Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:13

Днепрде Орусиянын ракеталык чабуулунан каза болгондор 30дан ашты


Днепр шаары. Куткаруу иштери.
Днепр шаары. Куткаруу иштери.

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын ракеталык чабуулунан мерт кеткендердин саны 30дан ашканын 16-январда жергиликтүү маалымат каражаттары кабарлашты.

Шаарга 14-январда орусиялык ондогон түрдүү ракета атылганда алардын бири тогуз кабат үйгө тийип, анын бир тарабы толук кыйрап калган.

Жараат алгандардын саны 75 адам, алардын 30у ооруканада жатат, дагы 40 адам дайынсыз болууда. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланган.

Орусиянын Коргоо министрлиги ракеталары Украинанын аскердик башкаруу мекемелерине тийгенин, сокку максатына жеткенин билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG