Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:03

Ооганстанда Орусиянын элчилигинин жанында жардыруу болду


Орусиянын Кабулдагы элчилиги.
Орусиянын Кабулдагы элчилиги.

Ооганстандын борбору Кабулда 5-сентябрда Орусиянын элчилигинин алдында жардыруу болду. Такталбаган маалыматтар боюнча каза болгондор бар. Жабыркагандардын арасында орусиялык дипломаттар болушу мүмкүн.

Reuters агенттигинин маалыматына караганда, жардырууну жанкечти жасаган. Агенттик “Талибан” (Кыргызстанда тыюу салынган) өкмөтүнүн өкүлүнө шилтеме берип, элчиликти кайтарган ооган куралдуу күзөтчүлөрү кол салган адамга ок чыгарганын жазды.

Орусиянын РИА Новости маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, жарылуу орусиялык дипломат виза тапшыргандардын тизмеси боюнча чогулган элдин алдына чыкканда болгонун жазды. Каза болгондордун жана жаракат алгандардын саны 15-20 адам деп болжолдонууда. Жергиликтүү журналисттердин айтымында, алардын арасында дипломаттар да болушу мүмкүн.

Орусиянын элчилиги азырынча жардыруу боюнча комментарий берүүдөн баш тартты. Орусия дүйнөнүн башка өлкөлөрү сыяктуу эле “Талибан” кыймылынын өкмөтүн иш жүзүндө тааныбайт, бирок Кабулдагы дипломатиялык миссиясы ишин улантууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG