Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Январь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

СССРдин тарашы: аң-сезимде калган эски жүк


“Кыргызстан Демократиялык Кыймылынын" өкүлдөрү Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынын борбордук аянтында нааразылык жыйынын куруп, советтик аскерлердин Балтика өлкөлөрүнөн чыгарылышын талап кылышкан. 1991-жылдын 21-январы. Жыпар Жекшенин жеке архивинен.

Дүйнөлүк тарыхтын нугун өзгөрткөн окуя - СССР деген ири державанын ураганына 25-декабрда 31 жыл болду.

15 союздук республиканы бириктирип, калкы 290 миллионго жетип, Кытай, Индиядан кийинки эле орунда турган чоң өлкө туура 100 жыл мурун 1922-жылы, 30-декабрда түзүлгөн.

Мына ушул эки дата биздин бүгүнкү талкуубузга шылтоо болуп турат. 31 жылда десоветизация же эгемен өлкөлөрдүн калкынын массалык аң-сезиминде кандай өзгөрүү болду? Эгемендикке эгедер болгон пост-советтик мамлекеттердин бийлиги советтик-тоталитардык башкаруу системасынын калдыгынан толук кутула алдыбы? Ушул суроолордун тегерегинде сөз кылабыз.

Бүгүнкү талкууга тарых илимдеринин доктору, профессор Алыбек Акунов, Bizdin.kg сайтынын негиздөөчүсү, журналист, тарыхчы Чоробек Сааданбек катышууда.

- 1991-жылдын 8-декабрындагы Беловеж келишими, андан кийинки 21-декабрда Алматыда кабыл алынган декларация, анын артынан 25-декабрдагы СССРдин акыркы жетекчиси Михаил Горбачёвдун теле кайрылуусу менен советтик империя өзүнүн жашоосун токтотту. Ошол СССР ыдыраардын алдында Кыргызстандагы жалпы коомдук-саясий абал кандай эле?

Алыбек Акунов: Башка союздук республикалардын эң алдыңкы катарында жанагы Прибалтика республикалары болду. Союздан ошолор биринчи бөлүнүп чыкты. Аларда Элдик фронттор түзүлдү, программалар жазылды, алардын көчүрмөлөрү бизге, Кыргызстанга келди. Кыргызстанда да ошондой кыймылдар башталды. Саясий окуяларга бай мезгил болду. Негизи экономикалык каатчылык 80-жылдардын орто чечинде башталган болчу. Бензин жок, дүкөндөрдөгү текчелердин баары бош. Ошол каатчылык мурда жай жүрсө, эми кескин күчөгөн маал эле.

- Чоробек мырза, сиз ошол кезде студент болсоңуз керек.

Чоробек Сааданбек: Ооба, Советтер Союзу ыдыраган мезгилде мен 17 жашта элем. 90-жылы Москвага окууга өтүп, чоң үмүттөр менен барган болчумун, бирок жыл айланбай СССР тарап кетти. Бири СССР учурунда окуган студенттер кетет десе, экинчилери калат дешти. Кийин ар бир окуу жай өзү чечмей болуп калды. Биздин университетти Афанасьев Юрий Николаев деген, ошол кездеги демократтардын биринчи толкунуна кирген киши жетектеп турчу ректор болуп. Ал биз өз студенттерибизди аягына чейин окутабыз деп чечим кабыл алды. Ошону менен мен ал жакта окуп калдым.

Ошол кезде бизде Советтер Союзунун жетекчилерине тил тийгизилчү эмес, аларды ыйык санашчу. Ал эми Москвага келип, метродо бекер таратылып жаткан гезиттерди алып окусам, Михаил Горбачёв менен анын аялын тим эле шыбап жатышыптыр. Ошондо оозум ачылып калды. Булар ыйык эмес турбайбы, буларды да сындаса болот экен да деп калдым. Мындайча айтканда, сөз эркиндигинин алгачкы желаргысын ошол жактан көрдүм. Мен үчүн бул аябай таң калычтуу болгон.

Алыбек Акунов.
Алыбек Акунов.

Алыбек Акунов: Кошумчалап кетейин. Мен бул иниме караганда жашым улуураак эле да. Көбүрөөк көрүп калдым. Партия элдин кыжырына тийип, аябай тажаткан болчу. Элдин Коммунистик партияны көргүсү келбей калган эле. 1989-жылкы Москвадагы Жогорку Советке болгон шайлоодо, 1990-жылкы Кыргызстандын Жогорку Кеңешине болгон шайлоодо коммунисттерге элдин нааразылыгы абдан күч эле. Эл Москвадан, СССРден тажап, саясий бюронун мүчөлөрүнүн портреттерин көчөгө ыргыта баштаган мезгил болчу. Үйү жоктор Бишкектин тегерегиндеги жерлердин баарын басып алып, ушундай бир кымкуут заман болчу.

- Андан бери арадан толук 31 жыл өтүптүр. Эгемендик жылдары төрөлгөн балдардын алды жетилип, жетекчилик кызматтарга чейин келип калбадыбы. Бирок эгемендиктен бери эмне өзгөрдү, эмнелерге жетиштик деген суроолор байма-бай берилип келе жатат. Алымбек агай, сиз эгемендиктен берки 30 тарыхты жазып чоң эмгек жараттыңыз. Ушул отуз жыл аралыгында эгемен өлкөлөрдүн аң-сезиминде десоветизация, же кандайдыр жапырт өзгөрүү болдубу?

Алыбек Акунов: Өзгөрүүлөр жашоонун ар бир чөйрөсүндө болду: экономикада болду, саясатта болду. Бирок жана сиз айткан аң-сезимдеги өзгөрүү аябай жай жүрөт экен да. Элдин үч, балким, беш пайызга чейинкиси аябай жакшы өзгөрүп, базар экономикасына өтөбүз, демократияны курабыз деп, элди алдыга ээрчиткендер болду. Өкмөттүк эмес уюмдар түзүлдү, КДКны түзүштү. Жыпар Жекшеев, Топчубек Тургуналиев сыяктуулар элге жарык чачып, көп иштерди жасашты да. Бирок аң-сезим оңой менен өзгөрбөйт экен. Түшүнүгү такыр өзгөрбөгөндөр бийликке келип жатат да. Алар ого бетер артка тартууда. Сиз десоветизация деп айтып жатасыз. Биз совет деген сөздү колдонбогон менен эки бутубуз менен талтайын эки жакта турабыз. Биз коммунисттик жүктөн али кутулган жокпуз. Бир бутубуз менен ошол жакта турабыз. Тиги биринчи катчынын 100 жылдыгы, бул биринчи катчынын 110 жылдыгы деп эле биз партиянын лидерлерин эскерип, аларга эстеликтерди коюп, алардын майрамын өкмөттүк деңгээлде өткөрүп жатабыз.

Экинчи жактан, ошол партиядан азап таркандарды эскерип, аларды деле колдон келишинче урмат-сыйга бөлөп жатабыз. Ошентип, биздин аң-сезимибизде, атүгүл биздин саясатыбызда ырааттуу көз караш калыптанган жок. Башка союздук республикалардай болуп, эски жүктөн кутула алган жокпуз. Биз коммунисттик мезгилдеги тарыхыбызга баа бере алган жокпуз. Бул болбойт, муну токтотолу, биз алдыга жаңы көз караш менен жылалы деп айтылган жок. Жөнөкөй деңгээлде, т.а. жекече аң-сезимде өзгөрүүлөр болду. Мисалы, мурда өмүр баянда: "Мен кедей дыйкандын үй-бүлөсүндө төрөлүпмүн, ата-энемден эрте айрылып, жалданып жетим өстүм" деп жазылса, эми ошолордун баары "мен байдын тукуму экенмин, атам болуш ж.б.с.у. болуптур" дегендей жазып жатышат. Бирок жалпы коомдук аң-сезимде өзгөрүү болгон жок жана бул бизге аябай тоскоолдук кылууда.

Тарыхты такыр окубай калдык. Мектепте дагы, жогорку окуу жайларда дагы жакшы окутпай калышты. Азыркы жаңы саясат боюнча мыкты университеттер өзүңөрдүн окуу программаларыңарды өзүңөр түзгүлө деп уруксат берилип жатпайбы. Алар болсо биринчи кезекте, тарыхты, адабиятты, "Манасты" чийип салып жатышат. Кесипкөй адистерди даярдайбыз деп, акылы бар, бирок эси жок адистерди даярдап жатышат. Башкача айтканда, жаштардын болгон акылын кантип ичип-жеш керек, кантип байыш керек деген максатка буруп жатышат. Сиз айтып өткөндөй, мен бул тарыхты жаздым. Негизи биздин тарых коррупциянын, уурулуктун эле тарыхы болуп калды. Акаев түзүп кеткен схемаларды эч ким бузган жок. Ошол тарых уланып жатат. Бул жааттан алганда аң-сезимди өзгөртүү үчүн абдан көп иштеш керек. Анткени аң-сезим өзгөрмөйүн адамдын жашоосу өзгөрбөйт экен да.

- Чоробек мырза, жана демократиялык желаргыны көрүп калдым деп айтпадыңызбы, аң-сезимди эмне өзгөртөт? Убакыт өзгөртөт дейин десек, отуз жыл өтүп кетиптир.

Чоробек Сааданбек.
Чоробек Сааданбек.

Чоробек Сааданбек: Советтер Союзунда "Лениндин иши жашайт жана жеңет!" деген бир ураан бар эле. Алыбек агай айткандай, ошол Советтер Союзу катуу үгүт-насаат менен сиңдирген аң-сезим бизде дале жашап келе жатат. Эмне үчүн андай болууда? Биз кайра эле ошол үгүт-насаатты тараткан каналдарды көрүп жатабыз – эми бул орус бийлигинин кайсы бир даражада куралы болуп калды да. Ошол эле советтик кинолор, ошол эле каармандар. Биз кедей болсок да адеп-ахлактуубуз, тигилерге караганда туура жолдо жүрөбүз деген аң-сезимди алар аркылуу дале бышыктап, дале бекемдеп келебиз. Федеративдүү каналдар ошол эски идеяларды дале бизге берип келе жатат. Биз аларды көрүп, угуп, алардан азыктанып, орус тилдүү маалымат мейкиндигинен чыга элекпиз. Өзүбүздүн мамлекеттик тилибиз маалымат мейкиндигин аныктоого, курууга салымы аз болуп жатканы эч кимге сыр эмес. Советтер Союзу темир тордун артындагы жабык өлкө болчу, маалымат бөлөк жактан кирчү эмес, ал эми азыр чек аралар ачык, интернет бар, биз дүйнөнү кыдырып көрө алабыз, ошону менен катар айрым нерселер күнүмдүк турмушубузга көнүмүш нерсе катары кабыл алынып, биз ага баа бере албай калдык.

Бирок ошол нерсе биздин турмушубузда бар, ошондуктан биз Советтер Союзундагыдай кайра жабык темир тордун артына камап, бир киши, бир партия башкарган тутумга толук кайтып келе албайбыз. Анткени жаштар дүйнөнү көрүп жатат, башкача жашоо бар экенин, бөлөкчө дале жашаса болорун өз көзү менен көрүүдө.

Ал эми аң-сезимди өзгөртө турган нерсе бул сөз эркиндиги деп ойлойм. Анан өлкөнүн башка өлкөлөр үчүн, жаңы идеяларга ачык болушу. "Биз жакшы, алар жаман" деп, өзүбүздү бөлүп, ошонун негизинде аларга карама-каршы коюу аркылуу өлкөнү жабыгыраак кармап, өзүбүз туура деп эсептеген баалуулуктарга таянып, биз туура жашап жатабыз деп, эски башкаруу ыкмаларын карманып, ошону сактоого аракет кылып келе жатабыз.

Алыбек Акунов: Аң-сезим өзгөрүш үчүн адам өз алдынча ойлонгонду билиш керек экен да. Өз алдынча ойлонуп, баа берип, тыянак чыгарып, чечим кабыл алганды билиш керек экен. Совет мезгилинде адамдар ойлонбой калган да, алар үчүн партия эле ойлонуп калган. Адамдар өзүнчө ойлонуп, өз оюн айтып баштаса, алардын башып алып турган да. Мен жана эки бутубуз менен эки жакта турабыз деп бекер айткан жокмун. Биз биринчи катчыларга эстелик орнотуп жатабыз, а эмне үчүн Ташым Байжиевге, Тазабек Саманчинге, Зияш Бектеновго койбойбуз? Камабаса балким Ташым Байжиев өлбөй деле калат беле, канча эмгектерди жазат эле. Ошолорду кубалап, камагандарга эстелик коюп жатпайбызбы. Демек, азыркы күндө деле Чыңгыз Айтматов айткан маңкуртчулук, кулчулук психология жашап жатат. Кул өзү ойлонбойт, кул үчүн кул ээлөөчү ойлонот.

Биздин кул ээлөөчүбүз - партия болчу, партия баары үчүн ойлончу. Ошон үчүн менин муунумдагы кишилер "мага жумуш бер деп" өкмөттөн жумуш сурап жатпайбы. Ага бригадир т.а. кул ээлөөчү керек болуп жатпайбы. Ошондуктан аң-сезимди өзгөртүш үчүн жаштарды өз алдынча ойлонгонго үйрөтүш керек. Аларга эркиндик бериш керек. Өз алдынча ойлогонго, ар түрдүү көз караштарга чек койбош керек. Алардын камабаш керек, алар өз алдынча чечим кабыл алса, ошондо аң-сезими өзгөрөт. Өзүмдү-өзүм багайын дейт. Ал эч кимден жардам сурабайт. Мага жумуш орун таап бер деп айтпайт. Кулдук аң-сезим, авторитардык режимге, диктаторглорго абдан ыңгайлуу экен да. Ошонун эле көзүн карап туруш керек экен да. Алар кызмат көргөзбөй эле башкаргысы келет экен. Алардын иши жүрүп жатат. Алар башкарып жатат, а эл башкарылып жатат, ошон үчүн аң-сезим өзгөрбөй жатат же абдан жай өзгөрүүдө.

Талкуунун аудиосун бул жерден угуңуз:
СССРдин аң-сезимде калган мөөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:31:02 0:00

- Эски империяны кайра тирилтүү мүдөөсү кыйыр түрдө, а кээде ачык эле айтыла калып жүрөт. Мисалы, 2014-жылы Орусиянын Мамлекеттик думасында айрым депутаттар СССР тараган мезгилдеги окуяларды териштирүүнү талап кылган окуя эсибизде. Башкы прокуратурага кайрылып, атүгүл ошол чечимдерди кабыл алган кишилерге кылмыш жоопкерчилигин кароо боюнча демилге көтөрүлгөн. Кезинде муну Горбачёв келесоолук деп атап, Думаны таркатууга чакырган. Эски империяны, кайра тоталитардык режимди эңсөөнүн эгемендикке коркунучу барбы?

Алыбек Акунов: Албетте, коркунучу бар. Айрыкча Орусия менен Украинанын ортосундагы мамиле, дегеле дүйнөдөгү эл аралык мамиле өзгөрүп жаткан учурда Орусияда ошондой кыймыл башталды. Алар жөн эле СССРди калыбына келтиргилери келбейт, алар XIX кылымдын орто чениндеги чек ара менен Орусия империясын калыбына келтиребиз деп жатышат. СССР курулганда эсерлердин көп идеялары кирип кеткен да. Анда СССР толук укуктуу төрт республикадан биригип куралган. Келишимде алардын ар кайсынысынын кайра чыгып кеткенге укугу бар деп жазылган. Алар азыр федеративдүү эмес, унитардык мамлекетти калыбына келтирүүгө аракет көрүүдө. Биз ошол мезгилде Орусиянын курамында болчубуз да. Мен тарыхчы катары айтайын, калмактар менен кокондуктарга кошулганга караганга орустарга кошулган, албетте, кыргыздар үчүн алгылыктуу болгон.

Бирок биз азыр башка заманда жашап жатабыз. Арийне, бутубузга тура албай жатабыз, экономикалык жактан да, саясий жактан да (ички жана тышкы саясатта да) эгемендикке жетише албай жатабыз. Бирок биздин келечегибиз алдыда, баш ийип, көз карандылыбызды берип койгонго бул шылтоо болбош керек. Азыр дүйнө өлкөлөрү биригип жатпайбы, мисалы, Евробиримдик сыяктуу. Ошондой принцип менен бириксе болот. Ал эми эгемендиктен баш тартуу, Орусияга кайра кошулуу бул абдан туура эмес нерсе, бирок ошондой кыймыл бар, ошону көздөгөндөр бар.

- Отуз жылга сереп салганда кыргыздар демократиянын толук маанисин аңдап-түшүнө албай, аны "өзүңдү-өзүң бил, өтүгүңдү төргө ил" дегендей эле кабылдап алды окшойт. Азыр эми демократиядан көңүл калуу башталгандай туюлат. Демократиянын жоопкерчилигин, баалуулуктарын али аңдап түшүнө албай туруп эле баш тартуу, даңгыр жолго түшө албай, төтө жолдо түртүшүп-тартышып келе жатканыбызды эмнеден көрөсүз?

Алыбек Акунов: Бизде демократия болгон жок, бийлик үч бутакка бөлүнгөн жок. Бизде үчөө тең бир президентке баш ийип келди. Мен демократиянын негизги стандарттарына токтолоюн. Бизде көп партиялуулук болгон жок. Көп партия бар, бирок көп партиялуу тутум жок. Адам укуктары сакталган жок. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги да чектелүү эле болду, демократия бизде орногон жок, андыктан демократияны күнөөлөштүн кереги жок. Өлкөдөгү башаламандыкты демократия деп элдин мээсине куюп коюшту да. Демократияңар ушубу деп, эл ошон үчүн нааразы болуп жатат да. Демократиянын айынан завод-фабрикалар иштебей калды, жумуш жок, жакырчылык күчөдү, мындай демократиядан көрө авторитардык режим жакшы экен деп, бийликтегилер өздөрү үчүн ыңгайлуу жагдайды түзүп жатышат.

Чоробек Сааданбек: Менимче, эгемендик, демократия кыргыздын өзүнүн кодуна туура эле келет. Кыргыздар башынан эле эркиндикти сүйгөн эл болгон. Эл арасынан бий тандап, ошол бийлердин бийлиги менен өз алдынча жашап келген. Муну Акаевдин Швейцария конфедерациясына салыштырусунун бир себеби ушул болсо керек. Мисалы, Кыргызстанда бир хан баарын эле өзү чече алган эмес. Орчундуу маселелерди көпчүлүккө, топко салган. Агай айткандай, кийин бийлигин жүргүзүш үчүн сөз эркиндигин кысмакка алып, анын таасирин азайтыш үчүн эркин журналистерди "батышка иштейт", "алардын бизге туура келбеген баалуулуктарын Кыргызстанга жайылткысы келет" деп жамандап жатышат.

Азыр эми бийлик менен келишпегендердин баары "гей" болуп калды. Демократиянын бизде кабыл алынбагандыгына тээ Акаевден бери бийликтегилердин "демократияны бизге таандык эмес жат, батыш бизге атайын таңуулаган баалуулук" катары көрсөтүп келишкени себеп болду. Чындыгында, демократия – бул эркиндик, ал кыргыздыкы же батыштыкы эле эмес, ал жалпы адам баласынын баалуулугу.

- Бирок демократияны да аңдап-түшүнүп, анын жоопкерчилигин да сезиш керек турбайбы. Советтер Союзу жөнүндө айтканда улуу муундагылар мисалы, менин ата-энем "ал кезде тартип бар эле" дешет. Азыр да өлкөдө "темирдей тартип керек" дегенди айрым саясатчылардын оозунан угуп калып жатабыз. Бирок тартип деген сөзсүз эле камап, куугунтуктап, коркутуп-үркүтүп башкаруу эмес да… Мына ушул тарыхый эс тутум бизди келечекке чабыттай алабы?

Алыбек Акунов: Көп эле элдерде ушундай экен да, бизге муштай тартип керек дейт экен да. Байыркы Грекиянын тарыхында да ушундай болгон. Афина демократиясын баштаган Солон болчу да. Солон буйруктарын ыр менен жазган акын киши болгон экен. Элди эркин башкарган экен. Эл бизге тартип керек дей бергенде, бийликтен кеткен экен. Ошондо зөөкүр Писистрат бийликке келгенде, грек эли демократия болбосо болбойт экен деп түшүнгөн. Бизде да ошондой болуп жатат. Сталиндин тартиби керек деп жатышат. Сталиндин тартиби миллиондогондорду сураксыз, сотсуз өлтүргөн. Эмне, бизге ошол керекпи? Демократия - дүйнөлүк коомчулук, дүйнө мамлекеттери кылымдардан бери иштеп чыккан баалуулук. Мыйзамдын үстөмдүгү керек, Кыргызстанда мыйзамдын эмес, кишинин үстөмдүгү биринчи турат. Бизде мыйзамдарга баш ийбей, башчыларга баш ийип жатышат. Ошондон улам бизде мыйзамдар иштебей жатат. Бизде эң мурда мыйзамдын үстөмдүгүн орнотуу зарыл. Жаман мыйзамбы, жакшы мыйзамбы – бул экинчи маселе. Башкача айтканда, мыйзамды аткарыш абзел.

- Тартипти ошентип орнотуу керек да.

Алыбек Акунов: Тартип деген – бул мыйзамдуулук деген сөз да. Бир кишинин эле каалаганын кыла берсе болмок беле? Канча президентти көрдүк, улам мурункусу кийинкисин камап жатпайбы? Мыйзам ошол бийлик үчүн эле иштеп жатпайбы. Биз ошонун азабын тартып жатабыз да. Бизде демократиялык принциптер жок. Биз жок демократияны күнөөлөп жатабыз. Биз тамсилдегидей "майга жетпей сасык" деп жатабыз. Биз демократия үчүн сөз менен эмес, ишибиз менен умтулуп аракет кылышыбыз зарыл. Отуз жылда бир жолу таза шайлоо болгон жок. Советтер Союзунун мезгилинде да таза шайлоо болгон эмес. Бийлик бир таза шайлоо өткөрүп койсо болот эле, бир да таза шайлоо өткөргөн жок. Мен китебимде жазганымдай, тогуз жолу референдум болду, канча жолу президентти шайладык, канча жолу парламентке шайлоо болду, бирок бирөө да таза өткөн жок. Ал эми 2010-жылдагы көп партиялуулук принциптерин жөн эле талкалашты. Аягында Конституцияны күнөөлүү деп табышты. Аны аткарбасаңар, ал кантип күнөөлүү болсун! Ал иштеген жок да. Эми айта берсе сөз көп. Кыргызы болобу, казагы болобу же башка эл болобу, дүйнөлүк баалуулуктарды туу тутсак, өнүккөн өлкөгө айланмакпыз. Буга эл ишенбейт. Акаевден кийин бийликке такыр ишенбей калды. Азыр эч кимге ишенбейт. Учурда кыргыз эли өзүнчө жашап жатат, а кыргыз мамлекети өзүнчө жашап жатат.

Чоробек Сааданбек: Тартип дегенде бул жерде бир кызык нерсе бар, эгемен өлкө болгондон кийин өзүбүздү кыргыз болдук деп эсептейбиз. Чын-чынына келгенде биз кыргыз боло алган жокпуз, советтик киши боюнча калдык. Биздин аң-сезимибиз советтик киши боюнча калды. Биз кыргыз аң-сезими кандай, ал эми советтик кишинин аң-сезими кандай дегенди ажырата билишибиз керек. Мен муну айтсам көп киши чычалайт, бирок биз чын эле кыргыз экенибизди билгибиз келсе, биз сүйлөп жатканда кыргыз катары сүйлөп жатабызбы же советтик киши катары сүйлөп жатабызбы – айырмалай билишибиз шарт. Биз албетте, эски кыргыздык аң-сезимге кайтып бара албайбыз, бирок жаңы кыргыздын аң-сезими кандай болуш керек? Ошол эле советтик кыргыздын аң-сезими менен сүйлөсөк, биз ошол эле бойдон калабыз. Менимче, биз өздүгүбүздү издөөнү улантышыбыз зарыл.

Алыбек Акунов: Советтер Союзунун учурундагыдай тартип керек дегени – бизди бирөө башкарсын, бизге бирөө жол көрсөтсүн, эртең менен келип бригадир ойготсун, жумуш берсин дегени. Бул кулчулук психология. Азыр биз айтып өткөн советтик ойлонуу деген кулча ойлонуу деген сөз да. Эркин ойлонгонго өтүш керек. Эркин ойлонгон адам бизге мыйзамдуулук керек дейт. Ага камчы үйүргөн башчынын кереги жок. Ал өз тагдырын өзү чечкен адам.

- Эми бул канчага чейин созулат, өзгөрүү үчүн убакыт керекпи же кандайдыр бар чара көрүш керекпи?

Алыбек Акунов: Отуз жыл көргөзбөдүбү, убакыт эч нерсени чечпейт экен. Аракет кылыш керек.

- Ошол аракетибиз кандай болууга тийиш?

Алыбек Акунов: Өзгөчө саясат керек. Эң биринчи өткөн жүктөн, коммунисттик аң-сезимден кутулуш зарыл. Улам юбилейлерди өткөрө берсек, балдардын да мээсин бузабыз. Басып өткөн баскыч катары муну артка ташташыбыз керек. Биз демократияга кетип баратабыз, эркиндикти көздөй кетип баратабыз, биз экономикада рынок мамилелерин киргиздик дешибиз керек. Демократияны куруп, таза шайлоо өткөрөбүз деш керек эле да. Биз улам артка кылчая берип, ал биздин ийинибизден басып жатат.

- Биздин бүгүнкү сүйлөшүүбүзгө себепчи болгон СССРдин түзүлүшү, ыдырашы тууралуу кеп кылбадыкпы. Албетте, совет дооруна бир жактуу баа берүү да туура эмес болсо керек. Ал учурда Кыргызстан сыяктуу өлкөлөрдө чоң бурулуш болду, алар өз мамлекеттүүлүгүн тикеледи, илим-билимде, маданият менен искусстводо чоң жылыш болду. Эми басып өткөн доор жөнүндө кеп кылганда объективдүү тарыхый баа деген кандай болуш керек?

Алыбек Акунов: СССРге түзүлгөнүнө жүз жыл болсо, анын 73 жылы Коммунисттик партиянын жетегинде өттү. Андан бери 30 жылдан ашуун эгемендикте жашап жатабыз. Жүз жыл болду, эми ушул датага байланыштуу бир жактуу баа бергенге болбойт. Өзүңүз айткандай, илимде, экономикада өзгөрүүлөр болду, сабатсыздык жоюлду дейбиз, бирок алардын кылган жамандыгын айтканда мунун баары эч нерсеге татыбайт. Үркүндө элдин көпчүлүгү кырылып, аман калганы кайра келгенде булар дагы электен өткөргөн да. Кедей, томаяктар биздики деп, а байлардын баарын кайрадан кырган. Украинага айдаган, анан жалаң сабатсыздар калган. Алардын сабатсыздыгын жоюп, 30-жылдары алар сабатуу кишилердей ойлоно баштаганда репрессияга дуушар кылып, дагы кырып-жойгон.

Андан аман калганы согуштан өлгөн. Кичине өз алдынча ойлонгондордун баарын жок кылган. Ошентип, баарын маңкуртка айландырды, кулчулук психологияны киргизди. 19-кылымда калмактар менен согушуп жүргөндө, Кокон менен кармашып жүргөндө өз алдынча мамлекети жок болсо да кыргыз эли эркин болчу. Эми ушинтип калдык, Спартактын эркиндикке чыккан кулдары кожоюнуга кайра келгендей, кайра эле кулчулукту эңсеп жатабыз. Же "СССРди калыбына келтирели" деп, тигилердин чырагына өзүбүз май тамызып жатабыз да.

- Мунун өзү тарыхтын сабагын албаганыбыз эмеспи?

Алыбек Акунов: Ооба, тарыхтан сабак алган жопкуз, жыйынтык чыгарган жокпуз. Бирок көп өлкөлөр жыйынтык чыгарды, алар өз багытын аныктады. Мисалы, Прибалтика өлкөлөрү, Грузия, ошол эле Украина, Азербайжан. Азыр Армения да чоң өзгөрүүлөрдүн алдында тургандай. Алар өз жолун өздөрү аныктады. А биз тегеренип эле бир ордубуздан жылбайбыз. Же кетип кайра келебиз.

Чоробек Сааданбек: Дагы он, жыйырма жылдан кийин туура баа берилет деп ойлойм. Биздин балдарыбыз баа берет, ар бир муундун баасы бөлөк болот. Бирок СССРдин да жакшы жактары бар болчу, илим-билимди өнүктүрдү дегенге кошула албайм жана бизде Кыргызстанда муну эч ким изилдеген деле жок. А мен өзбек тарыхчыларынын монографияларын окуганым бар. Алар "Орус империясы Орто Азияга келген кезде капиталисттик мамилелердин түйүлдүгү жаңыдан пайда боло баштаган т.а. биз капиталисттик мамилелерге өтө баштаганбыз, а орустар жергиликтүү эл өз алдынчалыгын жоготсун үчүн капиталисттик мамилелерди толугу менен жок кылышты. Тияктан дыйкандарды алып келип, биздин жерлерди ээлеп, өз тутумун орнотушту" деп жазып жатышат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG