Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:38

"Коопсуз өлкөдө жашагым келет". Зомбулукка каршы турууга үндөгөн акция


Нарын шаарындагы акция. 7-сентябрь, 2022-жыл.
Нарын шаарындагы акция. 7-сентябрь, 2022-жыл.

Нарында активисттер Кадамжайда киши колдуу болуп каза болгон өспүрүм кыздын окуясынан улам "Коопсуз өлкөдө жашагым келет!" деген ураан менен акцияга чыгышты. Алар коомчулукту балдарга карата зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошту.

Жарандык коом, укук коргоочулар кылмышка барган адамга катаал чара көрүлүшү керектигин, зомбулук, кылмыштуулуктун себептерин аныктап, маселенин тамырына көңүл буруу зарылдыгын айтып жатышат.

Нарындык активисттердин аракети

Баткендеги үрөй учурган окуяга байланыштуу митинг 7-сентябрда Нарын шаарында болду. Жарандык активист Элмира Ниязбекова баштаган топ, калаанын борбордук аянтында “Мен коопсуз өлкөдө жашагым келет!”, “Балдар - биздин келечегибиз, аял - үйдүн куту” деп жазылган плакаттарды көтөрүп алышкан. Шаар тургуну Анара Жамгырчиева соңку учурда байма-бай катталып жаткан зомбулук окуялары элдин тынчыздануусун жаратып жатканын белгиледи.

Анара Жамгырчиева
Анара Жамгырчиева

“Эми дагы канча бала өлүшү керек, дагы канча кыз зордукталышы керек? Чыдап отура берген болбойт. Бул жерде кылмышкерлерди таш бараңга алалы же атууга кетсин деген талап жок. Мыйзамды күчтөтсүн жана иштесин. Бийлик кескин кадамдарга барбаса биздин балдар, келечек түгөнүп баратат".

Активисттер көчөдөн өтүп бара жаткан тургундарга кайрылып, кыздарга катара зордук-зомбулукка каршы турууга үндөп, кол топтошту. Акциянын уюштуруучусу Элмира Ниязбекова буларды айтты.

Элмира Ниязбекова
Элмира Ниязбекова

“Бир сааттын ичинде 100гө жакын киши келип, бизге тилектештигин билдиришти. Бул өнөктүк дагы эки күнгө созулат. Жыйынтыгында резолюция кабыл алабыз. Аны жогорку бийлик бутактарынын башчыларына жолдойбуз. Биз ошону менен гана тим болбой, анын канчалык деңгээлде ишке ашып жатканын көзөмөлдөөгө жоопкерчилик алып жатабыз”, - деди Ниязбекова.

4-сентябрда Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылганын облустук милиция билдирген. Алдын ала маалыматтарга караганда, кыздын колу аркасына байланып, моюнунан жип менен муунтулган абалда табылган.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталган. Кылмышка шектүү катары 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган.

7-сентябрда Кадамжай райондук соту кылмышка шектелип кармалган үч жарандын бөгөт чарасын карап, эки айга (5-ноябрга чейин) камакта калтыруу чечимин кабыл алды.

Укук коргоочулардын билдирүүсү

Жарандык активисттер жана укук коргоочулар өспүрүм кыздарды коргоонун түрдүү жолдорун айтып, бийликти маселенин өзөгүнө көңүл бурууга чакырып жатышат.

“Кылым шамы” коомдук фондунун жетекчиси Гүлшайыр Абдирасулова зордук-зомбулук фактыларына ыкчам чара көрүү максатында аялдар үчүн “коопсуздук баскычын” ишке киргизүүнү сунуштады. Анын айтымында, ага "Откровение" аттуу коомдук уюмунун өкүлдөрү “коопсуздук баскычынын” жардамы менен зордук-зомбулукту алдын алууга боло турганын айтып кайрылышкан.

Гүлшайыр Абдирасулова
Гүлшайыр Абдирасулова

"Демилгени ишке ашырууга баштапкы каражат бар экенин, мобилдик компаниялар менен дагы сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн айтышты. Аны ишке киргизүү үчүн, Кыргызстан боюнча таратуу үчүн өкмөттөн колдоо керек экен. Атайын тиркеме аркылуу өспүрүмдөрдүн жүргөн жери көрүнүп турат. Ар бир милицияда планшет болбойт, ошондуктан мобилдик телефондор аркылуу караса болот экен. Ошондуктан техникалык колдоо, жок дегенде облустарга күчтүү сервер коюлушу керек. Жардам сураган учурда жооп бере турган колл-борборлор болушу зарыл. Бул демилгени улуттук деңгээле колдоо зарыл жана саясий эрк керек".

Абдирасулова бул демилгени ишке ашыруу үчүн президент баштаган мамлекет жетекчилерине кайрылды.

Буга чейин да Кыргызстанда 38 бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү президент Садыр Жапаровго аялдар менен балдардын коопсуздугу барган сайын оорлоп баратканын айтып, кайрылуу жолдошкон.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар Баткендеги окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөрго карата жазаны катуулатуу керектигин айтышты. Айрымдары Ички иштер министрлигинин (ИИМ) жетекчилигин парламенттин жыйынына чакырып, алардан Кадамжайдагы окуя боюнча маалымат алууну сунуш кылды.

Нуржигит Кадырбеков
Нуржигит Кадырбеков

"Эгер өлтүргөндөр кайра кылмыш кылып, түрмөгө түшкөндөр болсо, мен макул дейт элем. Жапжаш балдарыбыз. 20дан 30 жашка жете элек. Мына Кыргызстандын келечеги деген, аманатты улайт деген жигиттерибиз ошолор. Ушуну кантип ойлонбойбуз? Коом баарыбыз күнөөлүбүз. Ошол кыз кыйкырып кетсе керек, жөн эле кетпесе керек. Кош көңүл болбойлу", - деди парламент депутаты Нуржигит Кадырбеков.

Зомбулуктун курмандыгы болгон өспүрүм бир үй-бүлөнүн жалгыз кызы болчу. Сегиз айлык ымыркай кезинде Халмион айыл аймагындагы Таш-Дөбө айылында турган таята-таенесинин колунда калып, ошол айылда чоңойгон экен. Суук кабарды уккан ата-энеси ошол замат айылга кайтып келип, кан жутуп отурушат.

Кыргызстанда соңку кездери балдарга карата зомбулук фактылары байма-бай катталууда. Драматург Бурул Калчабаева бул көрүнуштөрдү улуттук трагедия деп эсептейт.

Бурул Калчабаева
Бурул Калчабаева

“90-жылдары система алмашкандан кийин балдардын чоңу да, кичинеси да кароосуз калды. Балдар тарбиясыз, билимсиз өстү. Ошонун кесепетинин эми тартып жатабыз. "Кой, уят" дегенди унуттук. Кандай жаштар өсүп келатканын аңдабай жатабыз. 8-9-класста окуп калган кыз жаңы жетилип, боюна карай баштаган учуру болот. Аны көргөн эркек сөзсүз басып жыгылып калышы керекпи? Зөөкүр балдардын чыгышы өтө чоң трагедия. Мындай окуялар соңку учурда байма-бай катталып жатышы алар бирин-серин эмес, көп экенинен кабар берет. Ошондуктан муну азыр алдын албасак болбойт”.

Көпчүлүктүн үшүн алган окуя тууралуу президент Садыр Жапаров да үн катып, көзөмөлүнө алганын билдирди. Окуя болгон учурда ошол аймакта эл менен жолугушуп жүргөн башкы прокурор Курманкул Зулушев да фактыны өз көзөмөлүнө алганын айтты.

Мусулмандар дин башкармалыгы Кыргызстандын бардык мечиттеринде адеп-ахлак жана зордук-зомбулукту алдын алуу маселесине арналган баяндар окуларын айтууда.

Балдар укук коргоочусу Назгүл Турдубекова айылдагы кадр өксүктүгүнүн жоймоюнча зомбулук токтобойт деген ойдо.

“Ар бир 3000 балага бирден соцкызматкер иштеши керек. Бул норма. Бирок бизде андай эмес. Айыл өкмөттөрдөгү соцкызматкерлер бир гана балдар менен эмес, кары-картаңдар, майыптар менен иштейт. Алар балдарга көңүл бура алышпайт. Ошондуктан зомбулук токтобой, уланып жатат”.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2021-жылы балдарга карата 3034 кылмыш иши катталган, анын 500гө жакыны сексуалдык зомбулукка байланыштуу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG