Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:24

Ооруканада чарчап калган жети жашар кызга пневмония деген диагноз коюлган


"Тез жардам" машинеси. Иллюстрация.
"Тез жардам" машинеси. Иллюстрация.

Чүйдө жети жашар кыз ооруканада көз жумган окуянын чоо-жайы териштирилип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда “Азаттык” радиосуна облустук милициянын басма сөз кызматынын өкүлү Замир Сыдыков билдирди.

Маалыматка караганда, 14-январда Кара-Балтадагы ооруканада 2016-жылы туулган наристеге дем алуу органдарына байланыштуу диагноз коюлган:

“Бронхопневмония, дем алуу кемтиги деген диагноз коюлган. Бул боюнча Жайыл райондук ички иштер башкармалыгында териштирүү башталды, соттук-медициналык экспертиза дайындалды”.

Окуя тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги азырынча комментарий бере элек. Интернетте тарап жаткан маалыматтарга караганда, кыз ооруканага өтө оор абалда түшкөн. (TAb)

XS
SM
MD
LG