Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:23

МАГАТЭнин эки өкүлү Запорожье АЭСинде туруктуу иштейт


Запорожье атомдук электр станциясы.
Запорожье атомдук электр станциясы.

Украинанын “Энергоатом” ишканасы Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин (МАГАТЭ) эксперттер тобунун көбү Запорожье атомдук электр станциясынан (АЭС) чыгып кеткенин билдирди.

“МАГАТЭнин текшерүү тобунун алты өкүлүнүн төртөө Запорожье АЭСиндеги ишин аяктап, АЭСтин аймагынан чыгып кетишти”, — деп айтылат 5-сентябрда жарыяланган кабарда.

Маалыматка караганда, МАГАТЭнин эки адиси Запорожье АЭСинде туруктуу иштейт деп күтүлүүдө. МАГАТЭнин башчысы Рафаэль Гросси өткөн аптада АЭСте алты эксперт калганын, кийинчерээк алардын саны экиге азаярын айткан.

МАГАТЭнин миссиясы Запорожье АЭСине 1-сентябрда барган. 5-августта АЭСтин тарыхында биринчи жолу бир аз убакытка электр энергиясы толук өчүрүлгөн.

Запорожье АЭСи орус армиясы Украинага басып киргенден көп өтпөй, март айында Орусиянын карамагына өткөн. Аны украин кызматкерлери иштетип жатат. Европадагы эң ири атомдук электр станциясынын аймагы акыркы айларда бир нече жолу аткыланып, кооптуу жагдайлар жаралган.

XS
SM
MD
LG