Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:59

Борбор Азия: Бээжин түркмөн газынын импортун көбөйтөбү?


Сердар Бердымухамедов жана Си Цзинпин. Бээжин. 6-январь. 2023-жыл.
Сердар Бердымухамедов жана Си Цзинпин. Бээжин. 6-январь. 2023-жыл.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов бийлик башына келгенден бери биринчи жолу Кытайга барды. Жолугушууда Кытайдын лидери Си Цзинпин жаратылыш газ тармагындагы кызматташтыкты "кытай-түркмөн алакасынын өзөгү" деп мүнөздөдү. Түркмөнстан бул өлкөгө газды Борбор Азия аркылуу өткөн газ куурлары аркылуу экспорттоп келет. Буга чейин Бишкек менен Бээжин түркмөн газын Кытайга Кыргызстан аркылуу да ташууну макулдашкан.

Болочокто Кытайдын көгүлтүр отунга муктаждыгы өсөт деген божомолдордон улам эксперттер Бээжин түркмөн газын көбүрөөк сатып ала баштайт деп боолгоп жатышат.

5-6-январдагы сапардын жүрүшүндө Бээжин менен Ашхабаддын ортосунда энергетика тармагында кызматташтыкты күчөтүү маселесине өзгөчө көңүл бурулганы кабарланды.

Сердар Бердымухамедов менен Кытайдын лидери Си Цзинпиндин Бээжиндеги жолугушуусунда энергетика, соода жана айыл-чарба багытында кызматташтык талкууланганы расмий жарыяланды.

Түркмөнстан көгүлтүр отундун кору боюнча дүйнөдө төртүнчү орунда турат. Соңку жылдары Ашхабад Кытайга көбүрөөк газ экспорттой баштады.

Бердымухамедовдун Бээжин сапарында энергетика тармагында кандай макулдашуу болгону азырынча белгисиз. Бирок "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун баяндамачысы Рид Стэндиш сүйлөшүүлөрдө газ соодасына өзгөчө көңүл бурулганынан күмөн санабайт.

"Менин оюмча бул маанилүү сапар. Анткени бул Сердар Бердымухамедов президент болгондон кийинки Кытайдагы биринчи сапары. Албетте, ал Си Цзинпин менен буга чейин ар кандай саммиттерде бетме-бет жолуккан. Ошондой эле президент болгонго чейин Кытайга барган түркмөн делегациясынын курамында жүргөн. Бул сапар түркмөн-кытай мамилесинин мындан ары өнүктүрүүнү пландаштыруу жагынан маанилүү. Кытай менен Түркмөнстандын ортосундагы ымалада үстөмдүк кылган негизги фактор - бул энергетика, өзгөчө жаратылыш газы".

Кытайдагы Ланчжоу университетинин окутуучусу Ван Сихай да жергиликтүү CGTN телеканалына курган маегинде «келечекте Бээжиндин көгүлтүр отунга муктаждыгы өсө турганын» боолгоду:

"Биздин Түркмөнстан менен энергетика жаатындагы, өзгөчө газ тармагындагы кызматташуубуз абдан кеңири. Бул узак мөөнөттүү, көп кырдуу жана татаал жараян. Бир сөз менен айтканда, стратегиялык объектилердин бүтүндөй бир топтому жөнүндө сөз болуп жатат. Кытайдын экономикасы тездик менен өнүгүп жатат, андыктан бизге сырттан жаратылыш газы абдан зарыл. Эми Кытай көгүлтүр отунду ири өлчөмдө импорттой баштайт, анткени бизге узак мөөнөттүү кызматташтык керек", - деди кытайлык серепчи.

Түркмөнстандын расмий басылмалары Кытайдын Бажы башкармалыгына шилтеме жасап кабарлашкандай, акыркы 11 айдын ичинде Кытай Түркмөнстандан 9 миллиард 280 миллион долларга көгүлтүр отун сатып алган. Түркмөнстан бул өлкөгө газды Борбор Азия аркылуу өткөн газ куурлары аркылуу экспорттоп жатат.

2013-жылдын сентябрь айында Бишкек менен Бээжин түркмөн газын Кытайга Кыргызстан аркылуу да ташуу тууралуу макулдашкан. Анда газ кууру жалпы миң чакырымдай болору, анын 400 чакырымы Тажикстандын, 224 чакырымы Кыргызстандын Чоң-Алай району аркылуу өтөрү кабарланган.

Былтыр ноябрда Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Түркмөнстандан Тажикстан жана Кыргызстан аркылуу Кытайга газ куурун салуу иши баштала электигин айткан.

Түркмөнстандын негизги кирешеси энергия экспортунан түшөт. Түркмөнстан-Кытай газ кууру 2009-жылы ишке киргизилген. Бээжин менен түзүлгөн энергетикалык кызматташтык Түркмөнстандын газ экспортун диверсификациялоого мүмкүнчүлүк берген. 2016-жылы түркмөн газынын негизги кардары Орусия, кийин Иран да Ашхабаддан газ сатып алууну убактылуу токтоткону белгилүү. Бул жагдай Түркмөнстандагы бир нече жыл мурдагы экономикалык каатчылыктын себептеринин бири катары каралып жүрөт.

Орусия 2019-жылы Түркмөнстан менен газ келишимин жаңырткан. Бирок мурдагыга салыштырмалуу азыраак өлчөмдө газ алып жатат. Натыйжада Кытай түркмөн газынын негизги кардарына айланууда.

Кытайдын газга, Түркмөнстандын кардарга муктаждыгы эки авторитардык өлкөнү дагы жакындан кызматташууга түртүп жатат.

Бээжин менен Ашхабад 2013-жылдын сентябрында стратегиялык өнөктөштүк тууралуу декларацияга кол койгон. Түркмөнстан Кытай үчүн стратегиялык мааниге ээ "Бир алкак - бир жол" демилгесине да жигердүү колдоо көрсөтүп келет.

Соңку статистика эки өлкөнүн соода алакасында да өсүш бар экенин көрсөтүүдө. Былтыр январь-ноябрь айларында эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмү 10 миллиард доллардан ашкан. Бул былтыркыга салыштырмалуу 53% көп.

Кытай түркмөн газына кызыккан жалгыз өлкө эмес. 14-декабрда Аваза шаарында Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттери катышкан саммитте түркмөн газын Азербайжан жана Түркия аркылуу Европага сатуу маселеси талкууланганы кабарланган. Тараптар бул планды ишке ашыруу үчүн атайын жумушчу топ түзгөнү белгилүү болгон. Азырынча Түркия алга сүрөгөнү айтылган бул долбоор качан ишке ашары белгисиз.

Муну менен катар былтыр Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашууга жетишкен. Натыйжада, эки өлкөнүн ортосунда 30 жылга созулган тирешке чекит коюлган.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG