Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

Киев менен Москва “50-50” форматында туткун алмашты


Андрей Ермак жарыялаган сүрөт.
Андрей Ермак жарыялаган сүрөт.

Украина менен Орусия “50 адамга 50” форматында өз ара туткун айырбаштады. Бул тууралуу украин президентинин кеңсе башчысы Андрей Ермак кабарлады. Бул маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги менен Украинанын Донецк облусундагы жикчилдердин лидери Денис Пушилин дагы ырастады.

Ермак Киевге кайткан туткундардын арасында Куралдуу күчтөрдүн, Улуттук Гвардиянын жоокерлери, чек арачылар жана Мариуполдун, “Азовсталдын” коргоочулары, Змеиный аралынан кармалгандар бар экенин маалымдады.

Пушилин мекенине кайтарылган жоокерлерди дарылып, реабилитациядан өткөрүү үчүн Москвага жеткирилери кабарлады.

Киев менен Москва соңку ирээт ушул айдын башында “107 адамга 107” форматында туткун алмашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG