Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:51

Москванын Борбор Азияга таасири, орус дипломатынын эскертүүсү


Орусиянын президенти Владимир Путин жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчылары.
Орусиянын президенти Владимир Путин жана Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчылары.

Орусиянын тышкы иштер министринин орун басары Михаил Галузин Борбор Азиядагы мамлекеттерди Батыш менен абайлап мамиле курууну эскертти. Ал мындай билдирүүнү Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкендин келерки аптада Казакстандагы сапарын утурлай жасады.

Орус дипломатынын чакырыгына азырынча эч кандай расмий комментарий боло элек. Айрым эксперттердин пикиринде, Орусия Украинага каршы согуш ачкандан бери аймактагы таасирин дагы күчөтүүгө аракет кылууда.

"...алака-катышта астейдил болушу керек"

Михаил Галузин Борбор Азия тууралуу ТАСС маалымат агенттигине курган маегинде сөз кылган. Анда бул аймактагы мамлекеттерди Батыш менен алака-катышта мүмкүн болушунча абайлоого чакырган.

"Биз жана биздин борборазиялык досторубуз америкалык "мээримдүү кызмат" эмне менен аяктарын көрдүк. Мисалы, АКШнын кечээ жакындагы ооган эпопеясы эмне менен аяктады? Азыркы заманда, көп полярдуулукка умтулуп жаткан дүйнөдө Вашингтондун "жакшы" дегенде түстүү ыңкылаптар менен аяктаган демократиялаштыруу эсперименттерине орун деле калбай калды. Ушундай кырдаалдан улам биз борборазиялык өнөктөштөрбүздү батыш мамлекеттери менен алака-катышта мүмкүн болушунча астейдил болууга чакырабыз",-деген Галузин.

Орус дипломаты маегинде аймактагы коопсуздукка дагы токтолуп, андагы Орусия менен бирге түзүлгөн уюмдарды, өз ара келишимдерди сөз кылган.

"Борбор Азиянын жана КМШнын туруктуулугу жана коопсуздугу жогоруда белгилегендей күмөндүү максаттарды көздөгөн, аймактын сыртындагы оюнчулардын эмес, эң ириде биздин мамлекеттердин милдети экенине ишенебиз. Аны ийгиликтүү чечүү үчүн бизде КМШ, ЖККУ өңдүү бардык инструменттер жана эки тараптуу тармактык келишимдер бар".

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Галузиндин эскертүүсү тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Борбор Азия өлкөлөрү Орусиянын Украинага каршы согушун ачык айыптабаганы менен Москвага колдоосун билдирген эмес. Талдоочу Марс Сариевдин пикиринде, ушундай жагдайдан улам Москва аймактагы таасирин азайтып алуудан санааркап жатат.

"Орусия АКШ Борбор Азияны өзү тарапка буруп кетип, Орусияга каршы экинчи фронтту ача койбосун деп чочулап жатат. Себеби Украинага каршы согуш узарып кете турган болсо, ошондой экинчи фронт ачылышы толук мүмкүн. Орусиянын дагы, Кошмо Штаттардын дагы стратегиясы бар. Чоң мамлекеттер өз ара алышып жаткан маалда Борбор Азиядагы беш мамлекет өз ара биргелешкен конструктивдүү позицияны түзүп алышы керек, оюнчук болуп калбашы керек. Геосаясатта объект болбой, субъект болушу керек".

Ал арада Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 141 мүчөсү Орусияны аскерлерин Украинадан чыгарып кетүүгө чакырган резолюцияны колдоду. Орусиянын өзүнөн сырткары алты мамлекет "каршы" добуш берген.

ЖККУ, ЕАЭБ уюмундагы өнөктөштөрүнөн Минск гана Москваны колдоп, каршы добуш берди. Добуш берүүдөн карманган 32 өлкөнүн арасында Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан бар.

"Кремлден "бата" алууга жөнөп..."

Былтыр жыл аягында Орусиянын Тышкы иштер министрлигинин жооптуу өкүлү Александр Стерник Борбор Азия Орусиядан алыстап атат деген ишарат болсо, анын кесепети бул аймактагы өлкөлөр үчүн олуттуу болорун эскерткен. Ал "Коммерсантъ" басылмасына курган маегинде чөлкөмдүн Орусияга каршы санкцияларды сактоо өңдүү аракеттерине Москва кандай реакция кылары тууралуу суроого жооп берген.

"Бардык оюнчулардын аракеттерине Орусиянын кызыкчылыктарына залака тийгизип, же тийгизген жокпу деген көз караштан баа беребиз... Орусия менен алакаларды азайтуунун кымындай ишараты болсо эле, ири экономикалык кесепеттерге алып келет. Анын чыгымын кожоюндар убада кылган компенсациялар жаба албайт”, - деген дипломат. Басылма “кожоюн” деп Батышты атаганын тактаган.


Саясат талдоочу Алмаз Тажыбай Орусиянын Кыргызстандагы таасирине токтолду. Буга чейин саясий элита Москванын колдоосуна алууга умтулуп келген жагдайды белгиледи.

"Бул билдирүү алардын "кожоюн" катары "биздин айткандан чыкпагыла, тетири баспагыла" деген сыяктуу эскертүүсү. Тилекке каршы, соңку жылдары биздин өлкө бир жактуу болуп, Орусияга ыктап калдык. Орусия кээде опуза менен, кээде колдоосу менен Кыргызстанда өз таасирин эч качан азайткан эмес. Буга чейин чоң саясатка аттанган, же болбосо шайлоого аттанган саясий элитанын өкүлдөрү Кремлден бата алууга жөнөп кеткен учурларды дагы көргөнбүз. Украинадагы согушту айыптап бул жактагы орус элчилигинин алдындагы митингден улам тынч жыйындарга чогулууга чектөө киргизилди. Жалпыга маалымдоо каражатттарын, чөз эркиндигин чектеген мыйзамдардан дагы Москванын таасирин көрсө болот".

Буга чейин кыргыз бийлик башчылары Орусия стратегиялык өнөктөш экенин бир канча жолу белгилеп келген. Мындан туура бир жыл мурда Астанада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров орус өкмөт башчысы Михаил Мишустин менен жолукканда президент Садыр Жапаровдун "Кыргызстан Орусия менен 200 жыл чогуу болгон, дагы 300 жыл да чогуу болууга даяр" деп айтканын билдирген.

Талдоочу Орозбек Молдалиевдин баамында, Орусия Борбор Азия өлкөлөрү өз алдынча саясат жүргүзгөнүн жактабайт.

"Буга чейин Өзбекстанга дагы АКШнын аттуу-баштуу кишилери келип сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кеткен. Бизге дагы келгендер, инвестиция тууралуу сүйлөшкөндөр бар. Булар "бизде ушундай кыйынчылык болуп жаткан маалда биздин таасирден, чыгып кетпесин, "кожоюн" бул жакта деп коелу, кандай болгон күндө дгы силерге күчүбүз бар" деген амалдары, сөздөрү. Аларга биздин өз алдынча саясат жүргүзгөнүбүз, өз алдынча болгонубуз аларга жакпайт".

Михаил Галузиндин Борбор Азия тууралуу соңку билдирүүсү Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчсы Энтони Блинкендин 28-февралдагы Казакстандагы сапарынын алдына туш келди. Акордо Блинкен Астанада казак президенти Касым-Жомарт Токаев баштаган бийлик өкүлдөрү менен жолугарын маалымдаган. Ал ошондой эле С5+1 форматындагы Борбор Азиядагы мамлекеттердин тышкы иштер министрлеринин жыйынына катышат. Анда АКШ менен аймактагы өлкөлөрдүн өз ара кызматташуусу талкууланат.

“С5+1” — АКШнын Борбор Азиядагы беш өлкө менен кызматташтыгынын негизги платформасы.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG