Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:19

Днепр: Катуу соккунун курмандыктары улам көбөйүүдө


Днепр: Орусиянын соккусу 30дан ашык өмүрдү алды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:25 0:00

Днепр: Орусиянын ракеталык соккусу 30дан ашык өмүрдү алды

Украинанын Днепр шаарында Орусиянын жапырт ракеталык соккусунан каза тапкандар 30дан ашты, арасында 15 жаштагы кыз бар. Бул тууралуу Днепропетровск облустук кеңешинин төрагасы Николай Лукашук жекшембиде билдирди. Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды.

14-январда Орусиянын ракетасы Днепр шаарындагы тогуз кабаттуу турак жайга тийип, анын бир подъезди толук талкаланган. Урандылардын алдында калгандарды издөө, тазалоо иштери түнү менен уланганын Лукашук маалымдады. Ишембиде Орусия Украинага жапырт ракеталык чабуул койгон. Ар кандай үлгүдөгү ондогон ракеталар учурулган.

Облустук аскердик администрациянын башчысы Валентин Резниченконун билдиришинче, ракеталык соккудан ондогон киши жарадар болуп, 40тан ашыгы ооруканага жеткирилген. Урандынын алдынан 40тай киши куткарылып, ушул тапта 30дан ашык киши дайынсыз болууда.

Днепр. Украина. 14-январь, 2023-жыл.
Днепр. Украина. 14-январь, 2023-жыл.

Шаарда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Днепрге сокку Украинанын аймагына Орусия массалык ракеталык чабуул койгон маалда жасалган. Украинанын Абадан коргонуу күчтөрүнүн билдиришинче, Днепрдеги көп кабаттуу үйгө алыс аралыктан кое берилген Х-22 ракетасы тийген.

Буга чейин украин президентинин кеңсесинин кеңешчиси Алексей Арестович орустардын Х-22 үлгүсүндөгү ракетасын Украинанын Абадан коргонуу системасы атып түшүргөнүн, ал Днепрдеги үйгө түшүп жарылганын айткан.

Анын сөзүн орус ММКлары жана Телеграмм-каналдары дароо пайдаланып, адамдардын өлүмү үчүн Украинанын өзүн айыптаган комментраийлер менен жарыялап киришти. Абадан коргонуу күчтөрүнүн командачылыгынын башчысы Николай Олещук муну четке кагып, шаарды көздөй Орусиянын Курск облусунун аба мейкиндигинен Х-22 ракетасы учурулганы айныксыз экендигин белгиледи.

Мындан тышкары Олещук Украинанын куралдуу күчтөрүндө мындай типтеги ракетаны атып түшүрө турган каражат жок экенин, согуш башталганы Украина тарапка мындай 210 ракета учурулганын, анын бири дагы Абадан коргонуу күчтөрү тарабынан атып түшүрүлбөгөнүн белгиледи. Ал эми Украинада Арестовичтин сөздөрү сынга кабылды.

Днепрдин мэри Борис Филатов да аны сындап, ракетаны украин тарап атып түшүргөн күндө дагы бул эч нерсени өзгөртө албастыгын, баарыбир адамдардын өлүмү үчун Орусия жоопкерчиликтүү экенин айтты. Украин президенти Владимир Зеленский соңку чабуулду террор деп айыптады.

"Орусиялык террорду токтотсо болобу? Ооба. Муну Украинадагы согуш талаасынан башка жерде жасоого болобу? Тилекке каршы, жок. Бул биздин жерибизде, асманыбызда, деңизибизде жасалышы мүмкүн жана жасалышы керек. Эмне үчүн? Бул биздин өнөктөштөрдүн кампаларында турган жана биздин аскерлер ушунчалык күтүп жаткан курал-жарактар".

Мурдараак согуштун жүрүшүндө Абадан коргонуу системасы атып түшүргөн орус ракеталарынын же украиндердин өздөрүнүн ракеталарынын сыныктары турак жайларга тийген учурлары айтылып келген.

Бирок алардын бири дагы Днепрдегидей масштабдагы ири кыйроолорго алып келген эмес.Бул арада Британиянын премьер-министри Риши Сунак Украинага Challenger 2 үлгүсүндөгү танктар берилерин бышыктады. Ал бул тууралуу 14-январда украин президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөндө билдирди.

“Премьер-министр Британиянын Украинаны колдоосун күчөтүү, анын ичинде Challenger 2 танктарын, дагы кошумча артиллериялык система берүү жолдору аркылуу чыңдоо аракеттерин белгиледи”,- деп жазылган британ өкмөтү тараткан маалыматта.

Украина көптөн бери батыш өлкөлөрүнөн орус армиясына каршы туруу үчүн танк сурап келет.

Орусиянын Коргоо министрлиги азырынча 14-январдагы чабуул тууралуу комментарий бере элек.

Бул Украинада согушуп жаткан орус күчтөрүнүн биргелешкен тобунун командачысы болуп Валерий Герасимов дайындалгандан кийинки, 2023-жылдагы биринчи ири чабуул болду. Орусия Украинага согуш ачканына 11 ай болду.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG