Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:57

Абдиев кылмыштуу топторду каржылаган саясатчылар жөнүндө маалымат бар экенин айтты


Нурбек Абдиев.
Нурбек Абдиев.

Кылмыштуу топтордун мүчөлөрү баңгизаттарды сатуу, каракчылык, уруп-тоноо, мыйзамсыз ишкердик чөйрөсүнөн пайда табуу үчүн таасир талашып, бири-бири менен кагылышып, кылмыштуулукка барууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев 16-январдагы маалымат жыйында билдирди.

Ал министрликте "айрым ишкерлер, саясатчылар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү менен мамиледе болуп, аларды каржылап, чогуу ишкердик жүргүзүп жаткан тууралуу маалымат бар" деп айтты. Бирок алардын ысымдарын атаган жок:

"Жакында бул боюнча текшерүүлөр жүргүзүлүп, каржылык колдоо көрсөткөн жарандар Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин ("Уюшкан топторду кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо") негизинде жоопко тартыларын белгилеп кетким келет", - деди Абдиев.

Ал уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү милициянын көзөмөлүндө экенин, Оштогу окуянын алдын ала албаганы үчүн тиешелүү милиция кызматкерлерине чара көрүлөрүн кошумчалады.

Анын маалыматына караганда, Ички иштер министрлигинин каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун 1199 мүчөсү турат. 2022-жылы ар кандай кылмыштуулук боюнча уюшкан кылмыштуу топтун 153 мүчөсү кармалган.

13-январда Ош шаарында белгисиз адамдар тобу бир кишини арматура менен аеосуз сабап кеткени тартылган видео коомчулукта катуу талкуу жаратты.

ИИМ бул окуяга уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөлөрү катышканын маалымдады. (TAb)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG