Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Январь, 2023-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

Украина кантип калыбына келет же Орусияга кун төлөтүү аргасы


Орустардын Бородянкадагы аткылоосунан талкаланган үйлөрдүн арасында бул аял мышыгын көтөрүп жүрөт. Киев облусу. 2022-жыл, апрель

Согуштан кийинки Украинаны калыбына келтирүүгө миллиарддаган доллар керек. Азыртан эле Орусияны репарация төлөтүү талабы айтыла баштады. Ошондой эле чет өлкөлөрдө эсеби жабылган орус активдерин сатуу жөнүндө да сөз болууда. Көпчүлүккө жакшы пландай көрүнүшү мүмкүн, бирок бул канчалык деңгээлде ишке ашат же мыйзамдуу? Эгер Орусия төлөбөй койсо, Украинаны калыбына келтирүү түйшүгү АКШ жана Европа Биримдигине жүктөлөт. Мындай тарыхый жаңы кырдаалдар менен коштоло турган процесстерди кыйынчылык коштошу мүмкүн. Тони Веселовскинин макаласын сунуштайбыз.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин буйругу менен 24-февралда согуш башталгандан кийин Украинанын президенти Владимир Зеленский Москва эми “репарация” жана “контрибуция” деген сөздөрдү жатташы керектигин ачык айткан.

Кол салуу башталгандан он жарым ай өтсө да Путиндин агрессияны токтотуу ниети сезиле элек. Бирок ага карабай Украинаны жаңжалдан кийин калыбына келтирүү эле эмес, жүздөгөн миллиардга баалануучу “Европанын азыркы замандагы эң ири экономикалык долбоорун кантип жана ким каржылайт?” (Зеленскийдин сөзү) деген маселе көтөрүлө баштады.

"Биз үчүн баары түшүнүктүү: акыры Орусия төлөшү керек болот. Андан башка аргасы жок, төлөбөй коё албайт, – деди Украинанын өкмөтүнүн репарация боюнча жумушчу тобунун мүчөсү юрист Маркиян Ключковский. – Эгерде Орусия келтирилген зыяндын жана азаптын кунун төлөөнү каалабаса, биз цивилизациялуу дүйнө менен бирге Орусияны мажбурлоого жол табышыбыз керек”.

Украинанын башка аткаминерлери сыяктуу эле, Ключковский да БУУнун Башкы Ассамблеясынын Орусияны аскердик чыгымдарды төлөөгө үндөгөн 14-ноябрдагы милдеттүү эмес резолюциясына шилтеме жасады.

Элүүгө жакын өлкө зыяндын, жоготуулардын жана бүлгүндүн ордун толтуруу боюнча эл аралык механизмди түзүү жөнүндө резолюцияны, ошондой эле далилдерди жана дооматтарды документтештирүү реестрин биргелешип иштеп чыгышты.

“БУУнун Башкы Ассамблеясынын резолюциясы өтө маанилүү, анткени анда Орусияны жоопко тартуу ачык айтылып, анын жүзөгө ашыруу механизми да сунушталган”, – деп чечмеледи Ключковский.

Бирок Орусия бул добуш берүүнү четке какты. Өлкөнүн БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя резолюцияны колдогон өлкөлөр Башкы Ассамблеяны сот органы катары көрсөтүүгө аракет кылып жаткандыгын "мыйзамсыз" деп белгиледи.

БУУнун Коопсуздук Кеңешинде вето укугу бар болгондуктан, Орусия Украинанын бул уюмда акыйкаттыкты издөө аракеттерине бөгөт коюшу мүмкүн. Мындай жагдай Киевдин согуштан кийинки калыбына келтирүү иштерин каржылоо үчүн чет өлкөлөрдө эсеби жабылган миллиарддаган орус активдерин алып коюу аракетине да жолтоо болушу ыктымал.

МАРШАЛЛ ПЛАНЫН ҮЛГҮ ТУТУП

Батышта көпчүлүк адамдар мунун ордуна көйгөйдү чечүүнүн Маршалл планы сыяктуу жолун сунуштап жатышат. Бул план Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Батыш Европаны калыбына келтирүү боюнча АКШнын ийгиликтүү жүзөгө ашырылган программасына окшош иштелип чыгышы мүмкүн.

Маршалл планындай долбоордун жактоочулары бул Украинанын демократиялык өнүгүүсүнө жана Европа Биримдигине кирүү ниетине шайкеш келиши мүмкүн дешет.
1947-жылы белгилүү планды сунуштаган АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Жорж Маршаллдын ысымы менен аталган, согуштан кийин Украинаны калыбына келтирүү жөнүндө Германиянын Маршалл фондунун отчетунда батыш донорлору Украина коррупциялашкан мамлекет катары таанылгандыктан, ири суммадагы акча салуудан этият болушат деп айтылган.

"Бирок эгер Украина Европага тезирээк интеграциялашууну кааласа, бул жол анын өз институттарын жана сотторун реформалоого түртөт деп айтылат" билдирүүдө. Буга Украинага талапкер макамын сунуш кылган, укуктук мүчөлүккө кабыл алуу жагынан катаал стандарттары бар Европа Биримдигинин жардамы да өбөлгө түзөт.

Мындай шарттар Украинанын өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүүчү батыш технологияларын берүүгө өбөлгө түзөт дейт Маршалл фондунун “Маршалл планынын нугу менен Украинаны калыбына келтирүүнү пландаштыруу” баяндамасын түзгөндөрдүн бири Жейкоб Киркегор.

“Негизинен советтик долбоорлордон баш тартып, ЕС стандарттарын эске алуу менен айрыкча энергетика жана транспорт тармактары калыбына келтирилет да, жалпысынан Украинанын инфратүзүмү модернизацияланып, ЕС алкагында атаандаштыкка жөндөмдүү болот”, – дейт Киркегор “Азаттыкка” жазган электрондук катында.

Бул кошумча каржылоо болот, анткени Батыш Киевге аскердик эле эмес, өкмөттүн туруктуу иштешине каржылык да жардам берет.

Жакында Эл аралык валюта фондунун башчысы Украинага ай сайын кеминде 3 миллиард доллар, ал эми 2023-жылы 5 миллиард долларга чейин каражат керек болорун билдирди.
“Бул оңой иш эмес”, – деди ЭВФнун башкаруучу директору Кристалина Георгиева 25-октябрда Украинанын калыбына келтирилишин жана анын макрокаржылоо зарылдыгын талкуулоо үчүн чогулган дүйнөлүк лидерлерге.

БҮЛГҮН

Орусиянын жапырт бастырып кирүүсүнүн кесепети өтө чоң, ал дагы эле чоңоюп баратат.

Украинанын Тышкы иштер министрлигинин 27-октябрдагы билдирүүсүнө ылайык, Орусия 40 миңден ашуун согуш кылмышын жасаган деп айыпталууда.

БУУнун Качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Грандинин айтымында, согуштун кесепетинен 14 миллионго жакын украиналык үй-жайын таштап кетүүгө мажбур болду.

“Акыркы он жылдыктардагы элдин эң көп журт которушу ушул болду”, – деди ал.

Украинанын ички дүң өнүмү (ИДӨ) быйыл 32% төмөндөдү – бул 1930-жылдардагы АКШда болгон Улуу Депрессия мезгилиндегиден да оор жоготуу.

Бул киши кошунасына орус жана украин аскерлеринин ортосундагы салгылашуу учурунда талкаланган чатырын оңдоого жардам берип жатат. Архангельск айылы, 2022-жыл, 5-декабрь.
Бул киши кошунасына орус жана украин аскерлеринин ортосундагы салгылашуу учурунда талкаланган чатырын оңдоого жардам берип жатат. Архангельск айылы, 2022-жыл, 5-декабрь.

Орусиянын аскерий соккулары өлкөнүн бардык аймактарында, негизинен жарандык, инфратүзүмдүк объектилерге урулду. Көптөгөн шаарлар, биринчи кезекте Мариуполь кыйрап калды. 5-сентябрда Украинанын премьер-министри Денис Шмыгаль баскынчылык 326 миллиард доллар зыян келтиргенин жана өлкөнү тез арада калыбына келтирүү үчүн 105 миллиард доллар талап кылынарын айтты.

105 миллиард доллар деген көрсөткүч ошол айдагы башка эсептөөлөрдөн бир аз төмөн болгон. Украинанын бир нече министрликтери менен биргеликте маалымат чогултуу боюнча иштеп жаткан Киевдеги Экономика мектебинин окумуштуулары турак жай жана кыймылсыз мүлккө, ошондой эле башка инфратүзүмгө келтирилген 127 миллиард доллардан ашык зыян документтик негизде ырасталганын билдиришти.

Бирок 6-сентябрда Украинаны калыбына келтирүү үчүн “1 триллион доллардан ашык” каражат талап кылынат, “бул биздин замандагы Европанын эң ири экономикалык долбоору болот” деген президент Зеленскийдин баалоосуна салыштырмалуу бул сандар өтө аз.

Киркегордун айтымында, Зеленский белгилеген көрсөткүч кыйла жогору, анткени буга инфратүзүмдү ЕБ стандарттарына ылайыкташтыруу үчүн “модернизациялоо” чыгымы да камтылат.

Украинанын юстиция министринин орун басары, мурдагы банкир Ирина Мудра (ал европалык жана америкалык өнөктөштөр менен, анын ичинде АКШнын Каржы министринин жардамчысы Элизабет Розенберг менен репарация боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан) 22-ноябрда Киев өлкөдөгү жеке адамдарга да, мекемелерге да келтирилген зыянды тастыктаган расмий документ болуучу “бүлгүндүн эл аралык реестрин” түзөрүн билдирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский видео аркылуу өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференциянын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатат. Берлин, 25-октябрь, 2022-жыл.
Украинанын президенти Владимир Зеленский видео аркылуу өлкөнү калыбына келтирүү боюнча эл аралык конференциянын катышуучуларынын алдында сүйлөп жатат. Берлин, 25-октябрь, 2022-жыл.

Украина ошондой эле Нью-Йорктогу Колумбия университетинин юридикалык мектеби менен биргеликте “Эл аралык дооматтар жана репарациялар” (ICRP) долбоорун түзүү үчүн репарация боюнча эл аралык дооматтарды чечүүнүн укуктук негиздерин изилдеп, сунуштай турган "илимпоздор жана эксперттер тобу” менен иштешүүдө.

РЕПАРАЦИЯЛАР ТАРЫХЫ

Зыяндын кенемтеси же репарация кылымдар бою чыр-чатактарда жеңилген тараптын эсебинен төлөнчү кун. Биринчи жана Экинчи Пуни согуштарынан кийин Рим Карфагенден ири өлчөмдөгү аскердик контрибуция төлөтүп алган.

Биринчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын ири өлчөмдөгү репарация төлөө милдеттенмесине кабылышы, Адольф Гитлердин Үчүнчү рейхинин жаралышына түрткү болгону айтылат.

Бул репарациялар 2010-жылы гана биротоло төлөнүп бүткөн.
Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Германиянын экономикасы союздаштар жүктөгөн чоң репарациялардан улам кайрадан зыян тарткан.

Бирок соңку мезгилдерде аскердик репарациялар “төрт-беш гана мамлекет аралык чыр-чатактарда белгилүү мааниге ээ болду”, – деп жазды Эмори Укук факультетинин профессору жана Эл аралык жана салыштырма укук изилдөө борборунун жетекчиси Лори Бланк.

Бул чыр-чатактарга Ирактын Кувейтке басып кириши, 1998-2000-жылдардагы Эфиопия менен Эритрея ортосундагы согуш жана Уганданын Конго Демократиялык Республикасына кол салышы кирет.

“Эл аралык коомчулуктун мамлекеттер аралык репарация маселелерине тиешелүү "булчуң эс тутуму" кыйла эле начар”, – деп жазды Бланк май айында Украина үчүн аскердик зыяндарды төлөө боюнча Just Security форумунда.

ОРУСИЯНЫ КАНТИП ТӨЛӨТҮҮ КЕРЕК?

Лори Бланк Орусияны Украинага аскердик чыгымдарды төлөөгө мажбурлоонун бир нече варианттарын мисал келтирди, анын ичинде Киев менен Москванын ортосундагы тынчтык келишими же жөнгө салуу жолдору да бар. Бирок азыр мунасага келүү мүмкүн эместей – чыр-чатактын басылар эместей.

Донецк облусундагы Богородичное айылы. 20-декабрь, 2022-жыл. Донецк шаарынан түндүк-батышка карай 120 чакырым аралыкта жайгашкан бул айылда орус аскерлери менен украин аскерлеринин айыгышкан салгылашуусу болгон.
Донецк облусундагы Богородичное айылы. 20-декабрь, 2022-жыл. Донецк шаарынан түндүк-батышка карай 120 чакырым аралыкта жайгашкан бул айылда орус аскерлери менен украин аскерлеринин айыгышкан салгылашуусу болгон.

“Дагы бир мүмкүнчүлүк, - деп жазат Бланк, - БУУнун Компенсациялык комиссиясына (БУУ КК) окшош процессти көзөмөлдөө үчүн көп тараптуу комиссияны же механизмди түзүү” (ал 1990-жылы Ирактын Кувейтке басып киришинен жана 1991-жылы Перс булуңундагы согуштан кийин түзүлгөн эле).

Башкалар сыяктуу эле, Ключковский да БУУнун Кувейт үчүн түзүлгөн компенсациялык кеӊешин Украинага ылайык келиши мүмкүн болгон модель катары сунуштап жатат. Бирок Орусия БУУнун Коопсуздук Кеңешине вето коюуга укугу бар болгондуктан, бул идея колдоо табышы дээрлик мүмкүн эмес.

Орусиянын февраль айындагы басып киришинен көп өтпөй, Америка Кошмо Штаттары “Орусиянын элитасы, ишенимдүү адамдары жана олигархтары” (Russian Elites, Proxies, and Oligarchs — REPO) деген максаттык топту түздү. Ал топ азыркы учурда Орусиянын 30 миллиард долларлык мүлкүн, анын ичинде ондогон миллион долларлык люкс яхталарын камакка алды. Эл аралык жумушчу топко Австралия, Улуу Британия, Канада, Франция, Германия, Италия, Жапония жана Европа комиссиясы кирет.

Санкцияга кабылган адамдарга таандык активдерден тышкары, АКШ, Евробиримдик өлкөлөрү жана башка Батыш өлкөлөрү Орусиянын Борбордук банкынын активдери баштаган 300 миллиард доллардан ашык суммадагы каражаттын эсебин жабышкан.

Эстония, Латвия, Литва жана Словакия сыяктуу айрым мамлекеттер бул активдерди Украинаны калыбына келтирүү үчүн колдонолу деген чакырыкка кошулушту, ал эми июнь айында "Чоң жетиге" (G7) кирген өлкөлөр бул идеяны карап чыгууга убада беришти.

Бирок Батыштын расмий өкүлдөрү активдерди жабуу жана аларды конфискациялоо – эки башка иш экенин, ар башка көйгөйлөрдү жарата турганын ачык айтышты.

“Орусиянын Украинага келтирген бардык зыяндарын төлөп бериши үчүн биз бардык укуктук мүмкүнчүлүктөрдү изилдейбиз”, – деди Европа Биримдигинин тышкы иштер министри Жозеп Боррел декабрда Польшада Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) министрлер конференциясында.

АКШнын каржы министри Жанет Йеллен АКШнын учурдагы мыйзамдары Вашингтонго орус банктарынын активдерин конфискациялоого мүмкүнчүлүк бербей турганын ачык айтты.

"АКШнын Федералдык мыйзамы, Эл аралык Өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар (IEEPA) жөнүндө мыйзам Вашингтонго бул активдерди өзгөчө кырдаалдарда гана конфискациялоого мүмкүндүк берет" деп түшүндүрдү санкциялар жаатында иштеген жана бул темада жазган юрист Эндрю Бойл.

“АКШ Орусиянын Борбордук банкынын эсеби жабылган активдерин Украинага өткөрүп бериши күмөн, анткени бул үчүн төмөнкүлөр талап кылынат: 1) Орусиянын макулдугу (мисалы, тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн алкагында) же 2) конгресстин IEEPA’га өзгөртүүлөрдү киргизиши", – дейт Бойл “Азаттыкка” электрондук кат аркылуу жазган түшүндүрмөсүндө.

Украинанын куткаруучусу Орусиянын кол салуусунун натыйжасында талкаланган имараттын урандыларынын арасында. Харьков. 16-декабрь, 2022-жыл.
Украинанын куткаруучусу Орусиянын кол салуусунун натыйжасында талкаланган имараттын урандыларынын арасында. Харьков. 16-декабрь, 2022-жыл.

Бул каражаттын бир бөлүгүн Украина алышы үчүн Европа Биримдигинин Юстиция иштери боюнча комиссары Дидье Рейндерс Орусиянын Борбордук банкынын дүйнө жүзүндөгү эсеби жабылган валюта резервдерин көзүр картадай пайдаланууну сунуш кылды.

“Менимче, Орусия Украинаны калыбына келтирүүгө өз ыктыяры менен катышмайынча, бул 300 миллиард еврону (316 миллиард долларды) кепилдик катары сактап калууга болот”, – деди Риндерс октябрь айынын аягында.

30-ноябрда Евробиримдик эсеби жабылган орус активдерин конфискациялоо планын сунуш кылды, бирок, эксперттердин айтымында, ал дагы деле укуктук көйгөйлөргө туш болуп жатат.

“Орусия жана анын олигархтары Украинага келтирилген зыяндын ордун толтуруп, өлкөнү калыбына келтирүү чыгымдарын жабышы керек, – деди Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен. – Бизде Орусияны төлөөгө мажбурлоо мүмкүнчүлүгүбүз бар”.

Орусиянын кандайча төлөй турганы азырынча белгисиз, бирок Украинаны калыбына келтирүү милдети өтө чоң экендиги айдан ачык.

25-октябрда Берлинде Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияда ЭВФдин өкүлү Георгиев согуш аракеттерин токтоткондон кийин “калыбына келтирүүнүн экинчи фазасынын” куну чындап эле “эбегейсиз” болот деп айтты.

“Зыяндын наркынан тышкары, [Дүйнөлүк] банк реконструкциялоонун жалпы чыгымын болжол менен 349 миллиард долларга баалайт, – деди ал. – Бул чындыгында өтө чоӊ сандар: Орусия бастырып киргенге чейин 2021-жылы Украинанын жылдык ИДПсы 200 миллиард долларды түзгөн болсо, бул андан да ашып кетет”.

Бул сунушту “Маршаллдын жаңы планы” деп атаган Германиянын канцлери Олаф Шольц ошол эле жолугушууда Украинаны калыбына келтирүү “азыр биздин муун чече баштоосу зарыл милдет” болот деди.

Июнь айында Швейцариянын Лугано шаарында өткөн эл аралык конференцияда Украина өлкөнү калыбына келтирүү боюнча өзүнүн программасын сунуш кылды. Анда кеңири маселелер боюнча реконструкциялоонун пландары жана мөөнөттөрү көрсөтүлгөн.

Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен Швейцариянын Лугано шаарында Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияда сүйлөп жатат. июль, 2022-жыл.
Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Лейен Швейцариянын Лугано шаарында Украинаны калыбына келтирүү боюнча конференцияда сүйлөп жатат. июль, 2022-жыл.

Германиянын Маршалл фондунун отчётунда G7 тобу Американын “дүйнөлүк кадыр-баркы” менен жана “жардам, реконструкциялоо, модернизация жана ЕБге кошулуу” деген эл аралык калыбына келтирүү ишине катышсын деп сунуш берилди.

Өлкөнү калыбына келтирүүгө каражат тартуу менен Украина карызга батып калбайбы кылып жатабы деген суроого баяндама автору Киркегор ишенбестик менен жооп берди.

“Украинага көрсөтүлүп жаткан каржылык колдоонун басымдуу бөлүгү гранттар түрүндө же ЕБге байланышкан учурдагыдай сыяктуу эле, эч качан кайтарылбай турган узак мөөнөттүү насыялар түрүндө берилет. Мындан тышкары, Украинанын учурдагы карыз мөөнөтүн насыячылар ыктыярдуу түрдө узартат”, – дейт талдоочу.

“Украина согуштан кийин көптөгөн жылдар бою өтө тез экономикалык өсүшкө жетише алат”, бул каалагандай карызды кыйла жеңилдетет деди ал.

Киркегор ошондой эле Орусиянын “Украинага аскердик репарациялардан улам өзүнүн эсеби жабылган активдеринен кол жуушу” күтүлөт дейт. Ал кошумчалагандай, “ушул согуштун айынан Орусия өтө эле жакыр болуп калат”.

Украиналык юрист Ключковский үчүн негизги маселе – Орусияны кенемте төлөөгө мажбурлоо.

“Эл аралык укуктун иштешине кепилдик алышыбыз керек, – дейт ал. – Эгерде мамлекет Орусия сыяктуу эл аралык мыйзамдарды одоно бузуп, жазасыз калса, анда эл аралык укук тебеленип жатканы эмеспи? Биз акыйкаттык жеңишке жетет деп ишенебиз”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG