Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Октябрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:33

Улуу Британияда жаңы министрлер кабинети түзүлдү


Британ ханышасы Елизавета II жана Лиз Трасс. 6-сентябрь, 2022-жыл.
Британ ханышасы Елизавета II жана Лиз Трасс. 6-сентябрь, 2022-жыл.

Британ ханышасы Елизавета II Улуу Британиянын Лиз Трасс башында турган министрлер кабинетин бекитти. Лиз Трасс Консервативдик партиянын лидерлиги үчүн болгон жарышта жеңишке жетип, 6-сентябрда өлкөнүн премьер-министри кызматына киришкен.

Лиз Трасс мурунку премьер-министр Борис Жонсондун ишин улантып, Орусиянын агрессиясына каршы күрөштө Киевге жардам берерин убада кылды. Жеймс Клеверли Британиянын тышкы иштер министри болуп дайындалды. Ал Украинага карата саясат менен да алектенет.

Лиз Трасс 6-сентябрда кызматка киришкенден кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшүп, Британия Украинанын эркиндигин жана демократиясын колдой турганын ырастады.

Борис Жонсон 2019-жылы премьер-министр Тереза Мэй отставкага кеткенден кийин Консервативдик партияны, аны менен бирге британ өкмөтүн жетектеп калган. Ал саясий жаңжалдардын фонунда кызматтан кетерин июлда жарыялап, 6-сентябрда отставкага кетти.

Лиз Трасс Британ ханышасы Елизавета II дайындаган 15-премьер-министр болуп калды. Ал Улуу Британиянын тарыхында өкмөттү башкарган үчүнчү аял. Ал Британияны каптаган энергетикалык кризис менен күрөшүү үчүн кескин чараларды кабыл аларын убада кылган.

XS
SM
MD
LG