Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:08

Касым-Жомарт Токаев өрт каптаган Костанай облусуна барды


Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт.
Касым-Жомарт Токаев. Архивдик сүрөт.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев 5-сентябрда өлкөнүн түндүгүндөгү ири өрт чыккан Костанай облусуна иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдиргенин “Азаттыктын” казак кызматы жазды.

2-сентябрда Костанай районунун Казанбашы айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан токойдо өрт чыгып, жайылып кеткен. Кийинчерээк өрттүн аянты кеңейип, жакын жайгашкан бир нече калктуу конушту каптап, 1,8 миңден ашык адам көчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) 36 градус ысык жана шамал өрттү өчүрүүгө тоскоол болуп жатканын билдирди. 4-сентябрдан тарта облуста өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Кырсыктын кесепетинен Аманкарагай конушунда 86 жаштагы карыя каза болгон.

Токаевдин бул аймакка сапары өрттүн алдында эле белгиленген. Ал 1937-1938-жылдардагы Сталиндик репрессия маалында атылып кеткен Казакстандын атактуу агартуучусу Ахмет Байтурсын уулунун 150 жылдык мааракесине катышышы керек болчу.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-сентябрда өрттүн аянты 43 миң гектардан ашканын билдирген. Министрлик он адам жеңил жана орто жаракат менен ооруканага жеткирилип, төртөө ооруканага жаткырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG