Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:06

Кыргызстандык альпинисттер Манаслу чокусуна аттанып жатышат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандык альпинисттердин тобу Гималайдагы Манаслу чокусуна чыгууну пландаштырууда. Бул тууралуу Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Жакында Непал бийлиги альпинисттердин Манаслуга чыгуу демилгесин жактырган. Анын бийиктиги 8163 метр.

Сапар 7-сентябрда башталат, курамда жети альпинист бар:

Сергей Селивёрстов, команданын капитаны,

Кадыракун Нурмаматов, “Манаслу 2022” долбоорунун жетекчиси,

Эдуард Кубатов,

Андрей Ерохин,

Асел Байбагышева,

Илим Карыпбеков,

Азизбек Оморкулов.

Кубатовдун айтымында, буга чейин кыргызстандык альпинисттер Гималайга экспедиция жасаган эмес.

Манаслу — Гималайдагы тоо, Непалдын түндүк-борбордук бөлүгүндө жайгашкан Мансири-Гимал тоо кыркаларына кирет.

2021-жылдын май айында Альпинизм жана аскага чыгуу федерациясынын президенти Эдуард Кубатов дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багындырган. Ал “Азаттыкка” курган маегинде Эверестке чыгууга даярдык 2014-жылы башталганын айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG