Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:37

"Кызым ачуулуу, түнт болуп калды". Зордуктоонун аң-сезимде калган тагы


Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча Бишкектеги акция. 8-июль, 2022-жыл.
Балдар менен аялдардын укуктарын коргоо боюнча Бишкектеги акция. 8-июль, 2022-жыл.

2022-жылы Кыргызстанда жашы жете элек кыздарга карата сексуалдык мүнөздөгү аракет же зордуктоо фактылары боюнча бир катар үрөй учурган окуялар катталды. Өткөн жылы педофилияга каршы жазаны күчөткөн мыйзам өзгөртүлдү.

Зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыз

2022-жылдын соңунда укук коргоочулардын жардамы менен сексуалдык зомбулукка кабылган 14 жаштагы кыздын иши кайра тергөөгө өттү. Кылмыш иши "Зордуктоо" беренесинин негизинде козголгон.

"Кызын бирөөлөр алдап, вебкам бизнеске тартып, зордоп героин жана маңзаттын башка түрлөрүн сайып, чет өлкөлүк эркектердин колуна салып берип, видеого тартып, эл аралык сайттарга сатып жүрүшкөнүн айтып апасы кайрылды. Ал 2022-жылы июнь айында Бишкектин Биринчи Май, сентябрда Октябрь райондук ички иштер башкармалыктарына кайрылган. Бирок иш токтоп калган", - деди “Оазис” уюмунун өкүлү Мээрим Осмоналиева.

Ушул тапта бул окуя боюнча Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды. Ишти Башкы прокуратура жана Ички иштер министрлиги жеке көзөмөлүнө алганы белгилүү болду.

Декабрдын соңунда Токмокто эки өспүрүмдү зордуктоого шектүү киши кармалган. Алардын бири сегиз айлык кош бойлуу экени кабарланды.

Бул 2022-жылы жашы жете электерди зордуктоо боюнча маселени козгогон айрым гана учурлар. 2022-жылы дагы бир 13 жаштагы секелекти бир жылдай эки милиция кызматкери жана дагы эки адам бири-бирине өткөрүп, коркутуп, зордуктап жүрүшкөнү белгилүү болгон.

"Зомбулукка кабылган кызга колдоо керек"

Сексуалдык зомбулук көргөн өспүрүм кыздардын кийинки турмушу кандай болот? Аларга ким колдоо көргөзүп, жардам берет? Кыздарды коргоо чаралары кандай болушу керек?

13 жаштагы кыздын окуясына кайра келели. Бишкектин Свердлов райондук соту 13 жаштагы секелектин зордукталышы боюнча айыпталуучуларга карата өкүм чыгарып, зордуктоого шек саналган эки милиция кызматкери 15 жылдан, бул ишке катышы бар делген дагы бир адам 10 жылга эркинен ажыратылган. Ушул тапта айыпталуучулардын арызы менен Бишкек шаардык соту ишти карап жатат.

Өспүрүмдүн атасы кызы онлайн үйдө окуп жатканын, бул окуя анын мүнөзүнө, психологиялык абалына таасир эткенин айтты:

"Жини чукул болуп калды. Сүйлөсөк эле жини келип, урушуп калат. Психологиясына бир топ эле оор кесепети тийди. Мен да азыр ишти аягына чыгайын деп соттордон кол бошобой жүрөт. Азыр да шаардык сотко жөнөп жатам".

Психологдор зомбулуктан жабыркаган кыз эле эмес, акыйкаттыкка жетүүнү көздөгөн ата-энеси үчүн да мунун оор кесепеттери болорун белгилейт.

Мындан төрт жыл мурда күйөөсү 14 жаштагы кызын зордуктап койгонун айткан бул аял ысымын ачык атагысы келген жок. Ал ушу күнгө чейин өзү да, кызы да психологго кайрылып, башынан өткөн окуясын унуткусу келет:

"Күйөөм мас болуп келип, кызымды зордуктап койгон экен. Аны мага айткан эмес. Мага дагы кол көтөрүп, колумду сындырган эле. Ошону көргөндө гана кызым айтып берди. Зомбулукка чыдап, 15 жыл жашагам. Ошого чейин эле кетип калсам эмне болмок деп ойлоп калам".

Аялдын мурдагы күйөөсү камакта, кызы бул окуяны унутуу үчүн үйүнөн кетип калган. Эне зомбулуктун айынан кызы менен мамилеси бузулганын айтып берди:

"Мүнөзү аябай өзгөрдү. Сөз көтөрө албай урушчу болду. Экөөбүз мурдагыдай ынак болбой калдык. Ачык мүнөз, жайдары кызым тааныгыс болуп өзгөрдү. Мурункудай окуйм деген кыялын да унутту. Аягында башка шаарга иштегени кетип калды".

"Балдарды коргоо борборуна" сексуалдык ыдык көргөн, зордук-зомбулукка кабылган кыздар жана ата-энелери көп кайрылат.

Алар менен иш алып барган психолог Ольга Биденко зомбулуктан кийин өспүрүмдү коомго аралаштырууда өз убагындагы жардам маанилүү дейт.

"Биринчи кезекте кыздын жакындарынын мамилеси, колдоосу маанилүү. Зордук-зомбулук учурунда кызды туугандары жектеп чыгышат. Мунун баары анын психологиясына таасирин тийгизбей койбойт. Кызды кайра мурдагы жашоосуна кайтып келишине мынча убакыт керектелет деп так кесе айтуу да мүмкүн эмес. Айрымдарына жарым жыл, кээ бири жылдап ичиндеги өксүк менен жашайт. Мындай окуяга кабылган кыздардын ата-энелеринин аракети да ар кандай болот. Бири кыздын психологиялык абалына өтө көп көңүл бурбайт, бири тескерисинче, ашкере аяп, кайра-кайра эстете берет".

Зомбулукка кабылган кыз-келиндерге Кыргызстанда ондон ашык кризистик борборлор жардам берет. Алар өлкөнүн дээрлик ар бир аймагында бар. Кризистик борборго кайрылгандар арасында басымдуу бөлүгүн үй-бүлөлүк же сексуалдык зомбулукка кабылган кыз-келиндер түзөт.

"Мээрман" кризистик борборунун жетекчиси Майрам Эмиль кызы буларды билдирди:

"Зомбулук чынжырчасы токтобой жатат. Кичинекей кыз энеси зомбулукка кабылганын көрсө, кайра өзү да кийин кабылып жатат. Бизге беш жаштан 70 жашка чейинки аялдар кайрылат. Сексуалдык мүнөздөгү зомбулукка кабылган секелектер менен жылдап иштейбиз".

Сексуалдык зомбулукка болгон жаза жана алдын алуу

2022-жылы Кыргызстанда "Балдар жөнүндө" кодекс иштей баштады. Эми бала зордуктаган кылмышкерге карата “кылмыш мөөнөтү өтүп кетти” деген норма колдонулбайт. Мурда андайлар 11-15 жылга эркинен ажыратылса, азыр 15 жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин абакка камоо жазасы чегерилет. Мөөнөтүнөн мурда бошотууга жана мунапыс берүүгө тыюу салган чаралар да кирген.

Жашы жете элек балдарга карата жасалган "Зордуктоо" жана "Сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренелери боюнча 15 жылга же болбосо өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралат.

Айтмакчы, Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук соту алты жашар кызды зордуктаган деп айыпталган жаранды өмүр бою эркинен ажыратты.

2022-жылы ошол эле кезде педофилдерге жазаны андан ары катаалдатып, өлүм жазасын киргизүү сунуштары да көтөрүлгөн.

Буга Кадамжай районунда зордукталып, киши колдуу болгон 14 жаштагы кыздын окуясы себеп болгон.

Кыздын өлүмү боюнча төрт киши кармалган. Алардын экөө Оштогу тергөө абагында өмүрүн кыйганы айтылган.

"2022-жылы балдарга болгон сексуалдык мүнөздөгү укук бузуулар боюнча президент комиссия түзүп, биз сунуштарды жибердик. Ошол сунуштардын да аткарылышын күтүп жатабыз. Прокуратура менен козголгон иштердин сотко жетиши боюнча сунуштар жиберилген. Биз 2023-жылы эл аралык уюмдар менен тыгыз иштешели деп жатабыз. Келээрки жылы балдарга карата сексуалдык мүнөздөгү кылмыш иштери боюнча пландар көп. Биз бул жаатта эл аралык уюмдар менен бирге иш алып барууну пландап жатабыз", - деди Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева.

Укук коргоочу Назгүл Турдубекова социалдык кызматкерлердин санын көбөйтүп, маселени өз убагында чечүү зарылдыгын белгиледи.

"Социалдык кызматкерлердин аздыгы да көйгөй болуп жатат. Алардын саны көп болсо маселени чечүү кыйла жеңил болмок. Адистер жер-жерлерде иштемек. Ошол эле кезде кыздарга өзүн коргоо боюнча маалымат берүү зарыл. Чоочун кишилер менен сүйлөшүү, өзүнүн денесине башкаларды жолотпоо өңдүү учурлар".

2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу фактысы катталса, ал иштердин 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген.

Ички иштер министрлиги 2022-жылы жети айда сексуалдык зомбулукка байланыштуу жалпысынан 121 кылмыш иши тергелип, анын 80и сотко жөнөтүлгөнүн кабарлаган. Балдарды зордуктоо фактысынан улам 39 иши тергелип, анын 25и сотко өттү, үч кылмыш иши токтолуп, дагы 11 кылмыш ишин тергөө уланууда.

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG