Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:03

Украина Европага электр энергиясын экспорттоону көбөйтүшү мүмкүн


Денис Шмыгаль.
Денис Шмыгаль.

Украина Европа өлкөлөрүнө электр энергиясын экспорттоону көбөйтө алат. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль Брюсселде Европа комиссиясынын вице-президенти жана энергетика боюнча Европа комиссары Марош Шефчович менен жолугушууда билдирди.

“Украинадан Европа өлкөлөрүнө экспорттоло турган электр энергиясы Орусиядан импорттолгон газдын бир топ көлөмүн алмаштыра алат. Азыр 300 МВт электр жарыгын экспорт кылып жатабыз. Биз аны 2000 МВтка чейин көтөрө алабыз. Биз электр энергиясын берүүнүн көлөмү көбөйтүлөт деп ишенебиз жана аны Еврокомиссия колдосо ыраазы болобуз”, - деди украин өкмөтүнүн башчысы.

Денис Шмыгаль муну Орусиянын мамлекеттик “Газпром” компаниясы “Түндүк агым” кууру аркылуу газ берүүнү толугу менен белгисиз мөөнөткө токтоткон учурда айтты. Ишкана Европага көгүлтүр отунду жеткирген куурдун турбинасын тейлөөдөгү мүчүлүштүктөр аныкталганын кабарлаган.

Шмыгаль менен Шефчович жолугушууда Орусияга каршы санкцияларды күчөтүү жана Украинанын Евробиримдиктин энергетикалык рыногуна интеграция болушун талкуулашты.

Июль айында Украинанын президенти Владимир Зеленский Украина Евробиримдикке сатылуучу электр энергиянын көлөмүн көбөйтүүгө даярданып жатканын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG