Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:01

Экономика министрлиги бизнести каттоо жөнүндө маалымдама даярдады


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Экономика жана коммерция министрлиги бизнестти каттоонун ар бир кадамы, жол-жобосу камтылган атайын маалымдама даярдады. Мекеме бул маалымат ишкерлерге, айрыкча Кыргызстанда иш баштагысы келген чет элдик жарандарга пайдалуу болорун билдирди.

"Кыргызстанда бизнес баштагысы келген чет өлкөлүк жарандар мамлекеттик органдардан так маалымат алалбагандыктан көптөгөн кыйынчылыктарга кабылат. Бул документ мындай мүчүлүштүктү жоюуга багытталган",-деп айтылат маалыматта.

Өткөн аптада Министрлер кабинети чет өлкөлүк жана жарандыгы жок адамдардын Кыргызстанда иштешине шарт түзгөн "Санарип көчмөн" ("Digital nomad") макамын ыйгаруу тууралуу убактылуу жобону бекиткен.

Анда мындай макам алгандар Кыргызстанда жашаган жеринде каттоого турбастан, иштөөгө уруксат кагаздары жок виза албастан кирип-чыгышына, жүрүшүнө мүмкүндүк берилери айтылган. Ошондой эле жеке идентификациялык номер (ЖИН) жөнүндө маалыматты камтыган документтер талап кылынбасы белгиленген.

Кыргыз өкмөтү быйыл жазында маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жаатында иштеген чет элдик жарандарды өлкөгө тартуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзө баштаганын айткан.

Президент Садыр Жапаров апрелде "санарип көчмөндөр" үчүн жагымдуу шарттарды түзүү боюнча тескемеге кол койгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG