Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Февраль, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:14

Диктатура менен репрессия киндиктеш


Иллюстрация.

“Куугунтук курмандыктары” түрмөгүндө ХХ кылымдын 30-жылдарындагы ырайымсыз репрессиялар, анын азыркы сабагы тууралуу сөз кылабыз. Бул темага кайрылуунун удулу келип турат. Анткени ушул күндөрдө Ишенаалы Арабаевдин 140 жылдык мааракеси белгиленип, эскерилүүдө.

Талкууга тарых илимдеринин кандидаты Аида Кубатова, коомдук ишмер, тарыхчы Алмаз Кулматов катышты.

- Алды менен ХХ кылымдын 30-жылдарына кыскача мүнөздөмө бере кетсек. Дүйнөдө авторитардык режимдер идеологиялык ажырым, улутчулдук күчөп, АКШ оор экономикалык кризиске кабылып, Европада диктаторлордун арааны ачылып, Украина менен Казакстанда эл ачарчылык алааматын баштан кечирген. Алмаз мырза, ошол кездеги Кыргызстанда абал кандай болду эле?

Алмаз Кулматов.
Алмаз Кулматов.

Алмаз Кулматов: Ошол мезгилде өлкө ичинде тапчыл күрөш күчөдү. Жарандык согуштун формасы катары басмачылар чыкты. Байлар кулакка тартылды. Ушундай окуялардын баары болду. Экинчи жагынан улуттук мамлекеттер жаңы түзүлүп жатты.

- Ошол 30-жылдары кыргыздардын мамлекеттүүлүгүн калыбына келтирүү, адегенде автоном облус, анан республика болуу үчүн күрөшкөн тарыхый саясий ишмерлер тууралуу сөз кылганда, ар биринин ролун так көрсөткөн изилдөөгө муктаждык бар экенин көрдүк. Алардын ичинен биз сөз кылып жаткан Ишеналы Арабаевди кыргыз коомчулугу биринчи кезекте кыргыз алиппесин түзгөн агартуучу катары көбүрөөк айтабыз да, анын саясий ишмер болгону, кыргыздар өзүнчө түндүк көтөргөн мамлекети бар эл болсун деген саясий мүдөө үчүн күрөшкөнү айтылбайт. Эмнеге?

Аида Кубатова: Негизинен биз аны агартуучу катары эле карап келгенбиз. Кийинки кездерде табылган архивдик документтердин негизинде биз анын агартуучу гана эмес, саясий ишмер экени тастыкталууда. Ишенаалы Арабаев жөнүндө “Эки доор инсаны” деген китеп да чыгарганбыз.

Анын совет бийлиги орногонго чейинки да ишмердиги өтө маанилүү болгон. Ошол мезгилдеги алдыңкы инсан катары калыптанышына ХIX кылымдын аягы – XX кылымдын башындагы жадидчилик кыймылынын да таасири чоң болгон. Б.а. булар алгач агартуучулук иштен баштап, кийин саясий кыймылга да өткөнүн айта кетели.

- Ошол кыймылдын максаты эмне болгон?

Аида Кубатова.
Аида Кубатова.

Аида Кубатова: Максаты - Орусия империясынын курамында турган мусулман калктарын алдыңкы, өнүккөн өлкөлөрдүн катарына кошуу болгон. Биринчи агартуучулук – сабатсыздыгын жоюп, андан кийин гана алдыңкы элдердин катарына кошулабыз деп чыгышкан. Совет бийлиги орногонго чейин эле медресе, мектептерде жаңы усул менен сабак окута башташкан. Эски, “кадим” мектептерде куран жаттоо менен эле чектелишкен болсо, жадидчилер диний предметтер менен кошо бүгүнкү мектептерде окутулуучу предметтерди кошо окутушкан. Мунун натыйжасында элдин дүйнө таанымы кеңейип, аң-сезими өсө баштаган.

Анан жер-жерлерде уюмдарды түзө башташкан. Бирок Октябрь революциясынан кийин алар көпчүлүгү совет бийлиги менен кызматташып, дагы кыйласы басмачылык кыймылга кошулуп кетишкен. Айрымдары чет өлкөлөргө качкан. Бул жалпы Түркстандын аймагына, ошондой эле Орусиянын аймагындагы татар, башкыр ж.б. мусулман калктарга таралган прогрессивдүү кыймыл болгон. Ошонун биздеги өкүлдөрү – И.Арабаев, А.Сыдыковдой көп ишмерлердин баары Октябрь революциясына чейин эле калыптанып калганы байкалат.

Улуттук интеллигенциянын калыптанып калганы совет бийлиги орногондон кийин биздин мамлекеттин түптөлүшүнө өбөлгө түзгөн. Алгач 1922-жылы автоном облус түзүлгөнүнө быйыл 100 жыл болот. Ошол демилгенин көтөрүлүп чыгышына да А.Сыдыков, И.Арабаев, И. Айдарбеков ж.б. турган. Тоолуу облус түзүү демилгесин көтөргөндөрдү кийин "улутчулдар" деп каралап, долбоору толук иштелип чыккан эмес деген шылтоо менен жок кылышкан. Бир-эки жыл бул процесс токтоп калган. 1924-жылы кайрадан мамлекеттүүлүк маселесин көтөрүп чыгып, ошолордун талыкпаган күрөшүнүн аркасында бүгүнкү Кыргыз Республикасынын пайдубалы түптөлгөн. Кара-Кыргыз автоном облусун түзүү жетишилген.

Агартуучу Ишеналы Арабаев (1882-1933).
Агартуучу Ишеналы Арабаев (1882-1933).

Бул иште Ишенаалы Арабаевдин ролу абдан чоң. Анын журналисттик жөндөмүн да жакшы колдонушкан. Ошол мезгилде “Ак жол” гезити чыгып турган, анда ушул маселелерди көтөрүп, макала жазып турган. Биз кийин таптык. Абдан маанилүү. Кыргыз эли өзүнчө мамлекет болууга толук укуктуу деген мааниде. Ал турсун кыргыздардын эки жарым миң жылдай тарыхы бар, өзүнчө маданиятыбыз, тилибиз бар, байыркы элбиз деп да жазган экен. Тилибизди казактардан айырмалаш керек, болбосо башкаларга ассимиляциялашып, улуттун жок болуп кетүү коркунучу жаралат деп жазган. Ошондо автономиялык облустун түзүлүшүнө Түркстан АССРинин өзбек, казак улутундагы саясий ишмерлери катуу каршылык көрсөтүшкөн кыймыл. Ар кимиси эле өзүнө бөлүп алганга кызыкдар да. Азыркы кезегидей эле аймактык кызыкчылыктар болгон.

- Кыймылдар жөнүндө тарыхтан окуганда биз түшүнбөгөн жагдайлар бар. Мисалы, Ишенаалы Арабаев "Социал-Туран" партиясын уюштурган деген жалаа менен алгачкылардан болуп репрессияга кабылып жатпайбы. Абдыкерим Сыдыков​ баштаган бир топ кишинин катарында 1933-жылы камалган экен. Негизи, "Социал-Туран" партиясы деген чекисттер ойлоп тапкан эле жасалма уюмбу же каяктан пайда болгон?

А.Кулматов: Умтулуу болгон. Акылдашып жүрүшкөн. Бирок анын сакталган программасы, уставы ж.б. документтери, мөөрү жок. Кийин Абдыкерим Сыдыковду камап, кыйнап мойнуна алдырышкан. Ал: “Мага коюлган айыптарга макул эмесмин, бирок силерге ошол керек болсо мойнума алам”, - деп кол коюп берген. Шабдановдун оозеки көрсөтмөсүндө, "Социал-Туран" партиясынын максаты мындай болчу, мындай уюшканбыз" деп айткан. Ошону кагазга түшүргөндөн кийин "Социалисттик Туран" партиясы деген чыга калат.

- Максаты эмне экен?

- Социалисттик башка формадагы коомдук-экономикалык түзүлүш болсун, ал эми Туран – түрк тилдүү мамлекеттерди бириктирип, өз жолубузду тандайлы деген ниет болгон. Ал жерде сепаратизм деле жок болгон. Мындай аталыш эмнеге байланышкан? Кыргыз элин сактап келген пассионардык эки идея бар – бул өз алдынча мамлекеттүүлүк жана эркиндик. Ошону ар бир муундун чыгаан инсандар ишке ашырууга умтулган. Айрым муундардын колунан келсе, айрымдарынын тарыхый жагдайларга байланыштуу мүмкүнчүлүгү болгон эмес. 1916-жылдагы көтөрүлүштөн алты жылдан кийин алдыга чыккан муун ушул ойлорду козгоп жатат да. Мындай чоң геноцидден кийин бутуна турган эл аз болот. Тескерисинче, жок болуп кетиши мүмкүн. Мисалы, үч жарым миллион ассириялыктар. Азыр ар кайсы өлкөлөрдө бирин-серин эле кездешет. Аты эле калды. Болбосо империя курган эл эмес беле.

- Репрессияланган кишилердин өмүр баянында "Социал-Туран" партиясы эле эмес, “Алаш ордо” кыймылы, “Талап коому” ж.б. деген уюмдар аталып жатат. Жөнөкөй тил менен сиз дагы бышыктап кетсеңиз, ошол мезгилде бул коомдор эмне үчүн түзүлгөн? Аларды түзүүдөгү кыргыз, өзбек, казак интеллигенттеринин карым-катышы, ой-максаттары кандай эле?

Аида Кубатова: "Социал-Туран" партиясы жөнүндө бүгүнкү күнү да окумуштуулар ар кандай пикирлерди айтышат. “Алаш ордо” партиясы Казакстанда 1917-жылы февраль революциясынан кийин түзүлгөн, анын программасы болгон. Анын тарыхы тээ тереңге кетет. 1905-жылдан баштап эле партия түзүү аракеттери болуп келген. Буларды парламенти бар демократиялык түзүлүштү жактаган партия десек болот.

Бул партияда казак-кыргыз интеллигенттеринин биримдиги да байкалат. Кийин ишмердигин күчөтүп, Пишпекте анын филиалы түзүлгөн. Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков жана башка Найза Бектулин, Акматбек Койбагаров, Мамбеталы Мураталин сыяктуу белгилүү инсандар ушул партиянын мүчөлөрү болушкан. Бул жагынын эч кандай жашыруун нерсе жок. “Алаш ордо” партиясынын мүчөсү болгонбуз деп айтып, жазып жүрүшкөн.

Совет бийлиги орногондон кийин “Алаш ордо” өкмөтү түзүлүп, аны борбордук бийлик да тааныган. Бирок кийин совет бийлиги күчтөнүп жаткан кезде “Алаш ордону” талкалап салат. Түркстандын аймагында деле Түркстан муктарияты же Кокон автономиясы түзүлгөн эле да. Булар ошол мезгилдеги интеллигенциянын биримдигин көрсөтөт. Алар өзүнчө өкмөт түзүшкө аракет кылышкан. Мисалы, совет бийлиги түзгөн Түркстан АССРиндеги өкмөттө жергиликтүү элдерден бир дагы өкүл кирген эмес. Орус, татар улуттарынан болгон, бирок жергиликтүү элдерден кирген эмес.

Ал эми Кокон автономиясынын өкмөтүндө жергиликтүү элдердин өкүлдөрү менен катар орус улутундагылар да камтылган. Демек, демократиялуу түзүм десек болот. Бирок кийин бул автономиясын талкалаганда шаарды жөн эле талкалап салышкан да. Бул совет бийлигинин өтө агрессивдүү саясатынан да кабар берет.

“Куугунтук курмандыктары” подкастын бул жерден угуңуз:

Ушундай маалыматтар архивдик документтерде бар. Кийин репрессия убагында "алаш ордочулар" деп куугунтукка алып, жок кыла башташкан.

"Социал-Туран" партиясын түзүү идеясы болсо болгондур, бирок ага чейинки кыргыз интеллигенциясы жөн эле отура берген эмес. 1925-жылы совет бийлигинин саясатына каршы “Отузчулардын каты” деген кайрылуу жазып, анда жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн башкаруу ишине кошпойт ж.б. деп борборго кат жазышкан. Ошонун негизинде текшерүү жүргүзүп, көп адамдарды кызматтан алып, администрациялык жазалашкан. Алардын катарында А. Сыдыков, И. Арабаевдерди атүгүл өлкөнүн аймагынан чыгарып салыш керек деген да көрсөтмөлөр келген. Бирок алар ошол мезгилдеги белгилүү адамдар болгондуктан аларды кайра партиялык иштерге тартышкан.

"Социал-Туран" партиясынын түзүлгөндүгүн тастыктаган эч бир архивдик маалымат жок. Мен бир катар эскерүүлөрдү окуп чыктым. Мисалы, Жусуп Абдрахмановдун күндөлүгүндө эч нерсени жашырбай жазган. Бир гана Сталинди гана сындабаптыр, бирок Борбордук комитеттегилердин баарын сындаган. Бирок эмнегедир бул партия жөнүндө сөз кылган эмес. Балким, ошол мезгилде НКВД ойдон чыгарган эле нерседир. Себеби ошол кезде жапырт репрессия жүрүп, жазаланган кишилердин санын көбөйтүш керек болгон.

Мисалы, айыл-кыштактардагы алдыңкы адамдардын баарын эле "Социал-Туран" партиясынын мүчөсү деп кармай беришкен. Ал адамдар бул эмне деген партия экенин дегеле түшүнгөн эмес. Ошондуктан мен азырынча муну ойдон чыгарылган уюм деп шек санайм. Албетте, партиянын болгонун тастыктаган документтер табылып калса, биз үчүн абдан кызыктуу болмок, бирок азырынча тергөөчүлөрдүн гана жаздырып алган сөздөрү бар.

- Демек, ойдон чыгарылган же чын эле болгон деген эки пикир бар экен ээ? Кайрадан 1933-жылга кайтып келсек, ошол жылы декабрда Компартиянын Борбордук комитети партиянын катарын тазалоо тууралуу чечим кабыл алыптыр. Бир жылда сегиз жүз миңдей киши партиянын катарынан чыгарылган деген факты бар экен. Бүтүндөй совет өлкөсүнүн аймагында мындай “тазалоого” эмнелер себеп болгон? Арабаевдер ошол тазалоого чейин камакка алынган экен. Бийлик талаш чатактарынан эле садага чабылып калган жокпу?

А.Кулматов: Жок. Интригалар негизги ролду ойногон эмес. Советтер Союзунда репрессиялар бир нече этап менен болгон. Актардын террору, кызылдардын террору – бул түшүнүктүү. 1918-жылы Ленин кедейлердин съездин өткөрүп, андагы сөзүндө кулак элементтерден кутулбасак болбойт дейт. Ошондон баштап жакырлар комитеттери кулакка тартууну баштайт. Бул Орусиянын европалык бөлүгүндө 1925-жылга чейин уланат. Ал эми бизде тээ 30-жылдардын аягына чейин кулакка тартып жүрүшкөн.

1933-жылы Сталин бийлигин бекемдеп алыш үчүн партияны тазалаган. Анткени Троцкийдин, Зиновьевдин тарапкерлеринен кутулуш керек болчу. Кыскасы, 1917-жылы өзүн бийликке алып келген эски большевиктерди жоюу процесси жүргөн. Ал оппоненттери лениндик принциптерден тая баштадык, социализмдин принциптери бузулду, диктатурага баратабыз деп айтыла баштаганда, “тазалоону” жүргүзгөн.

- Авторитардык бийликтин ашынып баратканын айткан экен да?

А.Кулматов: Ооба, ачык айтышкан. Орусияда Ленин менен бирге жашырынып жүрүп революция жасаган эски большевиктер баш көтөрүп, сын пикир айта баштаган. “Тазалоону” пландуу жүргүзүшкөн, б.а. ар бир республикада, облуста канчадан киши “тазаланганын” көрсөтүп туруш керек болгон.

Ошентип, Арабаев жана башкалар бир эмес бир нече жолудан жазаланган. Сөгүш алып, кызматтан алынат, кайра коюлат, партиядан чыгарылат, акыры атылып тынат. Жусуп Абдрахманов да ошондой болгон. Оренбургдагы кичинекей кызматка кетет, Ташкенге келет, акыры атылат. Арабаев 22-жылы эле, андан кийин 24-жылы жазаланган, анан “Отузчулардын катына” байланыштуу куугунтукталган. Акыры буржуазиялык-улутчул, контрреволюциячы деген айып менен түрмөдө жатып каза болот. Бирок репрессия ошону менен токтобой, барган сайын күчөп, 1937-жылы бүтүндөй Советтер Союзунун аймагында эң жогорку чегине жетет.

НКВДнын кызматкерлери. Архив сүрөт.
НКВДнын кызматкерлери. Архив сүрөт.

А.Кубатова: 1933-жылды карасаңыздар, интеллигенция абдан күчтөнүп, Алмаз айткандай, баш көтөрүп, бийликтин туура эмес кадамдарын сындай баштаган. Арабаев, Сыдыковдор камалып, саясий репрессиянын алгачкы курмандыктары болушту. Ошол жылы Абдрахманов кызматтан алынган. Бул күчтөнүп келаткан интеллигенция катмарын жок кылууга багытталган эле.

- Ачык булактарда 37-жылдын августунан 38-жылдын ноябрына чейин НКВД 1,5 миллиондон ашуун кишини камакка алган деген справка бар экен. Булардан 680 миңден ашууну атылып, калганы камалыптыр. Орто эсеп менен күнүнө 1500 киши атылып турган деген маалымат бар. Сталиндик ырайымсыз репрессиянын логикасы эмнеде болгон? Буга кыргыз окумуштууларынын көз карашы кандай?

А. Кулматов: Сталин темирдей тартипти орнотуп, эркин көз карашты кескин тыюу, өзүнүн бийлигин бекемдөө, өзүнө каршы чыккандарды, кайчы пикир айткандарды жок кылып, жеке башкарууга өтүүнү көздөгөн. Ал өзүнө теориялык негиздеме таап алган. “Краткий курс истории ВКП(б)” деген китепти жазган. Ал сабатсыз болгон дегендер калп айтат, ал өтө окумал киши болгон. Д.Шостаковичти түшүнгөн – музыка менен кинону да жакшы билген. М.Булгаковдун бардык чыгармаларын окуган, түшүнгөн, алар жөнүндө жазган. Саясий-идеологиялык айыптоолордун формулировкасын өзү тууралап жазып берген. “Социализмдин жеңишке жеткен сайын тап күрөшү курчуйт, биз канчалык өнүккөн сайын империалисттер мамлекетибизди ичкериден ыдыратууга ошончолук аракет кылат” деген.

Кулакка тартуу, коллективдештирүү менен катар индустриализация башталды, Демек, албетте, империалисттер каршы катуу турат. Алардын каршылыгын азыртан баштап жоюу керек деген тапшырма берилет. Ал сөзсүз эле муну ат, тигини ат дебейт. 39-жылы НКВДнын экинчи буйругу чыгат (37-жылы биринчиси чыккан). Анда биринчи кезекте репрессияланууга тийиш делген катмарлар текши саналат. Ал тизмени окусаң киши кала турган эмес. Бир эле контрреволюция деген берене боюнча канчасы кетет? Анан антисоветтик, жат элементтер деп кете берет. "Зыянкечтер", "саботажниктер" деген айып 60-жылдарга чейин деле тагылып келген. Аткаруучулар болсо өздөрү фантазиясына жараша айып коё берген тийиштүү беренелерге тууралап.

Негизинен үч берене көп колдонулган: антисоветтик элементтер, советтик коомго жат элементтер, эскинин калдыктары, буржуазиялык күчтөр деп.

Айбек мырза, мунун акыркы илеби 80-жылдардын этегинде Аида экөөбүздүн агайыбызга чейин жетти. Тарыхчы окумуштуу Сабыр Аттокуров орустарга кошулган соң алар ким менен согушса, чогуу барып согушат экенбиз, ошондуктан "Орус менен дос болсоң, ай балтаңды ала жүр" деген фольклордук ылакап кепти келтирсе, улутчул деп айып тагып, кызматынан алып, куугунтукташкан.

49-50-жылдары катуу толкун болгон. Контрреволюциячы деген берене колдонулбай, эми буржуазиялык улутчул деген айыпты көп тага башташты. Бул универсалдуу берене болгон – ким көрүнгөндү баса калып эле ушундай айыпты тага беришкен. Кыргызстанда иштеген орустар, мисалы, К. Юдахин да ушундай айыпталып, анан кудай сактап аман калган. Ага чейин Е. Поливанов атылып эле кеткен. Алар кыргыз улутчулдары деп айыпталган.

49-жылы кыргыздардын ичинен үчөө айыпталып жазаланган: Тазабек Саманчин Молдо Кылычтын мурастарын изилдегени үчүн, Зияш Бектенов. Элди баш ийдирип, мамлекетти башкаруунун, жеке басар бийлөөнүн, баюунун ыңгайлуу формасы катары репрессия ар кайсы өлкөлөрдө колдонулуп келген. Репрессия менен диктатура экөө киндиктеш. Репрессия – бийликти басып алуунун, бекемдөөнүн баюунун ыңгайлуу формаларынын бири. Мунун азгырыгы өтө чоң.

А.Кубатова: Бүгүнкү күндө айтышат го, интеллигенция өкүлдөрү эмне үчүн унчукпайт деп. Менин оюмча, бул репрессиянын да натыйжасы. Себеби тарыхый окуя адамдын аң-сезимине, психологиясына да из калтырат. Мунун айынан интеллигенциянын да эркин ой жүгүртүүсү, оюндагысын ачык билдирүүсү да басаңдаган.

- Чектелип калат, жалтак, коркок болуп калат дейсизби?

А. Кулматов: Жаңы доордо кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандыргандар 16-жылдын балдары да. Алар геноцидди көрдү, баштан кечирди. Эң улуусу Арабаев 40 жашта, беркилер 15-16 жашында Үркүндү көргөн. Анан 22ге чыкканда эле козголуп жатпайбы. Демек, бул ошол муундун дареметине жараша болот окшойт.

Демек, тим коё берсе, тоталитардык режимге эл көнө берет. Мисалы, кхмерлер иезуисттердин запкысына канча жылдар бою чыдап жашаган! Күнүнө 18 саат кулдай иштешкен. Коммунанын башчысы үйлөнүүгө, балалуу болууга да акысы жок болгон. Миллиондогон адамдарды дайынсыз жок кылышкан. Же Жер шарынын аркы жагынан Аргентинаны алалы. 1976-жылы 80-жылдагы аскердик хунта согуш баштап, анда жеңилип калгандан кийин гана Аргентина эли азап-тозоктон кутулган. Демек, ошол мезгил ичинде эл залим бийликтин шартына кыйла көнүп, макул болуп калат экен. демек, коом кыйноого тез көнөт. Ал эми эркиндикти көтөрө билиш кыйын окшойт.

"Ата-Бейит" - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү.
"Ата-Бейит" - КМШ өлкөлөрүнүн ичинен даректүү жана далилдер менен табылган репрессия курмандыктарынын бирден бир көрүстөнү.

- Эми жыйынтыктайлы. Тарых эки жолу кайталанат – биринчиси трагедия, экинчиси фарс түрүндө дейт. ХХ кылымдагы репрессиялар тууралуу айтканда, азыркы доордогу анын сабагын кошо айтып жатабыз. Азыр саясий жана башка куугунтук кандай формада жүрүп жатат деген суроого да кайрыла кетели. Адамзат ошол репрессиялардын кайсы сабактарын албай калды? Мисалы, ошол эле Арабаевдерди азыр эмне үчүн эскерип айтышыбыз керек?

А. Кубатова: Биз алар жөнүндө такыр эле түшүнүгүбүз жок болчу. Биз көбүнчө СССРдин, Орусиянын тарыхын окудук. Арабаевди эгемендикке ээ болгондон кийин гана окуй баштадык. Ал турсун 50-жылдары репрессияга кабылган Тазабек Саманчин деле Молдо Кылычтын изилдегенде, анын “Зилзала” чыгармасын Уфада Галия медресесинде окуган балдар чыгарышка аракет кылышкан деп жазылган, бирок ошондо дагы Арабаевдин аты аталбайт. Чындыгында “Зилзаланы” жарыкка чыгарткан, баш сөзүн жазган Арабаев болгон. Биз ошону да билбей келген экенбиз.

Булардын бизге калтырган эң чоң мурасы - мамлекеттүүлүк экен. Советтик республикабызды түптөп кетишти. Биз ал мурасты сакташыбыз керек. репрессиянын биз албай калган сабагы – бул өз алдынчалыкка умтулган адамдардын репрессияланып кеткендиги. Бүгүнкү күндө деле ошондой окуялар кайталанып жаткандай сезилет.

- Саясий укуктардын кайсы бир формада чектелиши...

- Ооба. Репрессиянын сабактары болушу керек эле. Азыр биз демократиялуу коомдо жашап жатабыз, бул коомдо ар бир адам өзүнүн оюн ачык айтканга укуктуу.

А. Кулматов: Сабакты, албетте, коом билүүгө тийиш. Жогоруда айтпадымды, кыргызды кыргыз кылып сактап келаткан пассионардуу эки идея – бул өз алдынча мамлекет жана эркиндик идеясы.

Кыргыз ар кандай кыйынчылыктарга чыдайт экен, бирок эркиндигин чектегенге көнбөйт. Ошондуктан бийлик да сабак алышы керек. Репрессиялагандар өздөрү да сөзсүз репрессияланат. Бул эч кандай жакшылыкка алып келбейт, кесепети көп болот. Эркиндиктин даамын таткан эл анын чектелишине моюн сунбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG