Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Сентябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:46

Ооганстанда жер титирөөдөн кеминде сегиз адам каза болду


Ооганстанда июнь айында болгон жер титирөөнүн кесепети. Архивдик сүрөт.

5-сентябрда таңга маал Ооганстандын түндүк-чыгышында болгон жер титирөөдөн кеминде сегиз киши каза болду. Кунар провинциясынын губернаторунун басма сөз катчысы Мавлави Нажибулла Ханиф журналисттерге билдиргендей, каза болгондордун саны дагы көбөйүшү мүмкүн.

Ооганстандын чыгышындагы Жалалабад шаарына жакын жерде эртең менен күчү 5,3 баллга жеткен жер титирөө болду.

Июнь айында Ооганстандын чыгышында болгон жер титирөө 1000ден ашык адамдын өмүрүн алып, бир нече калктуу конуштар талкаланган. Каза болгондордун арасында 155и балдар экени аныкталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG