Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:01

Украина: Кытайдын "тынчтык планы" кандай максатты көздөйт?


Орусиянын президенти Владимир Путин (солдо) Кытайдын лидери Си Цзинпин менен 2022-жылы сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде.
Орусиянын президенти Владимир Путин (солдо) Кытайдын лидери Си Цзинпин менен 2022-жылы сентябрь айында Самаркандда өткөн Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитинде.

Кытайдын Тышкы иштер министрлиги Киев менен Москванын ортосунда ок атышууну токтотууга чакырып, 12 пункттан турган сунушун жарыялады. Бирок буга көптөгөн эксперттер да, Батыштын кызмат адамдары да салкын карап, Бээжиндин Орусияга жан тарткан мамилеси дагы эле сезилип турат дешет.

Кытай бийлигинин Украинадагы согушту токтотууга чакырган документине көптөгөн эксперттер жана Батыштын расмий кишилери ишенбестик менен карашты. Алар Бээжиндин Орусия менен алакасы бекемделип жатканын эске алып, эми анын мунасага данакер боло аларынан күмөн санап жатышат.

Кытайдын сунушу 24-февралда, Орусиянын Украинага кол салганына бир жыл болгон күнү жарыяланды. 12 пункттан турган сунушта кытай тарап Батыштын Москвага каршы санкцияларын токтотууга, жарандарды эвакуациялоо жана Украинадан данды үзгүлтүксүз экспорттоо үчүн жол ачып, Орусиянын коопсуздугу үчүн кепилдик берүүгө, өзөктүк куралды колдонууга каршы турууга чакырган.

Документте тынчтык сүйлөшүүлөрүнө жол ачуу үчүн согуш аракеттерин ырааты менен басаӊдатуу сунушталат. Бирок Кытайдын Орусия менен Украинанын ортосундагы ок атышууну токтотуу жөнүндөгү чакырыгы дароо эле сынга кабылды. Анткени эми Бээжин бул чырды Батыш баштаган деген көз карашын тастыктап, ошол эле учурда Москвага тыныгып алууну сунуштап жаткан сыяктанат.

"Бээжин бул документ аркылуу дүйнөлүк коомчулукка кайрылды", – деди "Азаттыкка" Сингапурдагы Ражаратнам Эл аралык изилдөө мектебинин улук илимий кызматкери Рафаэлло Пантуччи.

"Бирок эгер Кытай тынчтыкты чын ыкластан жактаса, ал Москвага жагымсыз болгон чындыкты да айтууга тийиш эле, [Бээжин] Орусияга чегиниш керек деп жекече да, жарыя да айткандыгы жөнүндө далил жок".

ДАНАКЕР БОЛУУ ОҢОЙБУ?

Соӊку ирет мындай аракетти 23-февралда Кытайдын башкы дипломаты Ван И. Москвага болгон иш сапарында жасаган. Ошондо Орусиянын президенти Владимир Путин орус-кытай мамилелериндеги “жаңы чектерге жетишилгенин” белгилеп, Кытайдын лидери Си Цзинпиндин быйыл жазда Орусияга келерин да кыйыткан.

Документтин өзүндө негизинен Кытайдын тышкы саясаттагы көптөн бери карманып келаткан туруму чагылдырылган, б.а. бардык өлкөлөрдүн “эгемендигине, көз карандысыздыгына жана аймактык бүтүндүгүнө иштиктүү кепилдик” берүү өтүнүчү кайталанган.

Орусиянын президенти Владимир Путин (оӊдо) жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 2023-жылдын 22-февралында Москвадагы жолугушууда
Орусиянын президенти Владимир Путин (оӊдо) жана Кытайдын тышкы иштер министри Ван И 2023-жылдын 22-февралында Москвадагы жолугушууда

Бул бүдөмүк текстте жаӊы эчтеке деле жок. Украинадагы согуштун аякташына ал кандай таасир этерин элестетиш кыйын.

Бирок анда Батышка карата айтылган сөздөр да бар. Мисалы, чыр-чатакты чечүү үчүн “кансыз согуштагыдай” тирешүүнү токтотуп, “аскердик блокторду кеңейтпөө керектиги” эскертилген. Кытайдын Тышкы иштер министрлиги буга чейин мындай сөздөрдү Вашингтон башка өлкөлөргө кийлигишип, НАТОнун аскердик альянсы кеӊейүүдө дегендей мааниде колдонуп келген.

“[Бул] кантсе да кызыктуу, анткени Кытай арачылык жаатында азыркыга чейин анча деле аракет кыла элек, – деди “Азаттыкка” Европа Биримдигинин атын атагысы келбеген жогорку даражалуу кызматкери. – Менимче, анын көздөгөнү – өзүнүн аброюн көтөрүү”.

Евробиримдиктин дагы бир жогорку кызмат адамынын айтымында, бул сунуш Кытайдын “бүтүндөй түштүктүн лидери жана тынчтыктын жактоочусу” болуп көрүнгүсү келерин билдирет. Ал ошондой эле “Европа Кытайдын демилгесине алданбайт” деп кошумчалады.

Батыштын Украинадагы орус согушун айыптоого мажбурлоо аракеттерин четке кагып, Бээжин бир жыл бою согушта бейтарап тургандай көрүнүүгө аракет кылып келгенден кийин ушинтип элдешүүгө үндөп чыкты.

Кытай Орусияны согуш аракеттерин токтотууга жана Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган БУУнун резолюциясы боюнча добуш бербей койгон өлкөлөрдүн катарында болду. 2023-жыл, 23-февраль
Кытай Орусияны согуш аракеттерин токтотууга жана Украинадан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырган БУУнун резолюциясы боюнча добуш бербей койгон өлкөлөрдүн катарында болду. 2023-жыл, 23-февраль

Орусия Украинага бастырып киргенден бир нече жума мурун Си Цзинпин менен Путин алаканын жаңы доору башталганын айтып, эки өлкөнүн ортосундагы “чектөөсүз” өнөктөштүктү жарыялашкан эле. Көптөгөн талдоочулар муну жалпы Америка Кошмо Штаттарына каршы туруу ниети менен байланыштырган.

Согуш башталгандан бери Бээжин Батышты нааразы кылбоо үчүн Орусияга чечкиндүү жардам көрсөтүүдөн этияттанса да, Москва менен кызматташтыгын күчөтүп келди. Кытай Орусияга экономикалык жана дипломатиялык жактан өтө зарыл колдоо көрсөттү, мисалы, бул өлкөдөн отун энергиясын сатып алып, согуш жөнүндө Москванын сөздөрүн ЖМКда жана Бириккен Улуттар Уюму сыяктуу эл аралык форумдарда колдоп-коштоп турду.

23-февралда дагы бир ирет (төртүнчү жолу) БУУда добуш берүү учурунда орус аскерлерин Украинадан чыгарып кетүү талабын колдогон жок.

Батыштын айрым аткаминерлери буга чейин Си Цзинпин Орусияга экономикалык жактан улам көбүрөөк колдоосун Путинди мунасага келтирүү үчүн пайдаланышы мүмкүн деген ойлорун айтып келишкен. Бирок Эл аралык тынчтык боюнча Карнеги фондунун изилдөөчүсү Темур Умаровдун пикиринде, Бээжиндин турумун туюндурган бул документи жана жаңы демилгеси анын Батышка теӊ ата боло алган “дүйнөлүк ири держава” макамына жетишүү ниетин билдирет.

“Бул өтө бүдөмүк текстте жаӊы эчтеке жок, – деди Умаров “Азаттыкка”. – Украинадагы согуштун токтошуна мунун кандайча таасир этерин элестетүү кыйын”.​

КЫТАЙДЫН СУНУШУ КАНДАЙ КАБЫЛ АЛЫНДЫ?

Коомчулуктун бул сунушка мамилеси ар түрдүү: сынчыл карагандар да, анча маани бербегендер да болду.

Документ жарыялангандан көп өтпөй, CNN каналына берген маегинде АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Жейк Салливан Кытайдын сунушундагы пункттардын көпчүлүгүн четке кагып, анын авторлору “бардык өлкөлөрдүн эгемендигин урматтоо жөнүндөгү биринчи эле пунктка” токтолсо болмок деди.

“Украина Орусияга кол салган жок. НАТО Орусияга кол салган жок. Америка Кошмо Штаттары да Орусияга кол салган жок, – деп кошумчалады ал. – Орусиянын бул согушту баштагандагы максаты Украинаны дүйнөлүк картадан жок кылуу, аны жутуп алуу болчу”.

АКШнын президенти Жо Байден (солдо) Киевге алдын ала жарыяланбаган сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленский (оӊдон экинчи) менен жолугушту. Киев, 2023-жыл, 20-февраль
АКШнын президенти Жо Байден (солдо) Киевге алдын ала жарыяланбаган сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленский (оӊдон экинчи) менен жолугушту. Киев, 2023-жыл, 20-февраль

Бээжинде Евробиримдиктин Кытайдагы элчиси Хорхе Толедо 24-февралда өткөн брифингде журналисттерге Кытай жарыялаган документ тынчтык орнотуу планы эмес, анын өз турумун эле билдирүүсү болуп саналарын жана ЕБ аны изилдей тургандыгын айтты.

Кытай өкмөтү бул документти даярдоодо Киев менен кеңешкен жок, бирок Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Мүнхендеги коопсуздук жыйынында жолугушканда Ван И Кытайдын “тынчтык планынын негизги жерлерин” айткан деди.

Бээжиндеги брифингде Толедо Украинанын Кытайдагы убактылуу ишенимдүү өкүлү Жанна Лещинская Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин бул жарыялаган маалыматын “жакшы жышаан” деп баалады.

“Биз алар [кытай дипломаттары] деле Орусияны согушту токтотууга жана аскерлерин чыгарып кетүүгө үндөйт деп үмүттөнөбүз”, – деди Лещинская.

Документ жарыяланар алдында, 23-февралда Киевде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында Украинанын президенти Владимир Зеленский Кытайдын сунушун маанилүү алгачкы кадам деп атады.

“Жалпысынан, Кытайдын Украина жөнүндөгү баштаган сөздөрү абдан дурус”, – деди ал.

Бул документ Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы тирешүү күчөп, Кытай Орусияга аскер техникасын жеткирүү мүмкүнчүлүгүн карап жатат деген айыптоолор айтылып жаткан кезде жарыяланганын да айта кетүү керек.

Бул жөнүндө жакында эле америкалык расмий кишилер бир нече жолу билдиришкен. Ал эми Wall Street Journal Вашингтон курал-жарак өткөрүп берүү боюнча чалгын маалыматтарын жарыялоо мүмкүнчүлүгүн карап жаткандыгын кабарлады.

Германиянын Der Spiegel журналы 23-февралда жарыяланган баянында аты аталбаган булактарга таянып, Москва кытайлык компания менен көп сандаган сокку уруучу дрондорду камдоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгын билдирди.

Бээжиндин расмий адамдары Der Spiegel жарыялаган маалыматка эч кандай түшүндүрмө бербеди, бирок АКШнын дооматтарын аны кескин четке какты.

Ал эми Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Ван Венбин: “Американын Кытайга сөөмөй кезегенге же буйрук берүүгө укугу жок, биз [АКШнын] кытай-орус алакасын сындаганын эч качан кабыл албайбыз”, – деди.

Эксперт Темир Умаровдун баамында, Си Цзинпин Орусия Украинага басып киргенден бери украин президенти Владимир Зеленский менен бир да жолу сүйлөшпөгөнүн эске алганда, бул айыптоолор Кытайдын арачылык кыларына ишенимди жоготуп, азыркы жарыяланган документке карата терс мамилени гана күчөтөт.

“Киев Кытайдын Москваны жактай турганын билет, – дейт ал. – Кытайдын сунуштары орусиячыл болбошу мүмкүн, бирок алар Батышка каршы экендиги анык. Ошондуктан Украинанын буга катышуусуна мүмкүндүк бербейт”.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG