Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:15

Кадамжайда өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөр кармалды


Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Аялдар менен балдарга жасалган зомбулукка каршы акция. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

Баткен облусунун Кадамжай районунда киши колдуу болгон 14 жаштагы өспүрүм кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу Баткен облустук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлады. Маалыматка караганда, 4-сентябрда саат 15:25 чамасында райондун Ноогардан айылында жайгашкан бакчада белгисиз аял кишинин сөөгү жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барган.

"Окуя болгон жерди кароо учурунда колу артка жип менен байланган, мойнунан жип менен муунтулуп өлтүрүлгөн кыздын сөөгү табылган. Ал Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталып, өлүмүнүн себебин аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган", - деп жазылат маалыматта.

Факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Алардын биринин үйү тинтилип, далил катары “Хундай-Соната” үлгүсүндөгү автоунаасы алынган.

Учурда тергөө жүрүүдө.

Расмий маалыматка ылайык, былтыр зордуктоо фактысына байланыштуу 604 иш катталып, анын 325и кыскарган. Бир ай мурун дагы бир жашы жете элек 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чараларды көрүүнү талап кылган.

Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан 2021-жылы кооптуу өлкөлөрдүн катарына кирген. (КЕ/JsA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG