Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:34

Акыйкатчы институту: аскер бөлүктөрүндө мониторинг башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Акыйкатчы институту түзгөн жумушчу топ 5-сентябрдан тартып аскер бөлүктөрүндө мониторинг жүргүзүүнү баштады. Мекеме тараткан маалыматта анын алкагында аскер кызматкерлери, жетекчилер менен жолугушуулар өтөрү, соңунда сунуштар камтылган баяндама даярдалып Жогорку Кеңешке жөнөтүлөрү жазылган.

Акыйкатчы институту июль айынын аягында соңку беш жыл ичиндеги жоокерлер өлүмүн, армиядагы зордук-зомбулукту иликтөө үчүн жумушчу топ түзгөн. Анын курамына Башкы прокуратуранын, Саламаттык сактоо министрлигинин, Кыйноолорго каршы улуттук борбордун жана айрым бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү кирген.

Кыргыз армиясы уруп-согуу, чоңсунуу жана адам өлүмү менен аяктаган окуялардан арыла элек. Соңку эки айдын ичинде эле кызмат өтөп жаткан төрт аскер каза болду.

Өткөн айда президент Садыр Жапаров "жүктөлгөн милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбаганы үчүн" коргоо министри Бактыбек Бекболотовго катуу сөгүш берген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG