Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:15

Бишкекте элдик курултай башталат


Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.
Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган.

Бүгүн, 25-ноябрда Бишкекте эки күндүк элдик курултай башталат. Президенттин басма сөз кызматы билдиргендей, ага мамлекет башчы, бардык облустардан чогулган миңден ашык делегат, Жогорку Кеңештин депутаттары жана өкмөт мүчөлөрү катышат. Курултайдын соңунда резолюция кабыл алынат.

Иш-чараны Улуттук телерадио корпорациясы, облустук телеканалдар жана алардын социалдык баракчалары түз көрсөтөт.

Президент Садыр Жапаров 16-августта "Элдик курултайды чакыруу жөнүндө" жарлыкка кол койгон. Ал ошол күнү Фейсбуктагы баракчасы аркылуу “бийликтин бардык бутактары элге отчет берерин жана бийлик делегат тандоого кийлигишпесин” билдирген.

Элдик курултай институту былтыр 5-майдан тартып күчүнө кирген Конституцияда жазылган. Ага ылайык, ушул жылдын 1-сентябрына чейин атайын мыйзам кабыл алынып, курултай жыл аягына чейин жыйынга чогулушу керек. Бирок ал мыйзам убагында кабыл алынбай калган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG