Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Журналист Темиров сотто өзүнө карата кылмыш иши атайын уюштурулганын билдирди


Болот Темиров. 5-сентябрь, 2022-жыл. Бишкек
Болот Темиров. 5-сентябрь, 2022-жыл. Бишкек

Бишкектин Свердлов райондук соту иликтөөчү журналист Болот Темировдун ишин карап жатат. Жараянда Болот Темиров суралууда. Ал өзүнө карата кылмыш иши атайын уюштурулган, алдын ала даярдалган деп эсептейт.

"Менин артымдан аңдышкан, мени кармаган күнү саат 14:06да иш-чарадан чыккан учурда мага чалып, жумушта бар же жогумду сурашкан. Мен телефон аркылуу кеңседе боло турганымды айттым. Айпери Адылбек кызы аттуу жарандын арызы 14:13тө кылмыштарды каттоо журналына катталыптыр. Мунун бардыгы тартип коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынан уюштурулган деген ойго алып келүүдө. Алар менин жумушта боло турганыма көздөрү жеткенден кийин арызды каттап жатышат. Кийин мен кеңсеге келгенден кийин, 16:27де жазылган арыз боюнча кылмыш иши Кылмыштарды жана жоруктарды каттоо реестрине катталат. Көп өтпөй, 18:30га чейин Болот Назаровду кармашат, 19:27де Temirov LIVE каналынын кеңсесине кирип келишет".

Журналист муну кесиптик ишмердүүлүгү менен байланыштырып, өзү иштеткен Ютубдагы Temirov LIVE каналынын жамаатын жаманатты кылуу максатында жасалган деп эсептейт жана бул иштер былтыр сентябрь айынан бери уюштурулуп келаткан болушу ыктымал экенин билдирди.

30-августтагы соттук териштирүүдө журналисттин сотко ишенбестик көрсөтүү арызы канааттандырылган эмес.

Темиров жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду милиция быйыл 23-январда кармап, чет жакка чыкпоо тууралуу тилкаттын негизинде кайра бошоткон. Анын алдында журналисттин Ютубдагы Temirov LIVE каналына жемкорлук тууралуу иликтөө жарыяланып, анда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиевдин аты аталган.

Ташиев коррупция тууралуу дооматтарды четке каккан.

Темировго жана Назаровго карата иш Кылмыш-жаза кодексинин “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо” беренеси менен козголгон.

Темировго паспорт, аскер билетин мыйзамсыз алуу, чек арадан мыйзамсыз өтүү жана баңги зат боюнча төрт иш козголуп, алар баары бириктирилип каралууда.

Журналист мыйзам бузбаганын айтып, бул иштерди куугунтук деп мүнөздөп келет. Күч органдары анын айткандарын негизсиз деп эсептешет.

Төкмө акын Болот Назаров Ютуб каналына жемкорлукту ашкерелеген чыгармаларын жарыялап келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG