Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:00

Беларус жыгачы, кыргыз документи: санкцияларды кыйгап өткөн схема


Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Евробиримдик өз аймагына беларус жыгачын импорттоого тыюу салгандан кийин, аны Кыргызстандан ташып кирүү эселеп өскөн. Бул тууралуу Беларус иликтөөчү журналисттери жазып чыкты. Алардын маалыматына караганда, беларус жыгач өндүрүүчүлөрү кыйыр реэкспорттоо схемасын колдонуп, Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Евробиримдиктин өлкөлөрүнө өз продукциясын жеткирүүнү уюштурган.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай келатканын эскертти.

Иликтөөчү журналисттердин маалыматына караганда, Беларус​тун жыгач иштетүүчү продукциясына санкциялар күчүнө кирери менен аны Казакстандан ташып келүүнүн көлөмү 2021-жылга салыштырмалуу 74 эсе, Кыргызстандан болсо 18 миң эсе өскөн.

Мындан улам жогорудагы сандар иликтөөчү журналисттерди кызыктырып, алар санкцияларды айланып өткөн схеманы аныктап чыгышты. Иликтөөдө Беларус жыгачын жасалма документ менен Кыргызстан жана Казакстан аркылуу Европа өлкөлөрүнө ташып кирүү алардын уюштуруучуларына 30 миллион еврого жакын киреше алып келери айтылат.

“Беларус​ иликтөөчүлөр борборунун" журналисти Александр Ярошевич "Азаттыкка" буларды айтып берди:

“Европага бараткан жүк документ боюнча Кыргызстан жана Казакстанга катталган. Бирок аны текшере келгенде товар Беларуста өндүрүлгөнү, маркировкасы аларга таандык экени аныкталган. Арасынан Беларус кагаздары да табылган. Ушундай учурдар Евробиримдиктин бажысында бир нече жолу катталган. Мунун баары санкцияларды айланып өтүш үчүн атайын жасалган схема”.

Схема өтө жөнөкөй. Иликтөөдө беларустук "Стандарт качества" деп аталган экспертиза борбору Бишкектеги "Сертификат КейДжи", “Агро Кейджи", "СК Гранд" жана "Адмит" деп аталган төрт компания менен кызматташары айтылат. Алар ушундай жол менен беларус жыгачына Кыргызстандын документтерин алууга жана Евробиримдиктин бажысынан өткөрүүгө жардам берет. Жыгачтын өзү Кыргызстанга алып келинбейт.

"Украинадагы согуштан кийин Орусиянын жана Беларустун жүгү Европага жетпей калды. Мындай учурда аны Кыргызстандан же Казакстандан келе жаткан товар катары каттап жатышат. Бул бизнес менен Кыргызстан жана Казакстандын компаниялары алектенип жатышат. Аларды негиздеген адамдардын катарында Беларустун жарандары бар. Биз Беларуста жасалып, бирок Кыргызстандын документтери менен Литвага жеткирилген продукцияны таба алдык. Документ боюнча аталган товарлар Кыргызстандан ташылып келүүдө. Демек, кыргыз бажысы мөөр басып, бул боюнча кабардар болуш керек. Эми алардан сурап алса болот", - деди журналист Александр Ярошевич.

Кыргызстандын Европага устун-тактай экспорттой турган чама-чаркы жок. Керектөөдөгү жыгачтын 90%дан ашыгын чет жактан, көбүн Орусиядан ташып келет.

Кыргызстандан уланган кыйыр схема

Иликтөөдө сөз болгон "Сертификат КейДжи" компаниясы 2022-жылы январь айында Юстиция министрлигинен каттоодон өткөн. Анын негиздөөчүсү катары Беларустун мурдагы мамлекеттик кызматкери Олег Нарчук менен кыргызстандык Чыңгызхан Камалдинов көрсөтүлгөн.

17-декабрда компания кайра каттоодон өтүп, эми ага Талантбек Самаков менен Жеңиш Бакыт ээлик кылып калды. Биз алар менен байланыша алган жокпуз.

Osoo.kg сайтынан алынган скриншот.
Osoo.kg сайтынан алынган скриншот.

Ал эми “Адмит” компаниясынын юридикалык дареги туура эмес болуп чыкты. Өзүн аталган компаниянын өкүлү катары тааныштырган Владимир телефондон мындай деп айтты:

“Беларус​тун продукцияларын эч качан реэкспорттогон эмеспиз. Биз чындыгында эле ири өндүрүүчү болуп эсептелебиз жана биздин ишкана Кыргызстанда жайгашкан. Эмне болгон иликтөө экенин билбейм. Бизде баары жакшы жана таза иштейбиз. Мен ушуну гана айта алам”.

Бирок иликтөөчү журналисттер “Адмит” компаниясына кардар катары чалышканда, алар Беларус​тун товарын Кыргызстандын сертификаты менен Европа өлкөлөрүнө алып кирип жүрүшкөнүн айтып беришкен.

Ал эми мамлекеттик мекеме “Кыргызстандарт” Беларус​та өндүрүлгөн жыгач Европага кыргыз документтери менен кетип жатканын биринчи жолу угуп жатканын айтты. Анын директору Болотбек Нурматов “Азаттыкка” мындай деди:

“Мен үчүн чоң жаңылык, бул маселени биринчи жолу угуп атам. Ал эми сертификация менен алектенген мекеме “Кыргызстандарт” жогоруда аталган продукцияга бир дагы сертификат берген эмес. Бирок Кыргызстандын аймагында сертификация менен алектенген 20дай жеке компания бар”.

Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстан керектөөдөгү жыгачтын 90 пайыздан көбүн чет өлкөлөрдөн, көбүнчө Орусиядан ташып келет.

Кыргызстандын Экономика жана коммерция министрлиги билдирүү таратып, быйыл август айынан бери өлкөдөн жыгач материалдары Евразия экономикалык биримдигинен (ЕАЭБ) тышкары эч жакка чыгарылбай келатканын эскертти. 21-декабрда жарыяланган билдирүүдө, Орусияда быйыл жыл башында киргизилген чектөөдөн улам Кыргызстан бул өлкөдөн жыгач материалдарын ташып келе албай калганы, 1-августта кыргыз өкмөтү да жыгач материалдарын ЕАЭБден сырткары жакка экспорттоого убактылуу тыюу салган токтом кабыл алганы айтылат.

“Тыюу Орусияда өндүрүлүүчү жыгач материалдарына гана эмес, кайсы гана өлкө болбосун, баарына карата киргизилген”,-деп белгиленет аталган билдирүүдө.

  • 16x9 Image

    Айбек Бийбосунов

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. 2015-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

     

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG