Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Бишкекте “Антиконтрафакт” деп аталган эл аралык форум өтөт


26-28-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында “Антиконтрафакт” деп аталган онунчу эл аралык форум өтөт. Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, форум өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү жана интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого арналат.

Иш-чараны Министрлер кабинети, Евразия экономикалык комиссиясы жана Антиконтрафакт эл аралык бирлиги уюштуруп жатат. Ага 1200дөй киши катышары күтүлүүдө.

2019-жылы Орусиянын Челябинск облустук бажы кызматы 19 тонна контрафакттык кийим-кече кармаганы кабарланган.

Кыргызстанда соода жаатындагы эксперттер Бишкекте белгилүү бренддердин энбелгилерин саткан атайын ири базар бар экенин айтып жүрүшөт. Кийим-кече Кыргызстандан Орусияга ташылган негизги товарлардын бири. (КЕ)

XS
SM
MD
LG