жети жаштагы кыз Кара-Балтадагы ооруканада көз жумду. Дарыгерлер көчөт кыз өпкөсү кагынган абалда, арык жана көтөрүм болгонун билдиришти. Кыздын ата-энеси ал ара төрөлүп, чабал чоңойгонун айтканын маалымат каражаттары жазып чыгышты. Жергиликтүү бийликтин маалымдашынча кыздын ата-энеси экөө тең былтыр күзүндө Орусияга иштегени кетишкен. Кийин кызынын ооруп жатканын укканда Кыргызстанга келишкен. Кыз 18деги эжесинин кароосунда болгон.

Былтыр 4-сентябрда 14 жаштагы кыздын өлүмү коомчулукту селт эттирген эле. Кадамжай районунда колу артына байланып, жип менен муунтулган абалда сөөгү табылган өспүрүм кыздын да ата-энеси Орусияда миграцияда болушкан. Көп өтпөй кылмышка шектүү деп үч адам кармалып, камакка алынган. Жаза катары мектептеги соцпедагог кызматынан четтетилип, аймактагы социалдык кызматкерге эскертүү берилгени кабарланган.

Ата-энеси миграцияга кетип, туугандарынын, таене-чоң энесинин, таеже-таекесинин колунда калган балдардын көргөн күнү оор, алар ата-энесинин тарбиясын гана эмес, мээримин да албай, өксүк болуп чоңоюп жатышат. Бул алардын кийинки жашоосунда да терс таасирин тийгизиши ыктымал.

"Калктын аярлуу катмарын коргоо жана өнүктүрүү" фонду мигранттардын балдары менен иштеп, алардын кыйынчылыктарын жана муктаждыктарын иликтейт. Аталган фонддун жетекчиси Зейнеп Эшмуратова ата-эне балдарын расмий камкорчу катары табыштап кетүүсү керек деген пикирде.

Зейнеп Эшмуратова, балдар укугун коргоочу, активист
Зейнеп Эшмуратова, балдар укугун коргоочу, активист

"Мигранттар аргасыз жакындарына калтырып кеткен балдардын саны такталып, каттоого алынган. Бирок алардын жашоо-шартына көзөмөл солгун болуп жатат. Ата-энеси экөө тең кеткен учурда аларды камкорчу адамга расмий түрдө табыштап, калтырып кетүүгө тийиш. Бирок муну талап кылган тарап жок, балдар алыс-жакын туугандарынын колуна аманат эле калтырылып кетип жатат. Бир адам камкорчу болсо анын жоопкерчилигин да талап кылууга мүмкүн болот эле. Мунун жоктугу балдардын укуктары тебеленип, зордук-зомбулукка кабылуусуна алып келүүдө. Баланы алып калган адамдар анын материалдык муктаждыгын чечүү менен гана чектелип, көбүнчө мээрим, тарбия беришпейт. Алардын билимге, медицинага, социалдык-психологиялык муктаждыктары көбүнчө чечилбейт".

Анын айтуусунда, ата-эне мээриминин, тарбиясынын, психологиялык жардамдын жетишсиздигинен улам өз көйгөйү менен жалгыз калган бала өмүрүнө кол салууга аракеттенет. Мындай кейиштүү окуялар 2020-жылы пандемия учурунда көп катталган. Өспүрүмдөрдүн өлүмүн иликтеген учурда он беш чакты бала өмүрүн кыйса, дээрлик баары мигранттардын балдары болуп чыккан.

Зейнеп Эшмуратова мигранттардын балдары ата-энесинин мээриминен алыс өскөн балдар оюн ачык айтып, көйгөйүн ачык билдире албаганы чүнчүп, чөгүп кетүүсүнө алып келерин айтты:

"Бала өзү жашап жаткан үйдөгү улуу адамдарга өзүнүн көйгөйүн ачык айта албайт. Классташ-теңтуштарына өзүн теңей албай, кысынып, басынат. Көп нерсени каалап, көп нерсени алгысы келет, бирок аны айтып, сурай турган ата-энеси жанында болбогону да балдардын психикасына терс таасир этет".

  • Былтыр майда Кадамжай районунун Марказ айылынын 16 жаштагы тургуну жашаган үйүнүн короосунда асынып, каза болгон. Уландын энеси Орусияда миграцияда жүргөн.
  • Ошол эле жылы майдын аягында Ноокатта өз өмүрүнө кол салган 7-класстын окуучусунун, ага чейин Ош шаарында кабат үйдөн чогуу секирген көчөт кыздардын ата-энелери экөө же бири миграцияда болгон.

Ата-энеси туугандарынын, же тааныштарынын камкордугуна таштап кеткен мигранттардын балдары психикалык жана сексуалдык зомбулукка кабылып, ур-токмоктон каза таап калган учурлардын буга чейин бир нечеси ачыкка чыккан.

  • 2021-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда токмоктон каза болгон үч жаштагы баланын апасы аны тууганына калтырып, Орусияга ишке кеткени кабарланган. Бала ооруканага эстен танган абалда жеткирилип, эки-үч сааттан кийин чарчап калган. Текшерүүлөрдө наристенин баш сөөгү жабыркап, денесине кан уюп калганы аныкталган. Айрым маалыматтар боюнча бала апасынын кудачасынын же алыс тууганында калган.
  • Андан мурдараак Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда ур-токмоктон он бир айлык ымыркай көз жумган. Апасы баланы туугандарына таштап, Түркияда миграцияда жүргөн.
  • Жалал-Абад облусунун Сузак районунда атасы туугандарына таштап, Орусияга ишке кеткен үч жаштагы наристе ур-токмокко кабылып, жарыкчылык менен кош айтышкан.

57 миң балага бир социалдык кызматкер

Мигранттардын балдарынын кейиштүү тагдыры, алар туш болгон зордук-зомбулук окуяларынан улам кыргыз өкмөтү "Мигранттын баласы" деген аталышта атайын программа иштеп чыккан. Анын негизинде жергиликтүү социалдык кызмат көрсөтүү башкармалыктарында мигранттардын балдары каттоого алынып, жергиликтүү бийликке, айыл өкмөттөргө жана мектептердеги соцпедагогдорго алар менен тыгыз иштешүү милдети тапшырылган.

Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинин Балдарга жана үй-бүлөгө кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев "Азаттыкка" билдиргендей, соцкызматкерлер ар бир баланын артынан түшүп, көзөмөлдөөсүнө мүмкүнчүлүк жок:

"Биздин министрлик, аймактагы бөлүмдөр бардык үй-бүлөлөрдү жана бардык балдарды текшерүүгө ала албайбыз. Балдар кодекси боюнча турмуштук оор кырдаалда калган, каттоого алынган балдарды гана көзөмөлдөп, тиешелүү кызмат көрсөтөбүз. Башкы мыйзам жана Балдар кодекси боюнча ар бир ата-эне баласынын 18 жашка чейинки өмүрүнө милдеттүү жана жоопкерчиликтүү. Бала 18 жашка толгончо билим берип, багып, тарбия берүүгө ата-энеси милдеттүү. Мигранттын баласы катары каттоого алынган балдарга аймактардагы соцкызматкерлер тиешелүү көзөмөлдү жүргүзөт. Кызматкерлер үйлөрдү кыдырып жүрүп иштешет. Мамлекеттин бүгүнкү саясатын эске алуу менен 2026-жылга чейин балдарды коргоо боюнча программа иштелип чыккан. Анын негизинде биздин министрлик тиешелүү кызматтарды көрсөтүп келе жатат".

Кара-Балтадагы жети жашар кыздын өлүмү маалымат каражаттарында жана соцтармактарда жазылгандан кийин, өкмөт өлкөдөгү балдардын ар биринин жашоо-шартын текшерүүнү бир катар министрликтерге жана жергиликтүү бийликке тапшырды. Министрлер кабинетинин социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсалов "Твиттерге" жазганына караганда, ар бир баланын жашоо-шартын текшерип, аныктоо тууралуу чечим кабыл алынып, балдар менен иштөөчү социалдык кызматкерлер үчүн жаңы 550 кызмат орду түзүлүүдө. Бул чара качантан тартып ишке ашары тууралуу азырынча маалымат жок.


Бирок турмуш чындыгы бул чаралар да жетишсиз экенин көрсөтүүдө.

Эки жыл мурун мигранттардын төрт баласы мына ушундай каттоого алынгандан кийин үй-бүлөлүк зомбулуктан каза болсо, өз жанын кыйган өспүрүмдөрдүн да саны азайган жок.

Муну жогорудагы кейиштүү окуялар көрсөтүп турат. Мисалы, эл жыш жашаган жана миграцияга кеткендер көп деп айтылган Кара-Суу районунда 57 миң балага бир кызматкер бөлүнгөн.
Бул жаатта маселе оор бойдон калып жатканын мигранттардын балдары менен иштеген активист Зейнеп Эшмуратова да ырастады.

"Бир айыл өкмөттө 25 миң балага бир гана социалдык кызматкер бекитилген. Алар айыл өкмөт башчылары, мектептеги соцпедагогдор менен чогуу иштешет. Бирок бул жетишсиз. Көбүнчө социалдык кызматкерлер көйгөйдү жакшы түшүнө алышпайт. Талап негизинен мектептеги соцпедагогдорго коюлуп, алардан балдардын абалына көзөмөл талап кылынат. Бирок бул аздык кылат. Айыл башчылар бар, алар соцпедагогдор менен чогуу, айыл өкмөттөгү тийиштүү адистер, үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорундагы дарыгерлер, юристтер менен чогуу иш алып барышса жакшы жемишин бермек. Ар бир балага жеке кейс түзүлүп жатат, бирок бул көбүнчө кагазда калып кетип жатат. Балдардын ар бири менен иштөө жакшы жолго коюлбай, балдар кайра эле өзү менен өзү калып жатат. Бала сабагынан начарлап баратса, ага мугалимдер жардамга келип, сабагын жакшыртуусуна аракет кылышы керек, чүнчүп, обочолонуп баратканы байкалса, жекече сүйлөшүп, мектептеги коомдук иш-чараларга катыштыруу керек. Ооруп калса дарыгерлер карашсын. Ушундай комплекстүү аракеттер менен гана биз мигранттардын балдарын түрдүү зордук-зомбулуктан, суицидден, жаман жолдорго түшүп кетүүсүнөн сактап кала алабыз".

Соцкызматкер мигранттын балдары жашаган үйдө. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.
Соцкызматкер мигранттын балдары жашаган үйдө. Жалал-Абад облусу. Иллюстрациялык сүрөт.

Кара-Суу районундагы Кызыл-Кыштак айылындагы орто мектептин соцпедагогу Элмира Алматова мигранттардын мектепте окуган балдарын көзөмөлдөө менен бирге эле мектепке бара элек наристелердин абалынан да кабар алып турушарын айтты.

"Биз айыл өкмөттөгү жооптуу адамдар, мектептеги класс жетекчи мугалимдер менен чогуу жыл сайын кайсы үйдө мигранттын балдары бар экенин аныктап, алардын үй ээлерине кандайча туугандыгы бар экенинен өйдө териштирип, каттоого алабыз. Үйдөгү чогуу жашаган эркектерди өзүнчө тизмектеп, паспортторунун көчүрмөлөрүн алып, толук маалымат чогултабыз. Бул маалыматтар жыл сайын алмашат. Анткени айрым балдарды ата-энелери алып кетет, кээ бир үйлөргө тескерисинче, дагы жаңы мигрант балдар келишет. Мектепте окуган балдарды көзөмөлдөө оңой, алардын жүрүм-турумундагы, мүнөзүндөгү өзгөрүүлөрдү, сабакты калтырганын байкасак, жашап жаткан үйүнө дароо барып, териштиребиз. Мектепке бара элек кичинекей наристелердики кыйыныраак, бирок биз аларды да көзөмөлдөөгө аракет кылабыз".

Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, 2021-жылы Кыргызстанда ата-энеси ички жана тышкы эмгек миграциясында жүргөн 83 миң 197 бала каттоого алынса, анын ичинен 1,5 миңден ашуун бала жашоо-шарты оор, кооптуу жана аялуу абалда күн көрүп жатканы кабарланган.

Аталган министрликтин 2022-жылы берген маалыматында бул көрсөткүч дээрлик тең жарымына көбөйгөн.

Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен биргеликте өлкө боюнча 476 681 үйдү текшерип, ата-энеси миграцияда жүргөн жүз миңден ашуун бала аныкталганын билдирген. Анын сөзүнө караганда, 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү чет жакта эмгек миграциясында.

Кудайберген Базарбаев
Кудайберген Базарбаев

"Алардын ичинен 79 805 баланын ата-энеси чет мамлекеттерге чыгып кетишкен, калгандары Кыргызстандын ичинде экени аныкталды",- деди министр.

ЮНИСЕФтин маалыматында 2019-жылы Кыргызстанда 277 миң баланын атасы же энеси чет жакта иштеп жүргөнү, алардын ичинен 119 миң баланын ата-энесинин экөө тең эмгек миграциясына кеткени кабарланган. Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги пандемия учурунда мигранттардын көпчүлүгү Кыргызстанга кайтып келгендиктен мурдагы көрсөткүч азайганын айтууда.

Ишеним телефонуна 786 бала кайрылган

Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги уюштурган балдардын 111 кыска номурлуу ишеним телефонуна былтыр жыл ичинде 94 579 маалымат түшкөн.

Бул орто эсеп менен ишеним телефонуна күнүнө 200дөн ашуун кайрылуу болот дегенди түшүндүрөт.

Кайрылгандардын 25% балдар, 74% ашыгы чоңдор.

Чалгандардын көбү жөлөк пулга байланыштуу кайрылган, балдар менен ата-энелер ортосундагы мамиле боюнча кеңеш сурап кайрылган 302 адамдын 182си балдар болгон.

Жашы жете электерге карата зомбулукка байланыштуу 286 телефон чалуу болгон. Суицид коркунучу менен телефон чалган төрт кишинин үчөө балдар.

Балдарга багытталган 111 кыска номурлуу ишеним телефону Кыргызстанда 2015-жылы сентябрда бейөкмөт уюмдардын демилгеси менен ачылып, иштей баштаган.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG