Кара-Балтада жети жаштагы кыздын өлүмү мигранттардын балдары жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн кайрадан күн тартибине чыгарды. Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 100 174 баланын ата-энесинин экөө тең, же бирөөсү чет жакта эмгек миграциясында.
Балдар укугун коргоочулар бул окуяда жергиликтүү бийликтин шалаакылыгын, коомчулук кайдыгерликти күнөөлөөдө. Өкмөт өкүлдөрү айыпты кыздын ата-энесине оодарып жатат.
"Салмагы араң эле 12 килограмм болчу"
Милициянын маалыматына караганда, 15-январда Кара-Балтадагы ооруканада каза болгон жети жаштагы кызга дем алуу органдары жабыркаган деген диагноз коюлган. Учурда жергиликтүү милиция текшерип-териштирүү үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындады.
Кара-Балта шаардык ооруканасынын дарыгерлери кыз ооруканага өпкөсү кагынган, арык жана оор абалда келгенин журналисттерге билдиришкен. Жети жаштагы кыздын салмагы болгону 12 килограмм болгон деген маалыматты айтып беришкен.
Жергиликтүү бийлик кыз жакыр жашаган үй-бүлөдөн экенин маалымдады. Маалымат каражаттары Кара-Балта шаардык мэриясына таянып, анын үй-бүлөсү Жайыл райондук социалдык жактан камсыздоо башкармалыгында каттоодо турганын жазып чыгышты.
Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев үй-бүлө өтө жакыр жашагандардын катарына кирбесин журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда, кыздын атасы менен апасы Орусияга иштегени былтыр октябрда кетишкен. Алардын алты баласынын эң улуусу 18 жашта, эң кичүүсү эки жашта.
"Ата-энеси Орусияда миграцияда жүргөн"
Ата-энеси миграцияда жүргөн наристе кыздын өлүмү коомчулукта мигранттардын балдары жана жакыр жашаган үй-бүлөлөрдүн көйгөйүн кайрадан көтөрдү. Соцтармактарда бийликтин дарегине ар кандай сын айтылып жатат.
Журналист Аскер Сакыбаева наристенин өлүмү үчүн коомчулуктун кайдыгерлиги жана бийликтин аракетсиздигин күнөөлөп жатат:
"Жети жаштагы кыздын өлүмүнө баарыбыз күнөөкөрбүз. Куу турмуштун айынан алыска кеткен ата-энеси, балдардан кабар албаган туугандары, көрмөксөн болгон кошуналары, ким кайда, эмне оокат кылып жатканы менен иши жок айыл өкмөтүндө иштегендер, ошол жерде жашаган аксакалдар, коом... Эң башкысы - баарыбыздын кайдыгерлигибиз. Көчөт кыз кайдыгерликтин курмандыгы болду", - деди Аскер Сакыбаева.
Өкмөттүн жүйөсү
Эмгек, социалдык жактан камсыздоо жана миграция министрлиги бул үй-бүлө аз камсыз болгондордун катарында каттоодо турганын ырастады. Бирок жашоо-шарты жакшы, үй-бүлө мүчөлөрүнө жетиштүү кирешеси бар болгондуктан, жөлөк пул жана башка жардамга муктаж болгон эмес.
Министрликтин Балдарга жана үй-бүлөгө кызмат көрсөтүү башкармалыгынын башчысы Бакыт Тодогелдиев "Азаттыкка" буларды билдирди:
"2000-жылы бул үй-бүлө машине оңдоочу жай иштеткен ишкер катары белгиленген. Балдарына жөлөк пул алчу эмес. Толук үй-бүлө: атасы да, апасы да бар. Турмуштук оор кырдаалда калган үй-бүлө катары катталган эмес. Кыргызстандагы Балдар кодекси боюнча, бала 18 жашка чыкканга чейин ата-энесинин кароосунда, багуусунда болууга тийиш. Балага ата-энеси жоопкерчиликтүү. Соцтармактарга маалымат чыккандан кийин бул үй-бүлөнүн жашоо-шарты дагы текшерилди. Алардын үйү бар, азык-түлүгү жетиштүү, балдардын онлайн окуусуна да шарт: компьютер, ноутбук жана телефон да бар экени аныкталды. Ал эми кыздын салмагы аз, саламаттыгы начар болгону бизге тиешелүү эмес. Бул суроо медицина кызматкерлерине берилиши керек".
Жети жаштагы кыздын өлүмү тууралуу маалымат каражаттарында жана соцтармактарда жазылгандан кийин, өкмөт өлкөдөгү балдардын ар биринин жашоо-шартын текшерүүнү Саламаттык сактоо, Билим берүү, Социалдык жактан камсыздоо, Ички иштер министрликтери жана жергиликтүү бийликке тапшырды. Министрлер кабинетинин социалдык маселелер боюнча орун басары Эдил Байсалов "Твиттерге" мындай маалыматтарды жазды:
"Дагы эле баягы кароосуздук көйгөйү. Ата-энеси тирүү туруп... Министрлер кабинети Саламаттык сактоо, Билим берүү, Социалдык жактан камсыздоо, Ички иштер министрликтери жана жергиликтүү бийликтин күчү менен ар бир баланын жашоо-шартын текшерип, аныктоо тууралуу чечим кабыл алды. Мындан тышкары балдар менен иштөөчү социалдык кызматкерлер үчүн жаңы 550 кызмат орду түзүлүүдө", - деп жазды Байсалов.
Бишкектеги "Дордой" базарын айланта курчаган жаңы конуштардагы жана Ош базарынын айланасындагы батирлерде жашаган жакыр үй-бүлөлөрдүн балдары менен иш алып барган "Балдарды коргоо" борборунун адиси Кумар Эргешова бул окуяда жергиликтүү мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин эске салды.
"Турмуш шарты оор, абалы начар балдарды биздин кызматкерлерибиз ар бир көчөнү кыдырып, маала башчылары менен чогуу иштеп, аныкташат. Алардын муктаждыктары тууралуу тиешелүү органдарга маалымат берип, натыйжада оорукчан бала ооруканага, мектепке барбай жүргөнү мектепке барып, айрым документтери жок балдар туулгандыгы тууралуу күбөлүк да алышат. Бул кыз деле ошондой бир жоон топ мамлекеттик органдардын кароосунда болушу керек эле. Социалдык кызматкерлер, кыздын саламаттыгын караган айылдык үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу эмне үчүн ал кыздын ден соолугун караган эмес, анын оорусун эмнеге аныктаган эмес? Ал кыз деле убагында эмдөө алышы керек эле, убагында медициналык кароодон өтүшү керек эле. Бул маселелердин баарын чубай берсең, узун чыгат. Макул, ата-энеси кайдыгер болсун, бирок мамлекет өз жаранына кам көрүшү керек болчу. Бул бала болуп атпайбы!".
Былтыр жайында кабыл алынган Балдар кодекси тууралуу мыйзамда ата-энелердин жоопкерчилиги, баланы социалдык коргоонун механизмдери, жардамга муктаж балдарды аныктап, кароо жолдору күчөтүлгөн.
Бирок көр тириликтин жана жумушсуздуктун айынан балдарын таштап сыртка чыгып иштөөгө аргасыз болгон ата-энелер көп.
Кара-Балтада каза болгон наристе кыздын жакындары, колу-коңшуларынан маалымат алууга мүмкүн боло элек.