Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:54

Украина контрчабуулда жылыш бар экенин билдирди


Украинанын аскерлери. Архив сүрөт.
Украинанын аскерлери. Архив сүрөт.

Украинанын армиясы Орусия тарапта согушуп жаткан жалданма аскерлер өлкөнүн түндүк-чыгышындагы, Харьковго жакын жердеги салгылашууларда көп жоготууларга учурап жатканын билдирди. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабынын 7-сентябрда тараткан маалыматына караганда, жалданма аскерлерлердин кеминде 40% набыт болду же оор жаракат алды.

Украина орус тарап Донецк облусунун чыгыш бөлүгүндөгү аймактарды толук көзөмөлгө алууга жана Харьков менен Запорожье баш болгон түштүк аймактардагы позициясын кармап турууга аракет кылып жатканын кошумчалады. Николаев облусунда жана Запорожье атомдук электр станциясынын (АЭС) айланасында да ушундай эле аракеттерди көрүүдө.

Орусиянын аскерлери Херсондо өз позициясын сактап калуу үчүн болгон күчүн жумшап жатканы айтылды. Украина өткөн аптада бул аймакта каршы чабуулга чыккан. Киев контрчабуул кандай жүрүп жатканы тууралуу акыркы маалыматтарды берген жок. Башкы штаб Орусиянын курал-жарак кампаларына жана техникасы топтолгон жерлерге ондогон аба соккуларын жасап жатканын маалымдады.

Украинанын президенти Владимир Зеленский соңку билдирүүсүндө, дээрлик бардык фронтто салгылашуу уланып жатканын айтты.

Өткөн жумада Украинанын Куралдуу күчтөрү Херсон облусунда жана түштүктөгү башка аймактарда контрчабуул баштаган. Маалыматтар боюнча, алар бир нече конуштарды өз көзөмөлүнө алууга жетишти. Аймактын басымдуу бөлүгү азыр деле орус аскерлеринин карамагында.

Орусиянын аскерлери 2022-жылдын 24-февралында Украинага басып кирген. Бул аралыкта Киев 9 миңдей жоокерин жоготконун тактады. Орусия мартта 1351 аскери өлгөнүн расмий билдиргенден бери маалыматтарды жаңылай элек. Украиндер орус армиясынын 50 миңден ашык аскери өлдү деп кабарлап жатышат.

Согуш болуп жаткан тапта жоготуулар тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактардан тактоо мүмкүн эмес.

XS
SM
MD
LG