Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:10

Бишкекте абанын булганышын чагылдырган "Түтүн" көргөзмөсү өтөт


 "Түтүн" аттуу көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтөт.
"Түтүн" аттуу көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтөт.

Бишкекте 17-январдан 2-февралга чейин сүрөтчү, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсү Гапар Айтиев атындагы кыргыз улуттук көркөм сүрөт искусство музейинде өтөт. Бул тууралуу "Азаттыкка" уюштуруучулар кабарлашты.

Көргөзмөдө автордун 80дей эмгеги коюлат. Анда Бишкекти каптаган кара түтүн, энергетикалык көйгөй, жаңы конуштардын инфратүзүмү, ички миграция чагылдырылган.

Иш-чараны Эл аралык миграция уюму, Unison Group уюштурууда.

Бишкек ноябрь айынан бери дүйнөдөгү абасы булганыч шаарлардын сап башынан түшпөй келатат. Көйгөй парламентте бир нече ирет көтөрүлгөн. 16-январдагы көрсөткүч боюнча Кыргызстандын борбору дүйнөдөгү абасы эң кир он шаардын катарында турат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG