Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:14

Өспүрүм кыздын өлүмүнө шектүүлөрдүн бөгөт чарасы каралды


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Кадамжай райондук соту Халмион айыл аймагында 14 жаштагы кызды мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелип кармалган үч жарандын баш коргоо чарасын карап, аларды эки айга (5-ноябрга чейин) камакта калтыруу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу Баткен облустук сотунун маалымат кызматы кабарлады.

Милиция Халмиондо кыздын сөөгү колу аркасына байланып, моюнунан жип менен муунтулган абалда табылганын, окуя 4-сентябрда болгонун билдирген.

Маркум Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 2008-жылы туулган К.А. аттуу тургуну экени аныкталды. Кылмышка шектүү катары Кадамжай районунун Халмион айыл аймагынын 24, 25 жана 27 жаштагы тургундары кармалган.

Бул үрөй учурган окуя коомдун курч реакциясын жаратты. Президент Садыр Жапаров өспүрүм кыздын киши колдуу болгону тууралуу Фейсбуктагы баракчасына пикирин билдирип, бул иш жеке көзөмөлүндө болорун жана кылмышка катышы барлар жазасын аларын айтты.

Жогорку Кеңештин 7-сентябрдагы отурумунда бир катар депутаттар окуяга байланыштуу пикирин билдирип, балдарга зордук-зомбулук көрсөткөн педофилдердин жазасын катуулатуу тууралуу маселе көтөрүштү.

Бир ай мурун 13 жаштагы кыздын зордукталышы коомчулукта резонанс жараткан. Бул боюнча жарандык коом өкүлдөрү өлкө бийлигине кайрылып, тийиштүү чара көрүүнү талап кылган. (JsA)

XS
SM
MD
LG