Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Чүй милициясы: Сокулукта аялын көгала кылып сабаган жаран камалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Сокулук районунда аялын көгала кылып аёосуз сабаган жаран милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилгенин билдирди. Анда кылмышка шектүү Орусияга качып кетүүгө аракет кылып жатканда колго түшкөнү айтылат.

Жабырлануучунун арызы Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө-иликтөө башталды жана тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалды.

Мунун алдында социалдык тармактарда төрт баланын апасы, 28 жаштагы келиндин денесинин баары көгала болгону тартылган сүрөттөр тараган. Ал учурда Бишкектеги Улуттук госпиталда жатат.

Расмий маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда барган сайын үй-бүлөдөгү зомбулуктун саны өсүүдө. 2021-жылы 8405 үй-бүлөлүк зомбулук катталса, 2016-2018-жылдары бул сан 7000ден ашкан.

Статистика зомбулук тууралуу арыздардын дээрлик 90% же андан ашыгы сотко жетпей эле ар кандай жагдайда кыскарып кетерин көрсөткөн. Соңку учурда адам өлүмү менен аяктаган, кыз-келиндерге, аялдарга карата үрөй учурган зомбулук фактылары орун алууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG