Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:04

Дубайдагы жолугушуунун Борбор Азияга сабагы


Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алты лидери
Кыргызстандын эгемен тарыхындагы алты лидери

Кыргызстандын азыркы жана мурдагы президенттеринин жолугушуусуна борбор азиялык саясатчы жана аналитиктердин​ реакциясы.

Өзбекстандык саясат талдоочу, Эл аралык тынчтык үчүн Карнеги фондунун илимий кызматкери Темур Умаров президент Жапаров "өз келечегинин камын көрүп жатат" деген пикирин айтты.

- Кыргызстандын мурдагы президенттеринин жолугушуусу бир жагынан карасаң символикалуу маанигэ ээ. Себеби Кыргызстандын тарыхында мурдагы жана кызматтагы президенттердин мамилеси дайыма кастык мүнөздө болгон. Дээрлик ар бир жаңы президент же төңкөрүштүн арты менен, же кандайдыр талаш жагдайда бийликке келген. Ошондуктан, бул жолугушуу саясий элитанын өз ара ымаласына башкача бир боёк берип жаткандай.

Экинчиден, Садыр Жапаров бийликте мөөнөтү бүткөнчө эле отурууну көздөгөн президент эместигин көрсөткүсү келет. Ал өзүнүн лидерлик ролун электораттын алдында эле эмес, саясий элитанын ортосунда да жогорулатууну каалайт. Ал Кыргызстандын эли гана эмес, саясатчылары да биримдикте дегенди көрсөткүсү келет.

Эң негизгиси, Садыр Жапаров келечектеги жеке коопсуздугунун кепилдигин камсыздоонун аракетин көрүп жатат десек да болот. Кыргызстанда президент күтүлбөгөн жерден бийликти колдон чыгарып жибергенин эске алганда, ал үчүн кызматты биринен экинчисине тынчтык жол менен өткөрүү институтун калыптандыруу маанилүү. Же болбосо, бийликте көбүрөөк отуруунун амалы деп сыпаттасак да болот. Ток этерин айтканда, Садыр Жапаров өз келечегинин коопсуздугун камсыздап жатат жана бул аракетти ал эрте баштады.

"Тунис квартетин эске салат"

Казакстандык саясий аналитик Досым Сатпаев Дубайдагы жолугушууну "Борбор Азия үчүн кызык саясий прецедент болду" деп сыпаттады. "Садыр Жапаровдун дагы бир кадамы жаңылык болду. Ал бири-бирине бир топ ич күптүсү бар Кыргызстандын мурдагы президенттерин – Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Сооронбай Жээнбековду чогултту".

- Бул окуя кайсы бир деңгээлде 2013-жылдагы Тунисти эске салат. Ал кезде саясий таарынычтарды, келишпестиктерди артка таштап, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн биригүүнү чечкен, ар түрдүү саясий күчтөрдөн турган “улуттук диалогдун тунистик квартети” куралган эле. Кийинчерээк бул саясий квартет Нобель сыйлыгына ээ болгон.

Албетте, Кыргызстандагы негизги айырмачылык - Садыр Жапаровдун экс-президенттер менен бийлигин бөлүшкүсү келбегендигинде. Бирок ал өлкөнү өзү бийликтен кете турган учурга даярдап, ар кандай саясий күчтөр арасында өз кызыкчылыгын мамлекеттин кызыкчылыгынан өйдө койбоо тууралуу мырзалык макулдашууга жетишүүнү каалап жатат.

Азырынча мунун арты эмне болоору белгисиз, бирок бул постсоветтик мейкиндикте болуп жаткан алгачкы прецедент.

Балким бул - Кыргызстанда 2005-жылдан тарта улам бийлик алмашып, ар кандай саясий моделдерди эксперимент кылып жатып, өлкөдөгү саясий маданияттын коңшу мамлекеттерге салыштымалуу бир баскычка көтөрүлгөнүнүн көрсөткүчүдүр.

Анткени коңшу мамлекеттерде аракетсиздикти стабилдүүлүк катары көрсөтүп, бийлик үчүн күрөштү көшөгө артындагы оюндарга айландырып жиберишкен.

Түркияда жашаган өзбекстандык бозгундагы саясатчы, "Эрк" партиясынын лидери Мухаммед Салих Кыргызстандын мурдагы лидерлеринин жолугушуусун "акылдуу чечим" деп баалады.

- Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мурдагы мамлекет башчыларды бир жерге чогултуп, бүгүнкү абалды талкуулаганы жана улуттун пайдасы үчүн биримдикти түптөө аракети – акылдуу чечим болду. Кана эми Борбор Азиядагы башка президенттер да ушундай кадамдарды жасаса. Башкача айтканда, улуттук биримдикти көздөгөн, улутту ойлогон лидерлер бир жерге чогулуп, келечекти талкуулашса, элдин эртеңи үчүн пайдалуу чечимдерди чыгарышса кандай жакшы болмок. Биз – өзбек демократтары, өзбек оппозициясы Садыр Жапаровдун бул демилгесин толугу менен колдойбуз жана Борбор Азиянын лидерлерин ушундай болууга чакырабыз. Муну популизм деп карабашыбыз керек.

"Жапаровдун кийинки кадамы саясий туткундарга багытталышы керек"

Тажикстандын Ислам кайра жаралуу партиясынын Европада бозгунда жүргөн лидери Мухиддин Кабири кыргыз президентинин бул кадамын жогору баалап, Кыргызстанда ар кандай саясий жүйө менен абакта отургандарын маселесине токтолду.

- Мен маселенин юридикалык жагына токтолгум келбейт. Саясатчы катары бул уникалдуу окуя. Андыктан Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жана мурунку президенттерге ушундай жыйынга чогулганы үчүн татыктуу баасын берүү керек. Кайсы бир жерлерден алардын баары жыйынга кимдер катышарын билбей эле келгенин окуп калдым. Бирок ага карабай бул Садыр Жапаровдун тартынбаган кадамы болду деп санайм. Бул биринчиден, анын ушундай мурда-кийин болбогон кадам жасоого даярдыгын, атаандаштарынан, экс-президенттерден, оппозициядан коркпой турганын көрсөтөт. Ал мындай иштери менен Борбор Азиядагы башка президенттерден айырмаланып турганын көрсөтөт. Маселен, Тажикстандын президенти атаандаштары же оппозиция эмес, журналисттерге жолукпай жатпайбы.

Ошол эле маалда Садыр Жапаровго демократ же либерал деп мүнөздөмө берүүдөн алысмын. Ал бул жолу мурда-кийин болбогон, чечкиндүү кадам жасаганын айткым келди. Башка авторитардык лидерлер дагы айрым учурда өтө чечкиндүү иштерди жасайт. Андыктан Жапаровдун бул кадамы менен ал өлкөнү кайсы багытка жетелей турган стратегиясын кароо керек. Ооба, ушул маалда Кыргызстанда "саясий туткундар" бардыгын жашыра албайбыз. Жапаров мурдагы президент Атамбаевди абактан бошотуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган Бакиев менен жолугуп жатса, эми логика боюнча экинчи кадамды жасашы керек. Ал саясий жүйөдөн улам абакта отургандарга багытталышы абзел.

Анткени кайсы мамлекет болбосун анын келечеги мурунку президенттерден же аксакалдардан эмес, учурдагы башчыдан көз каранды. Жапаровдун символикалык кадамын колдойм. Эми буга удаа эле экинчи, үчүнчү кадамдарды күтөбүз. Жапаров мындай чечкиндүүлүк көрсөткөндөн кийин эми бул нукта башка иштер да аткарылат деп туралы.

Борбор Азиянын башка лидерлери Жапаровдон үлгү алышы керек. Мен муну эч тартынбай айта алам. Чөлкөмдө Жапаровду идеалдуу лидер деп санабайм. Андан тажрыйбалуу президенттер бар. Ага карабай, Жапаровдун жолуна түшүп, башка лидерлер эмне үчүн атаандаштары, таарынычы барлар, оппозиция менен сүйлөшүүлөрго отурса болбосун?

Тарыхка кайрылсак, ушундай диалог Тажикстанда көп жыл мурун болгон. Рахмон бозгунда жүргөн оппозиция лидерлери менен маңдай-тескей отуруп сүйлөшүүгө мажбур болгон. Андай жолугушуулардын бири Бишкекте өтүп, ага мен да катышкам. Бирок анда Рахмонду сүйлөшүүгө отурууга оппозиция гана эмес, Орусия менен Иран да мажбур кылган. Тилекке каршы, Рахмон саясий айдыңды атаандаштарынан тазалап алган соң сүйлөшүүлөргө отурбай калды.

Жапаров болсо андай сүйлөшүүгө өз ыкласы менен барып жатат. Мурунку лидерлерди өзү чакырды. Бул азыр популисттик кадам. Бирок чындап кыргыз элин консолидация кылгысы келсе Дубайдагы же Стамбулдагы дагы бир жолугушуу менен маселе чечилбейт. Андай жолугушуулар Бишкекте, Ысык-Көлдө оппозициянын, калың калктын ар кайсы катмарынын өкүлдөрү чогулганда гана кыргыз эли чындап ага ишенет.

Кандай болгон күндө да кыргыздар дүйнөгө өзүн ыңкылаптар, президенттердин кадамдары менен гана эмес, жарандык коомдун, журналисттердин, коомдук-саясий ишмерлеринин талыбаган эмгеги аркылуу башкалардан өзгөчөлөнүп турарын көрсөттү. Мен буга ич тарлык эмес, суктануу менен карайм. Ушул тапта тажик-кыргыз мамилеси кыйчалышта турганда дагы бул пикиримди ачык билдирем.

"Орусия согушта чындап эле артка чегинсе, Борбор Азияда чоң өзгөрүүлөр болот"

Францияда жашаган түркмөн саясатчысы Мурад Курбанов Кыргызстандын президенти эл менен бийликти жакындатуу жолдорун издеп жатат деген көз карашы менен бөлүштү.

- Азыр Москва империалисттик система катары өз колонияларын убактылуу кое берип жатат. Бирок бул нерсе көпкө созулбайт, ал өз позициясын бекемдегиче ашып кетсе беш жыл ошондой болор. Ушул убакыт аралыгында Борбор Азия өлкөлөрү биригүү үчүн же өз алдынча улутту бириктирүүчү жаңы система издешет. Мунун алкагынан караганда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун мурдагы президенттерди чогултуу аракетинин артында мамлекеттүлүк жөнүндө маселе турат десек болот. Азыр президент эмес, мамлекет болобу же жокпу деген маселе турат. Ошого байланыштуу ал мамлекетти сактап калуу максатында мурдагы президенттер менен макулдашууларды жүргүзүп жатат.

Садыр Жапаров өзүнүн оппоненттеринин кайсы бир шарттарын аткара аларын талкуулап, кандайдыр бир чегинүүлөргө да барышы мүмкүн. Ал өзүн президент катары сактап калуу үчүн өлкө ичиндеги күчтөрдү адилет бөлүштүрүү жагын караштырышы ыктымал. Саясий күрөш жүрүп жаткан маалда бийлик үчүн кармаш жүрөт, эгер мамлекет өзү обьект болуп, ал кулай турган болсо, бийлик эч кимге тийбей калат. Мындан улам президент башкалар менен тил табышып, мамлекетти сактап калууну ойлоп жатат, башка жол жок.

Садыр Жапаров азыр бардык оппозицияны камап салды. Тилекке каршы, мамлекет азыр - бийлик. Бийлик элден алыстап кетти. Ошондуктан азыр ал эл менен бийликти жакындатуу жолдорун издеп жатат. Бул үчүн ага оппоненттери керек. Мисалы, Францияда дагы мамлекеттүүлүк маселесине келгенде алардын президенттеринин кеңеши бар. Мурдагы президенттер кеңеш берүүчү, күчтүү эксперттик орган болуп саналат. Ал Сенаттан дагы, Жогорку палатадан да өйдө турат. Анткени мурда бийликте болгон адамдар коркунучтардын төркүнүн жакшы түшүнүшөт.

Кеп мына ушунда, болбосо башка учурда бул адамдар бири-бирине оппоненттер. Курманбек Бакиев көп адамды жок кылганы реалдуу окуя. Менимче, анын кылмыш иштери бул макулдашууга карабай каралат. Бул жолугушуунун себеби Бакиев деп айтууга болбойт. Эгер анын маселеси турганда Жапаров аны менен көзмө-көз эле чечмек.

Азырынча, Садыр Жапаров бардык конфликттерди өчүрүп, бардыгын мамлекеттин айланасында чогултууну көздөп жатат. Азыр анын позициясы анча күчтүү эмес, ал каалаган учурда бийлигин жоготуп алышы да ыктымал.

Ошол эле учурда бул жолугушуудан конкреттүү жыйынтык күтө албайм, анткени пикир келишпестиктер абдан чоң. Кыска, 2-3 айга бир макулдашуулар, келишүүлөр болот.

Бүгүнкү күндө Борбор Азия мамлекеттери башынан кечирип жаткан процесстер бири-бирине абдан окшош. Азыр ар бири мухитте өз алдынча сүзүп баратат. Алдыдагы алты ай аралыгында аймакта чоң өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Эгер Орусия согушта чындап эле артка чегинсе, Борбор Азияда чоң өзгөрүүлөр болот.

Орусия - Борбор Азия: геосаясат, коопсуздук, экономика
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:05 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG