Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:43

ИИМ: Уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү милициянын каттоосунда турат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2022-жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, уюшкан кылмыштуу топтун издөөдө жүргөн тогуз мүчөсү кармалган. Жалпы кармалгандардын 17синин криминалдык чөйрөдө өзгөчө статусу бар. Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат.

"Былтыр ишкерлерге жасаган кылмышы үчүн кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалган. Ар кандай кылмыштуу топтун мүчөлөрү тарабынан жасалган кылмыштар 157 фактыны түзөт".

Абдиев мыйзамсыз курал-жарак алуу боюнча да 12 факты катталганын, анын алкагында алты даана "Макаров" тапанчасы, эки даана Калашников автоматы жана башка курал-жарактар алынганын кошумчалады.

13-январда Ош шаарында белгисиз адамдар тобу бир кишини арматура менен аеосуз сабап кеткени тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты. ИИМ Оштогу оор кылмышка байланыштуу адам өлтүрүүгө айыпталып жалпы төрт адам кармалганын маалымдаган.

Милиция ошол күнү 01:15те Ош шаарында белгисиз адамдар Баткен облусунун 1993-жылы туулган тургунун курч нерсе менен сайып өлтүрүп, Кара-Суу районунун 1995-жылы туулган тургунун катуу сабап кеткенин, натыйжада ал Ош шаардык ооруканасынын реанимация бөлүмүнө түшкөнүн билдирген.

Ыкчам издөө иштердин жүрүшүндө өзгөчө оор кылмыш жасаганга шектүү катары кылмыш чөйрөсүндө “Женго” деген каймана ат менен таанымал, Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну Кадыр Досонов кармалган.

ИИМдин маалыматына караганда, издөө жарыяланган эки адам Чүйдө кыргыз-казак чек арасынан өтүүгө аракет кылып жаткан маалда, дагы бир жаран - Нурбек Чубаков Ош облусунун аймагынан колго түшкөн. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG