Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:30

БУУ Иранды нааразылык акцияларын күч менен басууну токтотууга чакырды


 Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк.
Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк.

Бириккен Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча кеңеши Ирандагы жапырт куугунтуктоолорду талкуулоо үчүн 24-ноябрда чукул жыйынга чогулду. Анын ачылышында сүйлөгөн сөзүндө уюмдун Адам укуктары боюнча жогорку комиссары Фолькер Тюрк Ирандагы тынч демонстранттарды куугунтуктоо токтошу керек экенин белгиледи.

Ал азыркы кызматына 17-октябрда киришкен. Чукул жыйынды өткөрүүнү Германия менен Исландия сунуштап, 50дөн ашуун мамлекет колдогон. Буга Ирандагы эки айдан бери токтобой жаткан жапырт демонстрациялар жана акцияга чыккандарга каршы бийликтин аракети түрткү болду.

Фолькер Тюрктун айтымында, бул убакыт ичинде 300дөй адам мерт кеткен. Баш кеңсеси Норвегияда жайгашкан Ирандагы адам укуктары уюму 400дөн көп адам өлгөнүн, алардын 50дөйү балдар экенин билдирген. БУУнун маалыматына караганда, миңдеген адам камалган. Арасында аялдар, балдар, журналисттер да бар. Алты киши митингге чыкканы үчүн өлүм жазасына тартылды.

Жыйында дипломаттар Ирандагы окуялар боюнча эл аралык иликтөө жүргүзүү сунушун талкуулашты. Германия менен Исландия сунуштаган резолюция долбооруна ылайык, эл аралык көз карандысыз комиссия Ирандагы адам укуктарынын бузулушун иликтеп, далилдерди чогултушу зарыл. Расмий Тегеран башаламандыктын тутанышын Батыштан көрүп, резолюция долбооруна каршылыгын билдирүүдө.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG