Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:28

Авазадагы саммит: түркмөн газын Европага сатуу дымагы


Газ түтүгүнүн жанындагы түркмөн бала. Архив сүрөт.
Газ түтүгүнүн жанындагы түркмөн бала. Архив сүрөт.

14-декабрда Аваза шаарында Түркмөнстан, Азербайжан жана Түркиянын президенттери катышкан саммит өттү.

Шаршембиде Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган жана Азербайжандын президенти Илхам Алиев Түркмөнстандын Аваза шаарына келди. Алар түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов менен сүйлөшүүлөрүндө түркмөн газын Азербайжан жана Түркия аркылуу Европага сатуу маселеси талкуулады.

Бул демилгени президент Эрдоган көтөрүп, "биз түркмөн газын ташуу ишин чукул баштообуз керек" деди.

"Учурда дүйнөдө, айрыкча Европада энергетикалык коопсуздук өтө маанилүү болуп турат. Түркия бул багытта көптөн бери иш алып барууда. Баку-Тбилиси-Жейхан мунай кууру жана "Түштүк газ коридору" маанилүү долбоорлор. Транс-Анадолу газ кууру менен Каспий газын Европага ташып жатабыз. Эми биз түркмөн жаратылыш газын да Европага ушундай жол менен жеткирүү боюнча ишти баштообуз абзел".

Авазадагы саммитте Түркия, Түркмөнстан жана Азербайжандын ортосунда соода, экономика, билим берүү жана энергетика боюнча эң маанилүү беш келишимге кол коюлду.

Эрдоган ошондой эле президент Сердар Бердымухамедов менен жолугушууда, үч өлкөнүн ортосундагы экономикалык алаканын өнүгүүсү үчүн жарандарга визасыз каттоого мүмкүнчүлүк түзүүнү сунуштады.

Азербайжандын президенти Илхам Алиев, түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. 14-декабрь, 2022-жыл.
Азербайжандын президенти Илхам Алиев, түркмөн президенти Сердар Бердымухамедов жана Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган. 14-декабрь, 2022-жыл.

Эске сала кетсек, быйыл сентябрда Түркмөнстандын бийлиги Түркиядан түркмөн жарандары үчүн виза режимин киргизүүнү суранган. Бул чечимди Анкара колдоп берген. Ага чейин Түркмөнстандын жарандары Түркияга визасыз эле кирип, өлкөдө 30 күнгө чейин жүрө алчу.

Ал эми Авазада талкууланган газ маселесинин төркүнү түркиялык аткаминерлердин июлдагы Ашхабадга сапарында белгилүү болду. Анда президент Сердар Бердымухамедов менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында түркмөн газын Түркияга жеткирүүнүн үч альтернативдүү варианты каралган.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Анкара суюлтулган түркмөн газын танкерлер менен Азербайжанга жеткирүүгө кызыкдар экени кабарланган. Түркия бул демилгесин Украинадагы согуштан улам европалыктар орус газынан баш тартууга аракет кылып, альтернативдүү жолдорду издеп жаткан учурда көтөрүүдө. Бирок бул сунуштун экономикалык пайдасы боюнча пикирлер эки ача.

Ал эми Энергетика коопсуздугу боюнча британиялык эксперт Жон Робертс 12-декабрда “Азаттык” радиосунун түркмөн кызматына берген маегинде, көгүлтүр отунду Каспий деңизи аркылуу Азербайжанга танкерлер менен ташуунун кирешелүүлүгү өтө күмөн экенин баса белгилеген.

"Техникалык жактан алып караганда, Түркмөнстандан Азербайжанга деңиз аркылуу газ ташып, ал жактан Түштүк коридор аркылуу жеткирүүгө болот. Бирок коммерциялык жактан, анын мааниси жок. Мунун эки себеби бар. Биринчиден, бул анын баасы. 2010-жылы Эл аралык энергетикалык агенттик газды деңиз аркылуу ташуу куурга караганда эки эсе кымбат деген бүтүм чыгарган. Анан мен бул маселени айрым компаниялар менен талкууладым. Алар мага газды танкерлер менен ташууга караганда түтүк менен ташуу төрт эсе арзан экенин айтышты".

Былтыр Азербайжан менен Түркмөнстан Каспий деңизиндеги мунай кендерин иштетүү жөнүндө макулдашууга жетишкен. Натыйжада, эки өлкөнүн ортосунда 30 жылга созулган тирешке акыры чекит коюлган.

Анда Түркмөнстандын ошол кездеги президенти Гурбангулы Бердымухамедов менен Азербайжандын лидери Илхам Алиев Достлук кенин иштетүү боюнча түшүнүшүү меморандумуна кол коюшкан.

Каспийдин жээгиндеги эки өлкөнүн мамилеси 2003-жылы Азербайжандын мурдагы лидери Гейдар Алиев жана 2006-жылы түркмөнбашы Сапармурат Ниязов каза болгондон кийин жакшыра баштаган. 2009-жылы Бердымухамедов эл аралык сотко кайрылып, Чираг жана Азери кендерине көзөмөл кылууну түркмөндөргө берүүнү өтүнгөн.

Ал эми Түркмөнстан дүйнөдө жаратылыш газынын кору боюнча төртүнчү орунда турат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG