Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:10

Үрөй учурган кылмыш өлүм жазасын эске салды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда педофилия сыяктуу өзгөчө мыкаачылык менен жасалган кылмыштар үчүн өлүм жазасын киргизүү сунушталууда.

Кадамжайда 14 жаштагы мектеп окуучусу зомбулук менен өлтүрүлгөн окуяга байланыштуу айрым депутаттар балдарга жана аялдарга зордук-зомбулук күчөгөнүн, ошондуктан педофилдерге, зордукчуларга өкүмдү катаалдаштырып, өлүм жазасын колдонууга уруксат берүү демилгесин көтөрүштү.

Бирок башка бир депутаттар менен эксперттер жазаны катуулатуу менен эмес, кылмышкердин жазадан качып кутулушуна жол бербөө маанилүү экенин белгилешти. Алардын айтымында, сот адилеттигинин азыркы абалында өлүм жазасын киргизүү бейкүнөө кишилердин көзүн ар кандай себептер менен жазалоого жол бериши мүмкүн.

Үрөй учурган кылмыш. Катаал жазаны сунуштоо

Жогорку Кеңештин депутаттары соңку жылдары өлкөдө зордук-зомбулук менен коштолгон оор кылмыштардын саны көбөйүп, улам кайталанганына тынчсызданышты.

Өспүрүмдөргө, балдарга жана аялдарга зомбулук көргөзүп, зордуктоо, мыкаачылык менен өлтүрүү фактылары системалуу мүнөзгө айланып баратканын айткан айрым эл өкүлдөрү мындай кылмышка баргандарга катаал жаза колдонуу боюнча мыйзам иштеп чыгууну сунушташты.

"Кадамжайда үч бала 14 жаштагы өспүрүм кызды зордуктап, өлтүргөн үрөй учурган окуя болду. Мындай кайгылуу окуя биздин өлкөдө биринчи эле жолу болгон жок. Мындай окуялар жылдан жылга болуп жатат. Ошондуктан бул боюнча чечкиндүү кадамдарга барышыбыз абзел. Мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, педофилдерди өлүм жазасына тартуу керек", - деди депутат Ырысбек Атажанов.

"Кылмышкерлер түрмөдөн коркпойт"

Парламенттин "Ыйман нуру" фракциясынын жетекчиси, депутат Нуржигит Кадырбеков Кылмыш-жазык кодексине өлүм жазасын кайтарууну жактап чыкты. Ал коркунучтуу кылмышкерлер түрмөдөн коркпой калганын, ошондуктан жаш муунду криминалдык идеологиядан арылтып, катуу сабак болушу үчүн өлүм жазасын киргизүү учурдагы зарылдык деп эсептейт.

Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын жетекчиси.
Нуржигит Кадырбеков, Жогорку Кеңештин депутаты, "Ыйман нуру" фракциясынын жетекчиси.

"Кылмышка жараша жаза болушу керек. Гуманизм деп өлүм жазасын жок кылдык. Гумандуулуктун аягы ушундай болуп жатат. Гумансыздар гумандууларды өлтүрүп жатышат. Кээ бир адамдар бар, өлүмдөн башка нерседен коркушпайт. Коррупция жайылган өлкөдө жазадан дагы коркушпайт. Бүгүн 15 жылга кесилсе, үч жылдан кийин ошол киши эркиндикте жүргөн болот. Биз алардын кесилгенин эле карайбыз. Баёо элбиз. Алар үч жылдан кийин абактан чыгып алып, каалаганын кылат. Түрмө адамды оңдобойт. Өлүм жазасын киргизүү керек. Башка жол жок. Мындайлар өлүмдөн гана коркпосо, башкадан коркпойт".

Жогорку жаза чарасын өмүр бою абакка кесүүгө алмаштыруунун башкы себеби бейкүнөө кишилер атайын же жаңылыш өлүм жазасына тартылып кеткенине байланыштуу. Кыргызстан эгемендик алган алгачкы учурунда өлүм жазасын камтыган СССРдин Кылмыш кодекси менен жашаган. Суверендүү мамлекеттин алгачкы Кылмыш-жазык кодекси 1997-жылы иштелип чыгып, анын 50-беренесинде өзгөчө оор кылмыштар үчүн өлүм жазасы болгон. Бирок ошондогу президент Аскар Акаев 10 жылга өлүм жазасын колдонууга мораторий киргизген жарлык чыгарган.

"Өлүм жазасын кайтарып, оор кесепеттерге барбайлы"

Жогорку Кеңештин "Альянс" фракциясынын башчысы, депутат Жанарбек Акаев азыркы шартта өлүм жазасын киргизүүнүн кесепеттерин эскертти:

"Өлүм жазасы тууралуу маселе көтөрүп жатасыздар. Андай айбанчылыкка баргандарды коомчулук жек көрөт. Жашы жете электерди зордук-зомбулукка, өлүмгө жетирген бүтүндөй кыргыз коому жектешибиз керек. Аларды эч качан аябашыбыз керек. Бирок азыркы сот системасынын абалын көрүп жатабыз. Ушундай учурда "ураалап" барып өлүм жазасын кайра киргизгенибиз адилеттүү болобу? Азыр түрмөлөрдө канчалаган бейкүнөө адамдар отурат. Жазанын андан башка дагы катаал түрлөрү бар. Эгерде өлүм жазасы кирсе, жүздөгөн, балким, миңдеген бейкүнөө кишилер өлүм жазасына тартылып кетпейт деп, ким кепилдик бере алат? Адам укугуна байланыштуу маселелер Баш мыйзамды өзгөртүү аркылуу гана жүрөт. Былтыр тескерисинче, Казакстан өлүм жазасын жокко чыгарды".

Кыргызстан Адам укугуна байланыштуу Эл аралык конвенцияларга мүчө. Ага ылайык жазаны гумандаштыруу, сот катачылыгына жол бербөө үчүн өлүм жазасын өмүр бою абакка кесүү менен алмаштыруу чараларын кабыл алган. Ал эми парламент 2007-жылы Кылмыш-жазык кодексинен өлүм жазасына байланыштуу беренени толук алып салган. Ошол эле жылы 21-октябрда референдумда кабыл алынган Баш мыйзамда аталган жогорку жаза чарасы биротоло жокко чыгарылган.

Жазанын кайтпастыгы, катаал жазадан таасирдүү

Кылмыш укугу боюнча эксперт, милициянын отставкадагы полковниги Александар Зеличенко жазанын катаалдыгы эмес, кылмышкерди жазасыз калтырбоо маанилүү экенин белгиледи:

Александр Зеличенко, кылмыш укугу боюнча эксперт, милициянын полковниги.
Александр Зеличенко, кылмыш укугу боюнча эксперт, милициянын полковниги.

"Өлүм жазасы менен кылмыштуулукту төмөндөтүүнүн ортосунда эч кандай байланыш жок. Кытайда чөнтөкчүлөрдүн манжалары кесилген. Англияда ал үчүн дарга асышкан. Уурулук азайып кеттиби? Тескерисинче, өлүм жазасы аткарылган күндөрү кылмыштын саны өскөн. Эл чогулган жерде уурулар карап тургандардын чөнтөгүн тазалап турган. Жазаны катаалдаштыруу кылмыштын алдын алууга эч качан өбөлгө түзгөн эмес. Бул миф. Маселе анын катаалдыгында эмес, жазасыз калтырбоодо. Кылмышкер жазадан качып кутула албагандай болушу керек".

Ал эми парламентте өлүм жазасын кайра киргизүү демилгеси Кадамжайдагы үрөй учурган окуядан кийин коомчулукта жазаны катаалдаштыруу талабына байланыштуу чыкканы айтылды.

Депутат Медер Алиев өлүм жазасын киргизүү оор кылмыштарды ооздуктай албай турганын эл аралык тажрыйба бир нече ирет далилдегенин айтып, анын тескери жыйынтыктары көп болорун белгиледи:

"Мен коомчулукка жага тургандай, рейтинг топтой тургандай көз карашты айткым келбейт. Менин айта турган сөзүм айрымдарга жакпашы мүмкүн. Бирок мен өлүм жазасынын кереги жок деп айтам. Анткени биздин тергөө жана сот тутумунун шартында кайра эле бей-бечаралардын балдары өлүм жазасына тартылып, байлардыкы кутулуп кетет. БУУ мурда өлүм жазасы бар мамлекеттердеги кылмыштуулуктун көрсөткүчтөрүн изилдеген. Бардык эле жерде бирдей экен. Мисал катары АКШны алышкан. Анын айрым штаттарында өлүм жазасы бар, айрымдарында жок. Статистика бардык аймактарда бирдей болуп чыккан. СССРде Чикатило деген маньяк чыккан. Ал канча деген жаш кыздарды зордуктап, өлтүрүп, анын айынан Кравченко деген бейкүнөө киши айыпталып, атылып кеткен. Анткени тергөө иштери туура эмес, жаңылыш жол менен жүргөн".


Жакында Жогорку Кеңеш Кылмыш-жазык кодексине өзгөртүү киргизип, зордук-зомбулукка, педофилияга байланыштуу мыкаачылык менен жаслаган кылмыштар үчүн жаза чараларын катаалдаштырган. Анда аларга өмүр бою эркинен ажыратканга чейинки жаза чарасы каралып, мөөнөтүнөн мурун бошотууга жана мунапыс берүүгө тыюу салган чаралар кирген.

КМШнын дээрлик бардык өлкөлөрү өлүм жазасын жокко чыгарган.

Ирада бул жаза чарасы кеңири колдонулуп, "шарият эрежелерин бузду" деген негизде бейкүнөө аялдар, жаш балдар жана эркек кишилер өлүм жазасына тартылган учурларын Эл аралык адам укугун коргоо уюмдары сындап келишет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG