Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:46

Борбор Азия: жаңы президенттер үчүн өзгөргөн Баш мыйзам


Касым-Жоомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Садыр Жапаров, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда. Кыргызстан, Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденция. 2022-жыл, 21-июль.
Касым-Жоомарт Токаев, Эмомали Рахмон, Садыр Жапаров, Сердар Бердымухамедов жана Шавкат Мирзиёев Борбор Азия мамлекет башчыларынын Төртүнчү консультативдик жолугушуусунда. Кыргызстан, Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденция. 2022-жыл, 21-июль.

Түркмөнстандын кош палаталуу парламенти эки жыл гана жашады. Экс-президент жана иш жүзүндө өлкөнү башкарып жаткан Гурбангулы Бердымухамедов бир палатаны таркатып, экинчисин бийликтин бирден бир жогорку органына – Элдик Кеңешке айлантууну сунуш кылды. Бул аймактагы башчылар өз бийлигин сактап калып, күчтөндүрүү үчүн колдонуп келген белгилүү ыкмалардын бири.

2020-жылы Түркмөнстандын мыйзам чыгаруу жыйынынын жогорку палатасынын түзүлгөндүгүн жарыялаган ошол кездеги президент Гурбангулы Бердымухамедов мунун максаты “түркмөн элинин бактылуу жашоосу” экендигин айткан. Президенттик тизгинди уулу Сердар Бердымухамедовго өткөрүп бергенде, ал өзү Халк Маслахаты (Элдик Кеңеш) деп аталган жаңы органдын төрагасы болуп алган эле.

Дүйнөдөгү эң өкүмчүл өлкөлөрдүн бири болгон бул мамлекетте эки жылдай созулган кош палаталуу парламент түзүү эксперименти аяктады – төмөнкүсү жоюлуп, ал эми Элдик Кеңеш, мамлекеттик маалымат каражаттарында айтылгандай, өкмөттөгү “эң жогорку бийлик органы” болуп өзгөртүлөт.

Бийликтин мыйзам чыгаруу бутагын жана Конституцияны каалагандай калчоо Борбор Азияда адатка айланды. Бул аймактагы бардык өлкөлөрдүн башчылары өз бийлигин узак мөөнөткө сактап калуу амалын издеп жатышат.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөнү иш жүзүндө башкарып турган Гурбангулы Бердымухамедовдун портретинин алдында.
Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өлкөнү иш жүзүндө башкарып турган Гурбангулы Бердымухамедовдун портретинин алдында.

Сердар Бердымухамедов өкмөттүн түзүм өзгөртүү боюнча отурумун 21-январда өткөрүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Анда президенттин кеңсесин Гурбангулы Бердымухамедов башкарган Элдик кеңешке өткөрүп берүү маселеси чечилет.

Түркмөнстандык саясий талдоочу Күмүш Байриева “Азаттыкка” бул сунуш “парламенттин жогорку палатасынын төрагасы болуу менен эле чектелгиси келбеген Гурбангулы Бердымухамедовдун ашынган дымагын чагылдырат" деп айтты.

“Эми ал "улуттун рухий лидери" болуп, жаңыча түзүлө турган Халк маслахаты аркылуу бийликтин бардык бутактарын катуу көзөмөлдөп турмакчы”, – дейт Байриева.

Бешпи, жетиби – айырмасы жок болуп калды

Эгерде быйыл жазында Түркмөнстандын кошунасы Өзбекстанда күтүлгөндөй конституциялык өзгөртүүлөр кабыл алынса, анда чөлкөмдөгү беш өлкөнүн төртөөндө (Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстанда) президенттер жети жылдык мөөнөткө ээ болуп калат.

Ташкент менен Астанада көзкарандысыздык доорунда президенттик мөөнөт бирде беш, бирде жети жыл болуп өзгөртүлүп келди. Бул эки өлкөнүн шайлоодо утулуп калуу мүмкүнчүлүгүнөн сактанган биринчи президенттери Ислам Каримов жана Нурсултан Назарбаевдин ыктыяры менен болду.

Өзбекстан 2011-жылы беш жылдык мөөнөткө кайтып келүүнү чечкенде, өлкөнүн Сенаты бул өзгөрүү Каримовдун “демократиялык реформаларды тереңдетүү жана жарандык коомду түзүү” деген ураанын жактаган азыркы президенттин концепциясына дал келет деп билдирген эле.

Эми Шавкат Мирзиёевге кеңешчи болуп калгандар жети жылдык мөөнөткө кайтуу зарылдыгын кандайча түшүндүрүүдө? Албетте, “элдин өтүнүчү” ушундай деп айтып жатышат.

Мирзиёев президенттик мөөнөттү жети жылга узартуу үчүн Конституцияны кайра жаздырууга ниеттенүүдө. Буга “элден түшкөн кайрылуулар” шылтоо болууда.
Мирзиёев президенттик мөөнөттү жети жылга узартуу үчүн Конституцияны кайра жаздырууга ниеттенүүдө. Буга “элден түшкөн кайрылуулар” шылтоо болууда.

Өткөн жылды жыйынтыктаган сөзүндө Мирзиёев “биздин жарандар айткан бардык сунуштар жана каалоолор келерки жылы референдумга сунушталган Конституциянын жаңы долбоорунда эске алынат” деп айтты.

Былтыр жай айларында “Азаттыктын” өзбек кызматынын кабарчылары Ташкенттин жанындагы шаарчадагы заводдун жумушчулары менен жолуккн эле. Алар бизди жетекчилерибиз Конституциянын долбоорун иштеп чыккан депутаттарга жибериле турган катка кол коюуга мажбур кылышты деп айткан болчу.

“Азаттыктын” кабарчылары окуп көргөн катта кол койгон жумушчулар Өзбекстанда “жүргүзүлүп жаткан реформаларга абдан ыраазы” экендиги, ошондуктан президенттин ыйгарым укук мөөнөтүн жети жылга узартууну “же мамлекет башчысын өмүр бою президент кылып шайлоону” сунуштагандыгы айтылат.

Өзбекстандын Конституциялык комиссиясына 2022-жылдын 1-августуна чейин Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча 117 357 сунуш түшкөн.

Жогорку депутаттардын бири Конституцияны өзгөрткөндө Мирзиёевге президенттик кызматта турган мөөнөттү кайрадан баштап, үчүнчү мөөнөткө да шайлануу мүмкүнчүлүгүн берет деди. Бул айла-амалды маркум Каримов эпчилдик менен колдонуп келген эле.

2010-жылдагы Кыргызстандагы конституциялык реформа Борбордук Азия үчүн өзгөчө болгон. Себеби долбоор өлкөдө туруктуу иштеген президент жок учурда кабыл алынган.

Мурунку эки президент кызмат абалын өздөрүнүн үй-бүлөсүн байытуу үчүн кыянат пайдалангандыктан, ошол жылы президенттин бийлиги кыйла чектелип, парламент жана премьер-министр кошумча ыйгарым укуктарга ээ болушту.

Бирок жаңы парламент көпчүлүктүн көңүлүн калтырды. Аны "коомдогу кайсыл бир катмардын гана кызыкчылыктарын коргоп жатат", "акчасы көптөр шайлоо өнөктүгүн каржылап, кызмат орундарын сатып алууга жетишти" деп сындашты.

Кыргызстандын ошол кездеги жаңы президенти Алмазбек Атамбаев коопсуздук кызматтарын көзөмөлдөгөндүктөн, бара-бара парламентти өз эркине баш ийдирүүнүн айласын тапты.

Ошентсе да, Атамбаевдин бийлиги дагы эле чектелип турду. Мисалы, кайра шайланууга укуксуз болчу. Ошондуктан 2017-жылы мөөнөтү бүткөндөн кийин кызматтан кетти.

Аралаш система Садыр Жапаровдун жаңы саясий толкундоолордун деми менен бийликке келишине тоскоолдук кыла алган жок.

Түрмөдөн чыгып, жактоочуларынын сүрөөнү менен президенттик кызматка жеткен Жапаров коррупцияны түп-тамырынан жок кылуу жана мамлекет башчысы өкмөттү башкаруу үчүн акыркы жоопкерчиликти өзүнө алган системаны түзүү максатында Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүү өтө зарыл деген эле.

Ошентип 2021-жылы референдумда жаңы Баш мыйзам кабыл алынды. Парламент өкмөттүн курамын бекитүү жана кызматтан кетирүү укугунан баш тарткандыктан сын пикирдегилер муну “ханституция” деп атап койгон эле.

Жаңы Конституция учурдагы президенттин экинчи мөөнөткө талапкерлигин коюу укугун да калыбына келтирди.

Өзгөчө кишилер үчүн артыкчылыктарбы?

Бердымухамедовдун Түркмөнстанда жүргүзгөн өкмөттүк реформа боюнча Конституцияга ал үчүн жаңы артыкчылыктар киргизилиши толук ыктымал. Анын абалы бийлигин мураскерине калтырууну мерчемдеп жатат деп айтылган, Борбордук Азиядагы дагы бир таасирдүү адам болгон Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондукуна окшошуп калышы мүмкүн.

2016-жылы Тажикстандын Конституциясына киргизилген өзгөртүүлөрдүн аркасында Рахмон мындан ары президент эле эмес, “тынчтыктын жана улуттук биримдиктин түптөөчүсү – улуттун лидери” да болуп калды.

Бул наам Рахмон менен анын туугандарын куугунтуктоодон өмүр бою коргоп, ага атүгүл расмий кызматтарды ээлебей калган кезде деле өкмөттүн чечимдерин кабыл алуу же четке кагуу укугун да берет.

Рахмондун 35 жаштагы уулу Рустам Эмомали жакын арада президенттик кызматка туруп калышы ыктымал. Бирок конституциялык өзгөртүүлөр канчалык ишеничтүү болот? Бийликтеги адамды көзөмөлдөө мүмкүн эместигин эске алганда, күтүүсүз жагдайлар түзүлүп калышы да ыктымал.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон анын уулу Рустам Эмомали (ал президенттик бийликти мурастап калат деп айтылып жүрөт).
Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон анын уулу Рустам Эмомали (ал президенттик бийликти мурастап калат деп айтылып жүрөт).

Былтыркы Январь окуяларына чейин сексен жаштагы Назарбаев да улут лидери – элбашы болгон.

Адегенде күйүүчү майдын кымбатташына каршы нааразычылыктан улам башталган өкмөткө каршы демонстрациялар Казакстанда кулач жайып, 200дөн ашуун адам курман болду.

Назарбаевдин улут лидери макамы жана анын тарапкерлеринин өкмөт курамында болушу биринчи президент 2019-жылы кеткенден кийин анын ордуна турган Касым-Жоомарт Токаевдин бийлигин чектеп турган эле.

Бирок январдагы кан төгүүдөн кийин бийлик үчүн болгон күрөштө Токаев жеңип чыкты да, Назарбаев жана анын туугандары четке сүрүлүп калды.

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев жана президент Касым-Жоомарт Токаев Нооруз жарманкесинде бата берип жатышат. 2019-жыл, 21-март, Астана. (Үч жылдан кийин Токаев Назарбаевдин “элбашылык” макамын жоюп салды).
Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаев жана президент Касым-Жоомарт Токаев Нооруз жарманкесинде бата берип жатышат. 2019-жыл, 21-март, Астана. (Үч жылдан кийин Токаев Назарбаевдин “элбашылык” макамын жоюп салды).

Конституцияны өзгөртүү үчүн Токаевдин демилгеси менен июнь айында өткөрүлгөн референдумдун жыйынтыгында “элбашы” жөнүндөгү сөздөрдүн баары Баш мыйзамдан алып салынды да, бул наамдын ээсине берилген укуктук жана саясий артыкчылыктар жөнүндөгү мыйзам ушул айдын башында парламент тарабынан жараксыз деп табылды.

Бул Назарбаевдин мыйзам боюнча өзгөчө корголуп келген жакын туугандары үчүн өтө жаман жаңылык.

Бирок Назарбаев өзү дагы эле мурдагы президенттердин укуктарын жөнгө салган атайын мыйзамдын негизинде отуз жылдык башкаруусунда болгон бардык (мамлекеттик чыккынчылыктан башка) кылмыштары үчүн жоопко тартылбайт.

Ал эми өзүнүн elbasy.kz. сайтында дагы эле “элбашы” деп жазылып турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG