Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:04

Энергохолдинг: Эң суук күндөрү өчүрүү жана ири авариялар болгон жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда өткөн аптадагы эң суук күндөрдө энергетика тармагында ири авария катталган жок, жарыкты атайылап өчүрүү болгон жок. Бул тууралуу 16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында “Улуттук энергохолдинг” ишканасынын төрагасы Таалайбек Байгазиев билдирди. Анын айтымында, электр энергиясын керектөө көбөйгөндүктөн, Токтогул суу сактагычындагы суунун сарпталышы да жогорку көрсөткүчтөргө жетип жатты:

“Бишкек жылуулук борборунун кубаттуулугу ушул күндөрү 350 мегаватт болуп келе жатат – бул туруктуу деп эсептелет. Энергетика тутумунда чоң авариялар болгон жок. Энергетиктер толук, ыкчам иштеп жатышат. Токтогул суу сактагычында 10 миллиард 350 миллион куб суу бар. Ушул күндөрү суунун корошу суткасына 70 миллион куб суудан ашып жатты”.

Байгазиев Кыргызстанда электр энергиясын керектөө өлкө тарыхында биринчи жолу суткасына 76,4 миллион киловатт саатка жеткенин, бирок кезеги менен атайылап өчүрүү жок экенин, болгону, чоң көмөк чордондоруна келтирилген күчтү азайтуу иштери жүрүп жатканын айтты. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG