Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:43

"Кыргызстан, Армениянын Орусияга экспорту эки эсе өстү". Батыш санкцияны буйтаган жолдорду иликтейт


Калининграддан чыккан жүк вагондору. Литванын Кибартай темир жол станциясы. 2022-жыл.
Калининграддан чыккан жүк вагондору. Литванын Кибартай темир жол станциясы. 2022-жыл.

Коңшулар санкцияга кабылган Орусияга жардам берип жатабы?

Financial Times Евробиримдиктен Орусиянын кошуна өлкөлөрүнө экспорт өскөнүн, расмий Брюссел Москвага салынган санкциялар канчалык сакталганын текшерүүнү көздөгөнүн 23-февралда жазды. Гезит сөзгө тарткан шаркеттин санкциялар боюнча атайын өкүлу Дэвид О`Салливан коңшу өлкөлөрдүн “ал товарларды керектөөсү бир заматта өстүбү же тигил же бул жол менен Орусияга реэкспорт кылып жатышабы?” деген собол пайда болгонун айтып, кеп кайсы мамлекеттер тууралуу жүргөнүн ачык айткан жок.

Ошол эле маалда макалада айтылгандай, Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын талдоосуна караганда, Кыргызстан, Армения жана Түркиянын Батыш өлкөлөрүнөн импорту өскөн. Маалыматка караганда, биримдик АКШ жана Британия менен бирге келерки бейшембидеги жыйында көзөмөлдү күчөтүү максатында санкцияларды буйтап өтүү ыктымалдыгы тууралуу маалымат менен бөлүшмөкчү.

Макалада келтирилген статистикага кайрылсак, Еврошаркеттин, АКШ жана Британиянын Орусияга экспорту былтыркы жылдын май айынан июлга чейин эки эсеге кыскарган. Муну менен бирге Европа менен АКШдан Армения менен Кыргызстанга импорттун өсүшү 80% ашкан. Бул өлкөлөр ошол эле мөөнөттө Орусияга экспортту да эки эсеге көбөйткөн. Банк бул тенденцияны соодадагы жаңы багыттар менен байланыштырат. Маалыматка караганда, Евробиримдиктен Борбор Азияга машина, электроника, айыл чарба техникасынын экспорту негизинен Казакстандын эсебинен көбөйдү.

Андан ары айтылгандай, соода схемаларынын өзгөрүшүнүн артында балким Батыш компанияларынын санкцияларга туш болбогон продукциясын да Орусияга сатуудан ыктыярдуу баш тартуусу турат.

Армения өкмөтү “санкцияларды кыйгап өтүү аракетин алдын алуу үчүн бардык чараларды көрөрүнө” ишендирди. Кыргызстандын өкмөтү журналисттердин комментарий берүү өтүнүчүнө дароо жооп берген жок, - деп жазат басылма.

Евробиримдиктин Статистика агенттигинин маалыматына ылайык, Казакстан былтыркы жылдын декабрында шаркеттен 1 миллион еврого кир жуугуч машиналарды импорттогон. Бул Орусия Украинага басып киргенге чейинки 2021-жылдын декабрындагы көрсөткүчтөн төрт эсе көп.

Казакстандын расмий өкүлү гезитке жооп берип, "Казакстандагы конкреттүү бир компаниялар Батыштын санкцияларынан качуу үчүн колдонулуп жатат деген эч кандай далил байкаган жокпуз, бирок маселеге көз салууну улантабыз, эгерде кандайдыр бир мыйзам бузуулар аныкталса, тез жана чечкиндүү аракет көрөбүз", - деген жооп кайтарды.

"Согуш" деген сөз жазылбаган "тынчтык планы"

Deutsche Welle 24-февралдагы макаласында Кытайдын Украинада тынчтык орнотуу планын жарыялаганын, бирок бир да жолу “согуш” деген сөздү колдонбогонун баяндайт. Англисче вариантында “жаңжал” жана “украин кризиси” деген терминдерди окууга болот. “Тынчтык планынын" тексти Кытай Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарык көрдү.

Маалыматка караганда, Бээжин “ар бир мамлекеттин суверенитети жана аймактык бүтүндүгү корголууга тийиш” деп чектелип, Украина оккупацияга каршы чыгып жатканы айтылган эмес.

Кытай “кансыз согуш” менталитетинен баш тартуу зарыл, “региондун коопсуздугу аскердик блокторду кучтөндүрүү же кеңейтүүнүн эсебинен камсыздалбашы керек” деген тезиске басым жасаган. Макала авторлору муну иш жүзундө Кремлдин позициясын колдоо деп чечмеледи. Андан кийин гана Кытай согуштук аракеттерди токтотуу жана тынчтык сүйлөшүүлөрүн жандандыруу, гуманитардык кризисти жөнгө салуу, карапайым элди коргоо керектигин сөз кылат. Бээжин ошондой эле Орусияга салынган санкциялар жаңы маселелерди пайда кылып жатканын айтып, аларды алууга чакырган.

Документте “жаңжал аймагын” калыбына келтирүүгө дүйнө коомчулугу көмөктөшүүгө тийиш экени тууралуу сөз болгону менен расмий Кытай жоопкерчиликти Орусияга жүктөгөн эмес.

Deutsche Welle жазганына караганда, расмий Бээжин тынчтык планын БУУнун Башкы ассамблеясында сунуш кылат деп күтүлгөн, бирок андай болбой калды. Украин тышкы иштер министринин айтымында, Кытай документти түзгөндө Киев менен кеңешкен эмес, Мүнхендеги конференцияда демилгенин “негизги элементтери” гана аталган. Макалада 22-февралда Кытай тышкы иштер министри Москвада Орусиянын жогорку жетекчилиги менен жолукканын эске салынган.

Аптасына төрт күн иштеген киши азыраак чарчайт

Британияда жумасына төрт күндүк иш тартибине өтүү сыноосунун жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу бир катар маалымат каражаттары жазды. Ассошиэйтед Пресс агенттигинин маалыматына карагада, бул өңдүү эң чоң экспериментке 61 компания тартылган. Натыйжада кызматкерлердин көбү азыраак стресске дуушар болуп, жумуш менен калган жашоосун жакшыраак тең салмактаганы байкалган. Сыноо былтыр июндан декабрга чейин жүргүзүлгөн.

Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Бул аралыкта сөз болгон компаниялардын кирешеси дээрлик өзгөргөн эмес, ал эми бир жыл мурунку алты айга салыштырмалуу өскөн.

Кембриж университетинин изилдөөчүсү Дэвид Фрейндин айтымында, “төрт күндүк иш тартибине өтүү кыялын реалдуу саясатка айландырса болот”.

Изилдөөгө катышкан 2900 кызматкердин 71% азыраак чарчаганын, 39% стресске азыраак кабылып, 48% аткарган жумушуна мурдагыдан көбүрөөк канааттанганын, 60% жумушка да, үйдөгү иштерге да бирдей убакыт бөлүү жеңилирээк болгонун, 73% жалпы жашоосуна канааттануу жогорулаганын айтышкан. Изилдөө алардын чарчап-чаалыкканы басаңдап, адамдар көбүрөөк уктап, психикалык саламаттыгы жакшырганын көргөздү.

Эксперименттен оң жыйынтык чыккандыктан, компаниялардын 92% төрт күндүк жумуш аптасын улантууну чечкен, 30% мындай өзгөрүү туруктуу болорун билдирди.

XS
SM
MD
LG