Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:05

Кыргыз-казак чек арасында дагы ири бодо мал аткезчилиги катталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Улуттук коопсуздук комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасында 160ка жакын бодо мал, дагы 170тен ашык майда жандыкты мыйзамсыз айдап өтүүгө аракет кылган эки жаран кармалганын билдирди. Ага ылайык, окуя Чүй облусуна караштуу Панфилов районунун аймагында болгон. Кармалган малдын баасы болжол менен 10,5 миллион сом деп эсептелди.

Чек ара кызматы өткөн аптада кыргыз-казак чек арасында, Чүй облусуна караштуу Кемин районунун аймагында бодо мал аткезчмилиги катталганын билдирген. Алдын ала эсепке ылайык, кармалган малдын баасы 4,5 милилон сом деп эсептелген.

Буга чейин бодо мал аткезчилиги кыргыз-өзбек чек арасында да бир канча жолу катталган.

XS
SM
MD
LG