Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Январь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:11

ЕАЭБ: Путиндин газ саясаты, санааркаткан санкция


Евразиялык экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттердин жетекчилери, Бишкек. 9-декабрь, 2022-жыл.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин Бишкек саммитинде уюмдан тышкаркы эл аралык экономикалык кызматташтыкты арттырууга басым жасалды. Бул чара Орусияга салынган эл аралык санкцияларды кыйгап өтүп, анын кесепеттерин жоюуну көздөй турганы айтылды.

Ошондой эле бул биримдиктин ичиндеги товарларды, капиталды жана жумушчу күчүн эркин жүгүртүүгө тоскоолдуктар менен чектөөлөр жоюлбай жатканы айтылды. Ал эми жалпы газ рыногун түзүү демилгеси каралып, анын шарттарын иштеп чыгуу жагы талкууланды.

ЕАЭБ уюмунун бул жыйыны жакында Орусия Казакстан, Өзбекстан менен бирге газ союзун түзүү ниетин айтып, бирок Ташкент андан обочолонгон окуядан кийинки жагдайга туура келди. Ошондуктан бул уюм экономикалык кызматташтыктан мурун Орусиянын геосаясий мүдөөсүнө байланган деген көз караштар болду.

Мирзиёевдин Бишкекке келбеген себеби?

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыл соңунда Бишкекте өткөн кезектеги жыйынына Казакстандын, Орусиянын, Беларустун президенттери жана Армениянын премьер-министри келди. Кыргызстан быйыл уюмга төрагалык кылууда. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов бул жыйынга байкоочу мамлекеттин өкүлү катары катышты. Башында ага өзбек президенти Шавкат Мирзиёевдин катышары алдын ала айтылып, бирок ал бул жыйынга келбей калды.

Бирок айрым серепчилер Орусиянын президенти Владимир Путиндин Казакстан жана Өзбекстан менен бирге газ үчилтиги түзүлөрүн айтканы буга себеп болушу мүмкүн деген ойдо. Анын казак президенти менен жолугушуудагы сөзү өзбек президенти менен макулдашылбаган болушу мүмкүн. Ташкент Өзбекстан эч кандай союзга кирбестигин, газды Орусиядан коммерциялык шарт менен сатып аларын жарыялады.

Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай бул жолу Москванын Өзбекстанга карата "газ капканы" чакыбай калганын белгиледи:

"Анткени өзбек тарап түшүнүп жатат. Анын газ кору Орусиянын көзөмөлүнө өтүп, анын айтканындай болушун каалабайт. Бул жерде Орусия санкциялардан улам башка өлкөлөр аркылуу газын сыртка сатуу анын экономикалык кызыкчылыгы. Экинчиден, Орусия газдын алды-саттысы аркылуу саясий үстөмдүгүн чыңдагысы келет. Ошондуктан Ташкенттин билдирүүсүн бул анын андан обочолонууга берилген сигнал катары түшүнсө болот. Демек, Өзбекстан Орусиянын газ кызыкчылыгына байлаган капканына түшүп бергиси келбеди".

Буга чейин Өзбекстан бир катар аймактарында газ таңкыстыгын баштан кечирип жатканы кабарланган. Ошондуктан Орусия Казакстан менен кошо Өзбекстанды жаңы газ келишимине киргизүү аркылуу саясий үстөмдүгүн ишке ашырууну мерчемдегенин, Астана бул иште ага "жардам" кылууну ниеттенген болушу мүмкүн экенин өзбекстандык эксперт Алишер Илхамов "Азаттыкка" курган магеинде төмөндөгүдөй белгиледи:

"Казакстан Орусия менен чек арасынын узундугун, өлкөнүн эгемендигине туулган коркунучтарды, казак кара майын экспорттодогу тоскоолдуктарды эске алганда кайсы бир деңгээлде Москва менен кырдаалды жөндөшү зарыл экени айтпаса да түшүнүктүү. Астана Москва менен ушинтип ойноп жатып, өз маселелерин чечеби же аймактагы суверендүү интеграцияны садага чаап береби? Маселен, Өзбекстан үчүн мындай үчилтик союз, саясий жагын айтпай эле газ боюнча кызматташууну эле алганда дагы Ташкенттин стратегиялык кызыкчылыктарына төп келбейт. Азыр Өзбекстанга Орусияны кыйгап өткөн, альтернативалык жолдорду табуу зарыл. Ташкент ошол чыйыр жолду салуунун үстүндө изденип жатат. Эгер Өзбекстан бул союзга кирсе, колу-буту байланып, баарын Москва менен координациялап, макулдашып калат. Бул тууралуу Путин дагы ишарат кылбадыбы".

Путиндин газ саясаты

Бишкекте өткөн жыйында Орусиянын президенти Владимир Путин Орусия ЕАЭБ уюмунун алкагында жалпы газ рыногун түзүү демилгеси боюнча сүйлөшүүлөргө даяр экенин билдирди. Ал тар чөйрөдө өткөн мамлекет башчылары менен кездешүүдө аны менен алектенчү атайын түзүмдү негиздөө маселеси боюнча сөз болгонун айтты. Ошол эле кезде Владимир Путин бул жолу Казакстан жана Өзбекстан менен газ үчилтигин түзүү боюнча мурдагы демилгесине кайра кайрылган жок:

"ЕАЭБ менен Евробиримдик уюмдарындагы газга болгон баалардын айырмачылыгы он эсе же болбосо андан дагы көп. Ошондуктан бул жагдай биздин мейкиндикте тиешелүү экономикалык өсүшкө өбөлгө түзөт. Орусия албетте, жалпы энергетикалык рынокту түзүү демилгесин колдойт. Үстүбүздөгү жылы ЕАЭБ уюмунун алкагында бажы тоскоолдуктарын жана административдик чектөөлөрдү алып салууга багытталган чечимдер кабыл алынды".

Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны, 2022-жылдын 9-декабры.
Садыр Жапаров менен Владимир Путин. Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйыны, 2022-жылдын 9-декабры.

Чечилбеген чектөөлөр

Быйыл жайында Казакстан мунайын Орусиянын аймагы аркылуу сыртка ташып сатууга тоскоолдуктар болгонун жарыялап, өз ара сүйлөшүүлөрдөн соң кырдаал жөнгө салынган. Ошол эле кезде жыйында бул жагдайды эске алуу менен казак президенти Касым-Жомарт Токаев тоскоолдуктар жоюлбай жатканын айтты:

"Биздин экономикалык уюмдун интеграциялык өнөктөштүгүнүн натыйжалуулугу бизде кабыл алынган төрт эркиндикти сактоо принциптеринен көз каранды. Алардын бири товарларды эркин ташуу эркиндиги. Биз экономикалык биримдиктин аймагындагы бардык тоскоолдуктарды, чектөөлөрдү жана квоталарды алып салсак туура болот эле".

Жыйынга төрагалык кылган Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров ЕАЭБ уюмуна мүчө мамлекеттердин жалпы аракети менен быйыл жазында азык-түлүк таңкыстыгын алдын алууга мүмкүн болгонун билдирди.

Ошондой эле Садыр Жапаров Орусияга салынган эл аралык санкциялардын таасиринен улам келип чыкчу ар кандай кырдаалдын алдын алуу үчүн уюмдун эл аралык экономикалык кызматташтыгын арттырууга басым жасады:

"Быйылкы соода-экономикалык жана каржылык туруксуздуктун шартында биз тараптан элүүдөн ашуун чечимдер жана чаралар кабыл алынды. Алар ишкердикти колдоого, бажы-тарифтик жөнгө салууга, каржылык туруктуулукту камсыздоого жана мына ошолордун негизинде эл аралык экономикалык кызматташтыкты арттырууга багытталган чаралар. Биздин уюм Иран жана Индонезия менен эркин соода тилкелерин түзүү боюнча макулдашууга жетишүү үчүн сүйлөшүү жараянын баштады. Бириккен Араб Эмираты менен ушундай сүйлөшүүлөрдү баштоо демилгеси колдоого ээ болду".

Евразия экономикалык биримдиги 2010-жылы Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG