Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:15

Бишкек менен Чүйдүн 15 мектебинде зомбулукка каршы жыйындар өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкектин жана Чүйдүн 15 мектебинде балдарга карата зомбулукту алдын алуу боюнча кеңири масштабдагы иш-чаралар өтөрүн 24-ноябрда президенттин басма сөз кызматы билдирди. Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстандын балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева Кемин шаарында 30 мектептин директорлорунун жана алардын окутуу-тарбиялоо иштери боюнча орун басарларынын катышуусу менен өткөн жыйынга катышты.

Жыйында мектеп рэкетине жана гендердик зомбулукка каршы күрөшүү, зордук-зомбулукту алдын алуу, ата-эненин жана мугалимдин жардамы менен колдоосуна муктаж балдарды аныктоо, бул жаатта башка өлкөлөрдө кандай тажрыйба бар экени менен таанышуу маселелери талкууланды.

“Асель Чынбаева туура жана туура эмес мамилелер, эмоционалдык интеллектти жакшыртуу, коопсуз мектеп куруу, чыр-чатактарды башкаруу боюнча жаңы сабактарды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи” деп билдирди мамлекет башчынын басма сөз кызматы.

Кыргызстанда балдарга карата зордук-зомбулук токтобой жатканын өз кайрылуусунда 26-августта мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов билдирген. Ал келтирген маалыматка караганда, 2021-жылы өлкө аймагында 254 жаш кызды мажбурлап никеге тургузуу фактысы катталса, ал иштердин 84 пайызы кылмыш курамы жок деген негизде жабылып калган. Андан тышкары 118 бала сексуалдык мүнөздөгү зордукка кабылган, ур-токмокко алынган 264 балага коргонуу ордери берилген.

“Быйыл деле мындай кылмыштардын азайганы байкалбайт. Өткөн жарым жылдын жыйынтыгында балдарга карата жасалган зордук-зомбулуктун 500 фактысы катталды, анын 55и сексуалдык мүнөздөгү кылмыш. Мындай оор кылмыштардын 80 пайызын тууганчылыгы бар адамдар жасаган. Алардын арасында ошол балдардын өз ата сөрөйлөрү да бар экен”, - деген Касмамбетов.

Мамкатчы билдиргендей, азыр 2022-2026-жылдары балдарды коргоо боюнча программанын долбоору иштелип чыкты. Анын негизги максаты – балдардын кызыкчылыгын коргоо жаатындагы укук-ченемдик базаны өркүндөтүү.

8-августта Кыргызстанда «Балдар жөнүндө» кодекс иштей баштады. Эми бала зордуктаган кылмышкерге карата “кылмыш мөөнөтү өтүп кетти” деген норма колдонулбайт. Мурда андайлар 11-15 жылга эркинен ажыратылса, азыр 15 жылдан тартып өмүрүнүн аягына чейин камалуу жазасына тартылат. (RK)

XS
SM
MD
LG