Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:07

Кабулдагы жардырууда Орусиянын элчилигинин эки кызматкери каза болду


Орусиянын Кабулдагы элчилиги.
Орусиянын Кабулдагы элчилиги.

5-сентябрда Ооганстандын борбору Кабулда Орусиянын элчилигинин алдындагы жардыруудан элчиликтин эки кызматкери мерт болду. Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги билдиргенин “Азаттыктын” орус кызматы жазды. Маалыматка караганда, жаракат алгандар 20 кишиден ашат.

Жардыруу Кабул убактысы боюнча саат 10:50дө консулдук департаменттин кире беришинде болгон.

Reuters агенттиги жардырууну жанкечти ишке ашырганын билдирген. Агенттик “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлүнө шилтеме берип, элчиликти кайтарган ооган куралдуу күзөтчүлөрү кол салган адамга ок чыгарганын жазды.

Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги жеке булактарына таянып, жарылуу орусиялык дипломат виза тапшыргандардын тизмеси боюнча чогулган элдин алдына чыкканда болгонун кабарлады.

Орусия дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле “Талибан” кыймылынын өкмөтүн иш жүзүндө тааныбайт, бирок Кабулдагы дипломатиялык миссиясы ишин улантууда. Москва "Талибан" өкмөтүнүн алгачкы дипломатын аккредитациядан өткөргөнү март айында ачыкка чыккан.

XS
SM
MD
LG