Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:18

Байдендин Киевге күтүүсүз сапары: Аскердик жардам, жаңы санкциялар


АКШ президенти Жо Байден Киевге барды, 20-февраль, 2023-жыл.
АКШ президенти Жо Байден Киевге барды, 20-февраль, 2023-жыл.

20-февралда Киевдин борборундагы көчөлөр, башкы темир жол вокзалынан АКШнын элчилигине чейинки жол жабылды. АКШнын президенти Жо Байден күтүүсүз сапарын абадан коргонуу системасынын эскертүүсү жаңырып турган маалда украин президенти Владимир Зеленский менен согушта курман болгондордун элесин эскерүүдөн баштады.

20-22-февралда Байдендин Польшага сапары белгиленген. Ал 21-февралда поляктардын президенти Анжей Дуда менен кездешет. New York Times гезити Байден Киевге поезд менен барганын жазды.

"Бул - Украина үчүн эң маанилүү кездеги колдоо. Америкалык коомчулук бул трагедия, кеңири масштабдагы согуш башталгандан тарта биз менен чогуу болду", - деген Зеленский Ак үйдүн администрациясына, Конгресске ыраазчылык билдирди.

"Бул биздин өлкөлөр үчүн тарыхый көз ирмем" ,- деди украин лидери.

Байден Украинага канча колдоо керек болсо ошончо жардам берилерин айтты. Кошмо Штаттар соңку бир жылда Киевге аскердик жардам берүү жагынан алдыңкы сапта турду.

Ал украин эли өз мамлекетин коргоо үчүн бир муштумдай бириге алганын жогору баалады. "Киев менин жүрөгүмдү ээлеп алды" деген америкалык лидер согуш алааматы каптаган бир жылдан бери Киевдин багынбай турган кайратмандыгына шыктанып, "Украина турат. Демократия турат" - деди.

"Украиндер үчүн мунун баасы эң кымбат болду. Жоготуулар дагы өтө көп", - деген Байден Киевге сегизинчи жолу келгенин кошумчалады.

Ак үй билдиргендей, Байден Москвага каршы жаңы санкцияларды киргизүүнү жана Киевге дагы аскердик жардам берүүнү, анын ичинде заманбап артиллериялык система, ок-дары, танктарга каршы жабдыктарды, аба мейкиндигине көз салчу радарларды жеткирүүнү көздөйт.

Майдандагы кармаш

Орус күчтөрү соңку күндөрү Украинанын Луганск, Донецк жана Запарожье облустарына 10 ракета атып, 25 жолу абадан чабуул койгонун украин куралдуу күчтөрү 20-февралда билдирди. Киев орустардын Су-25 чабуул койчу учагын жана эки белгисиз учуучу аппаратын атып түшүргөнүн жарыялады. Чабуулда карайым элдин арасында мүрт кетип, жарадар болгондор бардыгы расмий билдирүүдө айтылат.

Донбасстагы Угледар шаарынын аймагында орустар «бир топ жоготууга учураганын» Киев жекшембинин кечинде билдирди.

Орусиянын Коргоо министрлиги Харьков облусунун Лиман жана Купянск шаарларына сокку жасалганын маалымдады. Донецк жана Запорожьенин шаарларына, Хмельницкий облусундагы украин армиясынын артиллериясына сокку урганын жарыялады.

Апта соңунда өткөн Мүнхендеги эл аралык коопсуздук боюнча конференцияда Батыш өлкөлөрүнүн лидерлери Орусиянын президенти Владимир Путин өз армиясын Украинанын эл аралык коомчулук тааныган аймагынан чыгарып кетмейинче Киевге аскердик, саясий, гуманитардык жана каржылык жактан колдоону улантууну бир добуштан макулдашты.

АКШнын, Германиянын, Британиянын жана Франциянын саясатчылары "Путин бул согушта жеңбеши керек" деген көз карашты бекемдешти.

Мүнхенге Москвадан расмий өкүлдөр келген жок. Орус оппозициясынын атынан Гарри Каспаров, Михаил Ходорковский, Жанна Немцова, Ирина Щербакова чыгып сөз сүйлөдү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG