Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:24

Зомбулук: аялдар милиция менен сотко ишенбейт


Кыз-келиндердин укугун коргоого арналган митингдеги сүрөт. Бишкек, Свердловй райондук соту. 8-июль, 2022-жыл.
Кыз-келиндердин укугун коргоого арналган митингдеги сүрөт. Бишкек, Свердловй райондук соту. 8-июль, 2022-жыл.

Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. Расмий маалыматтарга ылайык, 2016-2018-жылдары 7000ден ашуун үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2021-жылы бул көрсөткүч 8405тен ашты.

Укук коргоочулардын билдирүүсүндө, үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар милицияга жана сотко ишенбейт.

Милиция кызматкерлери зомбулук фактылары өз маалында териштирилип, жазылган арыздар каралып жатат деген жүйө келтиришет.

"Аял күйөөсүнүн таманын өөп жашашы керек"

Чүйдүн Аламүдүн районунда жашаган келин күйөөсү дээрлик үйлөнгөндөн бери, 11 жылдан бери сабап келе жатканын айтып арызданды.

"Биринчи жолу беш айлык кош бойлуу кезимде сабады. Катуу сабагандыктан курсагымдагы ымыркай өлүп калыптыр. Дарыгерлер араң алышкан. Ошондо эле милицияга арыз жазып, кетейин десем, бутума жыгылып, "экинчи колум тийбейт" деп карганды. Андан кийин катары менен үч балалуу болдук. Бирок сөзүнө турбай, сабаганы күч алды".

Келиндин айтуусунда, экөөнүн тогуз, жети жана беш жаштагы үч баласы бар. Мурунку турмушунан дагы уулу бар экенин айткан зайып күйөөсү балдарын да тынымсыз сабап жүрүп, жүрөгүнүн үшүн алып койгонун кошумчалады.

"Балдарымды ымыркай кезинен эле сабачу. Ыйласа сабап, бешиктен тоголото чапкан күндөрү болгон. Жиндеп, жаздык менен беттерин жаап кыйначу. Мени атайылап алардын көзүнчө сабап, "өлтүрөм" деп коркутат. Жети-сегиз жаштагы кыздарым "атаке, апамды өлтүрбөчү" деп ыйлашат. Аларга да "аялы күйөөсүнүн таманын өөп, айтканынан чыкпай жашашы керек. Кийин силерди да күйөөңөр ушинтип сабаса да, чыдап, менин алдыма келбей турган болушуңар керек, силер дагы менин таманымды өпкүлө" деп мажбурлайт. Байкуш кыздарым коркуп, таманынан өбүшөт. Анда да жиндеп, "жийиркенбей, чын дилиңерден өпкүлө" деп тепкилейт".

Аты-жөнүн ачык айтпаган келиндин ур-токмоктон кийин кулагы да укпай калган.

Мамлекетке 50 миң сом айыппул жана 100 сааттык коомдук иш

Ал жардам сурап бир нече жолу "Сезим" кризистик борборуна кайрылган. Борбордун жетекчиси Бүбүсара Рыскулова буларды билдирди:

Бүбүсара Рыскулова
Бүбүсара Рыскулова

"Мурдагысында биз аны балдары менен чогуу "Балдар кыштагына" жайгаштырганбыз. Күйөөсү алдап туруп, алардын дарегин билип алыптыр да, келип, машинасына салып кетиптир. Тоого алып барып, "машинаны төмөн карай айдап жиберем, чогуу өлөбүз" деп коркутуп, үйүнө алып кетиптир. Акыркы жолу бизге кыздары ыйлап, атасы апасын үйгө камап алып сабап жатканын айтып чалышты. Биз укук коргоо органдарына кайрылып, "Дене боюна залака келтирүү" беренеси менен иш козголушун талап кылган элек. Бирок сотто "Ден соолугуна жеңил жаракат келтирүү" беренеси менен айыпталып, жеңил жаза алып чыкты".

Рыскулованын айтуусунда, сот келинчегин сабаган адамды Кылмыш кодексинин 136-беренеси ("Ден соолугуна жеңил залал келтирүү") боюнча айыптап, 100 сааттык коомдук ишке жана мамлекеттин пайдасына 50 миң сом төлөп берүүгө милдеттендирген чечим кабыл алган.

"Ал эркиндикте жүрүп алып дагы келинчегин балдары менен кошо сабап жүрүптүр. Уулунун оозун айрып салыптыр. Кыздарын да сабайт экен. Акыркы жолкусунда келинчегин кур менен сабап, кыздары качып чыгышкан. Башка бирөөнүн телефонун алып, бизге чалышкан. Биз милиция менен барып, келинди балдары менен кошуп, үйүнөн араң алып чыкканбыз. Бизде мыйзамдар иштеши үчүн сөзсүз эле келинчеги өлүшү керекпи? "Түрмөдөн чыгып келип, силерге да көрсөтөм, бул кемпир өлсө сени ким коргойт" деп шылдыңдап, бизди кошо коркутуп жүрөт. Сотто да "мага чейин эле дүлөй болчу" деп шылдыңдады".

Укук коргоочунун маалыматына караганда, үй-бүлөсүн сабаган адам Дордой базарында иштейт.

Зомбулуктан жапа чеккен келин азыр балдары менен чогуу коопсуз жерге жайгаштырылган.

"Азаттык" келиндин күйөөсү жана анын жакындары менен байланыша алган жок. Аларга да микрофон сунуп, оюн чагылдырууга даяр.

Келиндин адвокаты Тилек Токтакунов Аламүдүн райондук сотунун чечимин жогорку инстанцияда даттанышарын "Азаттыкка" билдирди.

Кыз-келиндерге зомбулукка каршы акциядагы плакат. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Кыз-келиндерге зомбулукка каршы акциядагы плакат. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

"Берененин жогорку жазасы чегерилди"

Аламүдүн райондук сотунда бул иш 25-августта каралган. Чүй облустук сотунун басма сөз кызматы "Азаттыкка" кабарлагандай, иш сотко Кылмыш кодексинин 136-беренеси ("Денеге жеңил жаракат келтирүү") менен келип түшкөн. Судья чечим кабыл алганда бул беренедеги жогорку жазаны колдонгон.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук фактылары көп катталууда.
27-августка караган түнү Кочкор-Ата шаарындагы кафелердин биринде 24 жаштагы келинге 17 жолу бычак сайылган. Кылмышка шек саналып анын мурдагы күйөөсү кармалганын Жалал-Абад облустук милициясы 2-сентябрда маалымдады.

"Милиция ишти жеңил берене менен карап койду"

Социалдык тармактарга жарыяланган тасмада үйдүн короосуна бийик тосмодон ашып түшкөн адам келинди жакалап, сабап жатканы тартылган. Ошол эле жерде бешик арабада отурган наристени, эркектин келиндин телефонун тартып алып, жерге чаап талкалап салганын көрүүгө болот.

Тасманы Фейсбуктагы баракчасына жарыялаган адвокат Мухайе Абдураупова видеодогу эркек Кара-Суу районунун тургуну экенин, ал келинчегин чогуу жашоого мажбурлап сабаганын айтты.

Мухайе Абдураупова
Мухайе Абдураупова

"Келинге күйөөсү никелүү аялы бар экенин айтпай туруп үйлөнүп алган экен. "Өзүбүзчө жашайбыз, биринчи аялым менен ажырашам" деп жашап жүрүптүр. Келинчегин мурда деле көп жолу сабаган экен, ошондон улам келин жашагысы келбей, төркүнүнө кетип калган. 21-июлда болгон окуя түшүп калган бул тасма келиндин атасынын үйүндө тартылган. Күйөөсү Араванга, келиндин төркүнүнө барып, эшикти ачпай койсо, дубалдан секирип түшүп, барып уруп жатат. Ага чейин келиндин иштеген жерине - цехке да барып, чогуу иштеген аялдардын көзүнчө "сен менин катынымсың, мени менен жашайсың" деп сабап кеткенин чогуу иштеген кесиптештери айтып беришти".

Мухайе Абдураупованын сөзүнө караганда, жабырлануучу күйөөсү жашаган аймактагы - Кара-Суу районунун Мады айылындагы милиция бөлүмүнө кайрылган. Бирок аймактык тескөөчү ишти башка берене менен карап, сотко өткөргөн.

"Күйөөсү келинди төшөктөн тартып алган тасмалар, сүрөттөр бар экенин айтып коркуткан. "Атаң элдин бетин карагыс болот" деп опузалап, чогуу жашоого мажбурлап келген. Келин ошонун айынан биринчи жолу милицияга барып, бирок арыз жазбай кетип калыптыр. Кийин келиндин артынан түшүп, атасынын үйүнө чейин келип сабап кеткенде гана милицияга барган. Мадыдагы тергөөчү Рашов күйөөсүнө карата "Денесине жеңил жаракат келтирүү" (136-берене) деген берене менен иш козгоп, бир айдын ичинде сотко өткөрүп жибериптир. Биз эмне үчүн ага Кылмыш кодексинин 173-беренеси ("Чогуу жашоого мажбурлоо") менен иш козголгон жок деп кайрылсак, "иш Араванда болгон, ошол жакка баргыла" деп, ага чейинки Кара-Сууда сабаган фактыларга көз жумуп койду".

Адвокат келин менен чогуу бул окуя боюнча Араван райондук ички иштер башкармалыгына кайрылган. 28-август күнү райондук милиция жана прокуратура келиндин арызын кабыл алган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгы окуя боюнча Кара-Суу жана Араван райондук милициясында эки кылмыш иши козголгонун, Кара-Сууда 23-июлда козголгон кылмыш иши боюнча тергөө аяктап, сотко ашырылганын ырастады.

Мекеменин басма сөз катчысы Нурпери Абдуллаева "Азаттыкка" билдиргендей, Араван милициясында козголгон иш боюнча тергөөгө жабырлануучу келбей жүргөн:

"2022-жылдын 16-август күнү Араван районунун тургуну 1994-жылы туулган жаран өмүрлүк жолдошуна каршы арыз менен келгенин билдирип, бирок кайра "кийинчерээк келем" деп тергөөгө келбей жүргөндүгү белгилүү болду. Ал эми соцтармактарда жарыяланган тергөөчү тарабынан соттук тиешелүү экспертиза дайындалбай жаткандыгы боюнча айтсак, жабырлануучу же мыйзамдуу өкүлү тарабынан расмий кайрылуу болгон эмес. Ошондой эле жабырлануучу психологиялык жактан жабыркагандыгы боюнча каттоодо жок болгондуктан, экспертиза дайындалган эмес. Ал эми Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөөчүсү орой мамиле кылгандыгы боюнча арыз Ички иштер министрлигинин ички иликтөө кызматы жана райондук прокуратурасы тарабынан иликтенип, орой мамиле кылынгандыгы далилденген жок".

Бул акыркы апталарда үй-бүлө зомбулугуна кабылган бир гана учур.

Аялын көгала кылып сабаган адамды сот үй камагына чыгарды

18-августта Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулук районунда аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирген. Сабалган келиндин арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-иликтөө иштери жүргүзүлүп жатканы жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалганы кабарланган.

Мурдараак социалдык тармактарда төрт баланын апасы, 28 жаштагы келиндин денесинин баары көгала болгону тартылган сүрөттөр тараган.

Көп өтпөй укук коргоочулар аялын сабоого шек саналган адам үч күндөн кийин эркиндикке чыгарылганын соцтармактарга жазып чыгышкан.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, бул иш боюнча Сокулук милициясы 17-августта Кылмыш кодексинин 177-беренеси ("Үй-бүлөлүк зомбулук") менен кылмыш ишин козгоп, аялын сабоого шек саналган адамды камакка алган. 19-августта Сокулук райондук соту шектүүнүн бөгөт чарасын карап, аны эки айга үй камагына чыгарган.

"Тергөө учурунда шектүү Сокулуктагы Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот. Жабырлануучу 24-август күнү ооруканадан чыгып, азыркы учурда туугандарынын үйүндө жашап жатат. Анын коопсуздугун да Жаңы-Жер аймактык милиция бөлүмүнүн кызматкерлери камсыз кылышууда. Балдарынын коопсуздугу да Чүй облустук милиция кызматкерлеринин көзөмөлүнө алынган. Алар балдар менен иштөө инспекторлорунун кароосунда", - деп айтылат милициянын маалыматында.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, кыз-келиндерге, аялдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары орун алууда.

Укук коргоочулар үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган кыз-келиндердин укугун коргоп берүүсүн өтүнүп кайрылган арыздары жоопсуз каларын айтып келишет.

Адвокат Мухайе Абдураупованын билдирүүсүндө, күйөөсүнөн запкы жеп, милицияга кайрылган келиндердин арызы көбүнчө кабыл алынбай, тескерисинче кемсинтүүгө туш болот.

"Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдар өздөрүнүн укугун коргой алышпайт. Тергөөчү да ишти кабыл албайт, прокуратурага жазса да кабыл албайт. Материалдык-моралдык чыгымды ордуна келтирип берүүнү өтүнсө аны жарандык негизде өзүнчө кайрыласың дешет. Ага өзүнчө арыз жазыш керек. Мунун баарына адвокат керек, акча керек. Убактысын, акчасын коротуп жүдөгөн келиндер баарына кол шилтеп, басып кетет. Көп учурда жабырлануучуну зомбулук көрсөткөн адам менен бир бөлмөдө суракка алышат. Келиндер ал жерде да күйөөсүнүн жаман сөзүн угууга мажбур болушат.
Милиционерлер өздөрү да кызматтык этикадан чыгып, жабырлануучуларга сенсиреп сүйлөшөт, арызданып келген келин-кыздарга "сулуу экенсиң, тиги-бу" деп тийишкен учурлар четтен чыгат. Күйөөсүнүн зомбулугунан жабыркаган келиндерге бул психологиялык жактан дагы кысым болот. Ушундан улам күйөөсүнөн запкы жеген келиндер милицияга барышпайт".

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.

Милиция кызматкерлеринин секелек кызды зордуктаганына нааразылык акциясы. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.
Милиция кызматкерлеринин секелек кызды зордуктаганына нааразылык акциясы. Бишкек. 8-июль, 2022-жыл.

Аялын өлтүрүп, секелекти зордуктап соттолгон милиционерлер

Бул аралыкта Талас облустук соту аялын өлтүрүүгө айыпталган мурдагы милиция кызматкерин 12 жыл 6 айга эркинен ажыраткан өкүмүн чыгарды. Аталган соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, Ж.А.К. аттуу жаран Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесине ылайык ("Адам өлтүрүү") күнөөлүү деп табылган. Мүлкү конфискацияланган эмес.

Соттолуучу жазасын жалпы режимдеги колонияда өтөйт.

2021-жылы 29-декабрында 30 жаштагы Э.Н. аттуу келин токмок жегенден кийин каза болгону кабарланган. Анын өлүмүнө шектелип жолдошу кармалган. Ал Талас шаардык ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматында иштей турганы айтылган.

30-августта Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча өкүм чыгарып, эки милиция кызматкерин 15 жылдан, бул ишке катышы бар делген дагы бир адамды 10 жылга эркинен ажыратты.

Мындан сырткары ар бир айыпталуучуну жабыркаган тарапка моралдык кенемте катары 100 миң сомдон төлөп берүүнү милдеттендирди.

  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG