Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:28

Украина: ФСБнын базасы жана “референдум” үчүн бюллетендер жок кылынды


Украин аскерлери орус армиясынын позициясына сокку урууда. Украинанын чыгышы. Архивдик сүрөт.
Украин аскерлери орус армиясынын позициясына сокку урууда. Украинанын чыгышы. Архивдик сүрөт.

Запорожье облусунун оккупацияланган бөлүгүндөгү Каменка-Днепровск шаарында Украинанын чалгын кызматынын атайын күчтөрү Орусиянын аскерлери үчүн маанилүү болгон бир катар жайларды жок кылды.

Бул тууралуу Украинанын Коргоо министрлигинин чалгындоо башкы башкармалыгы билдирип, анын ичинде Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) базасы жана “референдумга” делген шайлоо бюллетендери бар экенин кабарлады.

Чабуул болгон бир нече жай өрттөнүп, Орусиянын күчтөрү аны өчүрө албай жатканы маалымдалды. “Референдумда” колдонула турган бюллетендер ал сакталып турган имараттын ичиндеги жардыруудан улам күйгөн.

Украина тарап Орусия соккудан жаракат алгандарды оккупацияланган Крым жарым аралына чыгарып жатканын, ал эми Каменка-Днепровскиде коменданттык саат киргизилгенин кошумчалады. Орусия бул тууралуу комментарий бере элек.

Август айынын аягында Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгы Украинанын убактылуу оккупацияланган аймактарында Орусия Украинага каршы согушка тарткан жеке компаниялардын беш миңге жакын согушкери бар экенин жарыялаган.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңге жакын аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматты көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG